Difference between revisions of "АБУЛХАЙР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Tag: Removed redirect
м (→‎top: clean up)
 
(7 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБУЛХАЙР''' [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412– 68)] — өзбек хандыгынын ханы (1428—68). ''Жучунун'' урпагы, Шейбанинин кичүү баласы Дөөлөт Шайыктын уулу. 15-к-дын 1-жарымында Чыгыш ДаштКыпчактын аймагындагы ич ара согуштардан кийин 1428–29-ж. Тура обл-нун (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда көпчүлүк уруулардын башкаруучу төбөлдөрүнүн колдоосу м-н 17 жашында хан жарыяланып бийликке келген. 15-дын 40-ж-нан гана ал мурдагы Ордо Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш ж-а түн.-батыш Балхаш бойлоруна чейинки чөлкөмдөрдү баш ийдирүү м-н ээликтерин кеңейткен. А. тышкы саясатында төмөнкү Сыр-Дарыянын ж-а Арал бойлорундагы кышкы жайыттарды ээлеп, андан ары Түркстандын шаарларына чыгуу м-н өз мамлекетин чыңдоону көздөгөн. 1431-ж. ал Тука-Тимурдун урпактарынын улусуна кирген Сыр-Дарыянын төмөнкү агымын ж-а Арал бойлорун каратып алган. Талаа аймактарында бийлигин бекемдегенден кийин А. көчмөн төбөлдөрдүн колдоосуна таянып, түш. аймактарга жортуул жасай баштаган. 1430-ж. ал кыска мөөнөт Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө ж-а Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара ш-на жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, аларды эмирлерине ж-а султандарына башкарууга бөлүп берген. Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан м-н түздөн-түз жакындашып калган ж-а чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. А-дын Моголстанга жасаган жортуулдарынын бири 1451-ж. 22-апрелде аяктаган. Сыр-Дарыя ш-н басып алуудагы ийгиликтери жерг. касташкан төбөлдөрдүн А. м-н мамиле түзүшүнө алып келген. Ал тимуриддердин бири Абу Саиддин Самарканддагы бийликти басып алышына көмөк көргөзгөн. Аталган аймактарда анын ээлик кылышы Шейбани м-н Ордо улусунун ортосундагы касташууларды тереңдеткен, тагыраак айтканда, Сыр-Дарыянын бойлорунда ж-а Кара-Тоо аймактарында көчүп-конгон Жаныбек м-н Гирейдин кызыкчылыгына анын жүргүзгөн саясаты карама-каршы келген. 1457-ж. А. Көк-Кашандагы (Сыгнактан 5–8 ''км'' түш.-чыгышта) ойроттор м-н салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайши м-н кемсинткен келишим түзүүгө барган ж-а Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин эле Ак Ордо улусунун башкаруучусу Урусхандын урпактары Жаныбек ж-а Гирей А. м-н келише албай Моголстандын чектерине көчүп кетишкен. 1468-ж. А. хан Гирейди ж-а Жаныбекти чаап, Моголстандын жерлерин каратуу, о. эле ойроттордон өч алуу максатында калмактардын ж-а кыргыздардын журтун карай жортуулга аттанган. ''Махмуд ибн Валинин'' маалыматтары б-ча анын аскерлери Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир ж-а Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түн.-чыгышына жеткен. А. кыргыз конуштары аркылуу калмактардын журтуна жетүүнү максат кылган. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде А. каза болгон ж-а анын күчтөрү артка кайткан. А-дын жортуулуна байланышкан бул окуялар 15-к-дын орто чендеринде кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын ырастайт. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 15-к-дын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоонун аймактарында, тагыраак айтканда Беш-Балык ж-а Алмалык ш-нын аралыгында жайгашып, кез-кезде алардын жерлери калмактардын колуна өтүп турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген түрк-монгол уруулары кийинчерээк өзбек ж-а казак элдеринин этникалык калыптанышында маанилүү роль ойногон. А-дын небереси Шейбани хан 16-к-дын башталышында Мавераннахрды башкарып турган тимуриддерден (Султан Бабурдан) бийликти тартып алган ж-а ушул мезгилден О. Азияда көчмөн өзбектердин бийлиги орногон.<br> Ад.: ''Бортольд В. В.'' Абулхайр, соч., т. 2, часть 2, М., 1964; ''Ахмедов Б. А'' Государство кочевых узбеков. М., 1965. <br>                                                        ''Т. Асанов.''
