Difference between revisions of "АБШЫР-САЙ (суу)"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБШЫР-САЙ''' иран тилдеринде: 1) об/аб - суу, шир - сүт, кырг.- сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай. Ош обл-ндагы суу. Кара-Дарыянын алабында. Уз. 62 км, алабынын аянты 230 км''<sup>2</sup>.'' Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыш-нан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгын-Сай аталат. Ортонку агымында Абшыр-Сай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан ж. б. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орт. чыгымы 1,68 ''м<sup>3</sup>/сек;'' эң көбү – 13,0 ''м<sup>3</sup>/сек, ''эң азы 0,51 ''м<sup>3</sup>/сек.'' Сугатка пайдалангандыктан Кара-Дарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыш. жайгашкан.<br>
'''АБШЫР-САЙ''' иран тилдеринде: 1) об/аб суу, шир сүт, кыргызча – сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай. Ош облусундагы суу. Кара-Дарыянын алабында. Узундугу 62 км, алабынын аянты 230 км''<sup>2</sup>.'' Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыштагынан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгын-Сай аталат. Ортоңку агымында Абшыр-Сай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан ж. б. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,68 ''м<sup>3</sup>/сек;'' эң көбү – 13,0 ''м<sup>3</sup>/сек, ''эң азы 0,51 ''м<sup>3</sup>/сек.'' Сугатка пайдалангандыктан, Кара-Дарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыштактары жайгашкан.<br>
[[Категория:1-Том]]

16:40, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБШЫР-САЙ иран тилдеринде: 1) об/аб – суу, шир – сүт, кыргызча – сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай. Ош облусундагы суу. Кара-Дарыянын алабында. Узундугу 62 км, алабынын аянты 230 км2. Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш жана терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыштагынан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгын-Сай аталат. Ортоңку агымында Абшыр-Сай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан ж. б. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,68 м3/сек; эң көбү – 13,0 м3/сек, эң азы 0,51 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан, Кара-Дарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыштактары жайгашкан.