'''АБУЛКАЙЫР, АБУЛХАЙР''' [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412–1468)] — өзбек хандыгынын ханы (1428–1468). Жуучунун (1182/84–1225/27) уулу, Шибан улусунун ханы (1243–1266) Шибандын (Шайбан, Сибан, Сибани) 9-муундагы урпагы Дөөлөт Шайыктын уулу. XIV к. ''Жуучу улусу'' Көк-Ордо (''Алтын-Ордо'') жана Ак-Ордо атанган эки улуска бөлүнүп кеткен. Алтын-Ордону Батый-хан менен Токо Темирдин, ал эми Ак-Ордону Ордо-Эжен (Орду-Ичен) менен Шибандын тукуму бийлеп, иш жүзүндө булар Алтын-Ордого көз каранды болушкан. Тарыхчы ''Абу-л-Гази-хандын'' маалыматына («Түрк элдеринин санжырасы») караганда Шибан (Шайбан) кышында Арал деңизинен Чүй жана Сары-Сууларынын төмөнкү агымында кыштап, жайкысын Жайык (азыркы Урал), Тобол сууларынын айланасын жайлаган. Алтын-Ордонун ханы (1342–1357) Өзбек-хандын (Султан Гийас ад-Дин Мухаммед, 1283–1341) уулу Жаныбектин көзү өткөндөн (1357) кийин так талашуу ого бетер күчөп, тынымсыз ич ара согуштардан улам бул хандык ыдырай баштаган. Мисалы, 1400–1417-жылдардын ичинде Алтын-Ордодо Шадыбек, Пулад-хан, Тимур-хан, Джалал ад- Дин-султан ж. б. сыяктуу 8 хан алмашкан. Ак-Ордо болсо XIV к. 80-жылдарынан тарта Алтын-Ордого анча баш ийбей, өз алдынча Өзбектин улусу (вилайатӨзбек) деп атала баштаган. 1428–29-ж. Тура аймагындагы (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда 17 жаштагы Абулкайыр хан жарыяланган. Ушуну менен ''Дашт-и Кыпчактын'' түндүк, түндүк-чыгышын камтыган көчмөндөрдүн жаңы хандыгы – Өзбек хандыгы пайда болгон. Улустун аталышы «Өзбек хандыгы» аталганы менен анын негизги курамын моңгол (кыят, найман, ойрот), тибет (таңгут), көптөгөн түрк (кушчу, коңурат, уйсун, карлук, кенегес, маңгыт, уйгур, мажар, кыпчак ж.б.) уруулары түзгөн. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген бул моңгол-түрк уруулары өзбек жана казак элдеринин кийинки этникалык калыптанышына өбөлгө болгон деп саналат. XV к. 40-жылдарынан Абулкайыр мурдагы Ордо-Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлорун мекендеген урууларды баш ийдирип, ээлигин кеңейткен. Дашт-и Кыпчак толук каратылгандан кийин түштүк аймактарга жортуул жасап, 1430-ж. кыска мөөнөткө Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. ''Улугбек''тин ''Мавераннахрдын'' түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Анын айланасындагы жерлерди эмир, султандарга бөлүштүрүп, үстүнөн өзү башкарган. Ушундан кийин Өзбек хандыгы Моголстан менен түздөн-түз чектешип калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Сыр-Дарыянын төмөнкү бою хандыкка карагандан кийин кошуна жайгашкан ууру башчылары Абулкайыр менен эсептешип, жакын мамиле түзүүгө аргасыз  кылган. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактын 5–8 ''км'' түштүк-чыгышы) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайша менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада аны менен Алтын-Ордонун акыркы ханы (1423–1426, 1427–1428) ''Барактын'' уулдары, Сыр-Дарыянын бойлорун жана Кара-Тоону жердеп жүргөн бир туугандар ''Жаныбек'' (1428–1480) жана ''Керейдин'' (1424–1474) ортолорунда араздашуу башталган. Алар көп өтпөй Моголстанга караштуу жерлерге көчүп кетишкен. ''Махмуд ибн Валинин'' маалыматы боюнча 1468-ж. Абулкайыр хан Моголстанды каратып, ал экөөнү кармап, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында кыргыздарды аралап, Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына чейин жеткен. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде каза болуп, анын аскер күчтөрү артка кайткан. Абулкайырдын жортуулуна байланышкан бул окуялар XV к. орто чендеринде кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанды кошо мекендеп, Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашканын, ал жерлер кез-кез калмактардын колуна өтүп турганын ырастайт.  


                                                                                                                    <br>
Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Бартольд В. В. Абулхайр, Соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Семенов А.А. К вопросу о происхождении и составе узбеков Шейбани-хана //Труды Академии наук Таджикской ССР. T.XII. Таш., 1953.
 
''Т. Асанов''
 
                                                                                  <br>
[[Категория:1-Том]]

16:39, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБУЛКАЙЫР, АБУЛХАЙР [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412–1468)] — өзбек хандыгынын ханы (1428–1468). Жуучунун (1182/84–1225/27) уулу, Шибан улусунун ханы (1243–1266) Шибандын (Шайбан, Сибан, Сибани) 9-муундагы урпагы Дөөлөт Шайыктын уулу. XIV к. Жуучу улусу Көк-Ордо (Алтын-Ордо) жана Ак-Ордо атанган эки улуска бөлүнүп кеткен. Алтын-Ордону Батый-хан менен Токо Темирдин, ал эми Ак-Ордону Ордо-Эжен (Орду-Ичен) менен Шибандын тукуму бийлеп, иш жүзүндө булар Алтын-Ордого көз каранды болушкан. Тарыхчы Абу-л-Гази-хандын маалыматына («Түрк элдеринин санжырасы») караганда Шибан (Шайбан) кышында Арал деңизинен Чүй жана Сары-Сууларынын төмөнкү агымында кыштап, жайкысын Жайык (азыркы Урал), Тобол сууларынын айланасын жайлаган. Алтын-Ордонун ханы (1342–1357) Өзбек-хандын (Султан Гийас ад-Дин Мухаммед, 1283–1341) уулу Жаныбектин көзү өткөндөн (1357) кийин так талашуу ого бетер күчөп, тынымсыз ич ара согуштардан улам бул хандык ыдырай баштаган. Мисалы, 1400–1417-жылдардын ичинде Алтын-Ордодо Шадыбек, Пулад-хан, Тимур-хан, Джалал ад- Дин-султан ж. б. сыяктуу 8 хан алмашкан. Ак-Ордо болсо XIV к. 80-жылдарынан тарта Алтын-Ордого анча баш ийбей, өз алдынча Өзбектин улусу (вилайат-и Өзбек) деп атала баштаган. 1428–29-ж. Тура аймагындагы (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда 17 жаштагы Абулкайыр хан жарыяланган. Ушуну менен Дашт-и Кыпчактын түндүк, түндүк-чыгышын камтыган көчмөндөрдүн жаңы хандыгы – Өзбек хандыгы пайда болгон. Улустун аталышы «Өзбек хандыгы» аталганы менен анын негизги курамын моңгол (кыят, найман, ойрот), тибет (таңгут), көптөгөн түрк (кушчу, коңурат, уйсун, карлук, кенегес, маңгыт, уйгур, мажар, кыпчак ж.б.) уруулары түзгөн. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген бул моңгол-түрк уруулары өзбек жана казак элдеринин кийинки этникалык калыптанышына өбөлгө болгон деп саналат. XV к. 40-жылдарынан Абулкайыр мурдагы Ордо-Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлорун мекендеген урууларды баш ийдирип, ээлигин кеңейткен. Дашт-и Кыпчак толук каратылгандан кийин түштүк аймактарга жортуул жасап, 1430-ж. кыска мөөнөткө Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Анын айланасындагы жерлерди эмир, султандарга бөлүштүрүп, үстүнөн өзү башкарган. Ушундан кийин Өзбек хандыгы Моголстан менен түздөн-түз чектешип калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Сыр-Дарыянын төмөнкү бою хандыкка карагандан кийин кошуна жайгашкан ууру башчылары Абулкайыр менен эсептешип, жакын мамиле түзүүгө аргасыз  кылган. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактын 5–8 км түштүк-чыгышы) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайша менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада аны менен Алтын-Ордонун акыркы ханы (1423–1426, 1427–1428) Барактын уулдары, Сыр-Дарыянын бойлорун жана Кара-Тоону жердеп жүргөн бир туугандар Жаныбек (1428–1480) жана Керейдин (1424–1474) ортолорунда араздашуу башталган. Алар көп өтпөй Моголстанга караштуу жерлерге көчүп кетишкен. Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча 1468-ж. Абулкайыр хан Моголстанды каратып, ал экөөнү кармап, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында кыргыздарды аралап, Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына чейин жеткен. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде каза болуп, анын аскер күчтөрү артка кайткан. Абулкайырдын жортуулуна байланышкан бул окуялар XV к. орто чендеринде кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанды кошо мекендеп, Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашканын, ал жерлер кез-кез калмактардын колуна өтүп турганын ырастайт.

Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Бартольд В. В. Абулхайр, Соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Семенов А.А. К вопросу о происхождении и составе узбеков Шейбани-хана //Труды Академии наук Таджикской ССР. T.XII. Таш., 1953.

Т. Асанов