Difference between revisions of "АБСТРАКЦИОНИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(8 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБСТРАКЦИОНИЗМ''' ( лат. abstractus - алагдыланган), п р е д м е т с и з и с к у с с т в о - 20-кылымдын көркөм искусствосундагы багыт. Чыгармаларды реалдуу нерсенин сүрөтүн көрүп туруп тартуунун ордуна, сызык, чийим, түстүү так, айкындыктан алагдыланган конфигурация сыяктуу жалаң формалдык элементтер системасы м-н алмаштырган. А. программалык багыт катары 1910-жылдын башында Европанын бир катар өлкөлөрүндө бир учурда пайда болгон. Анын негиз салуучуларына орус сүрөтчүлөрү В. В. Кандинский ж-а К. С. Малевич, голланд Пит Монд риан, француз Робер Делоне, чех Франтишек[[File:АБСТРАКЦИОНЙЗМ (57.png | thumb | Жоан Миро (1893 1983). Шалбаадагы куштардын канат кагышы - музыкадай таасир берет. 1955.]]
'''АБСТРАКЦИОНИ́ЗМ''' ( лат. abstractus - алагдыланган), п р е д м е т с и з   и с к у с с т в о - 20-кылымдын көркөм искусствосундагы багыт. Чыгармаларды реалдуу нерсенин сүрөтүн көрүп туруп тартуунун ордуна, сызык, чийим, түстүү так, айкындыктан алагдыланган конфигурация сыяктуу жалаң формалдык элементтер системасы менен алмаштырган. Абстракционизм программалык багыт катары 1910-жылдын башында Европанын бир катар өлкөлөрүндө бир учурда пайда болгон. Анын негиз салуучуларына орус сүрөтчүлөрү В. В. Кандинский жана К. С. Малевич, голланд Пит Мондриан, француз Робер Делоне, чех Франтишек[[File:АБСТРАКЦИОНЙЗМ (57.png | thumb|Жоан Миро (1893 1983). Шалбаадагы куштардын канат кагышы - музыкадай таасир берет. 1955.]]
Купка кирет. А-ди баштоочулар эреже катары мистикалык идеяларга (а. и. теомофиялык доктриналарга) таянышкан. Алар абстракттуу түзүлүш ыкмасы көзгө көрүнгөн дүйнөнүн өтмө кубулуштарынан билинбеген ички мыйзам-ченемдүүлүктөрдү, баамчыл сезим аркылуу келген маа-
Купка кирет. Абстракционизмди баштоочулар эреже катары мистикалык идеяларга (анын ичинде теомофиялык доктриналарга) таянышкан. Алар абстракттуу түзүлүш ыкмасы көзгө көрүнгөн дүйнөнүн өтмө кубулуштарынан билинбеген ички мыйзам-ченемдүүлүктөрдү, баамчыл сезим аркылуу келген маани-маңыздарды ачып берүүгө умтулушкан. Алгачкы абстракционизм  сүрөтчүлөрү архитектура, дизайн, жасалга колдонмо көркөм искусствосунун заманбап стилинин калыптанышына маанилүү салымдарын кошушкан. Биринчиден, алардын функционалдык форматта кайрылуусу эстетикалык программалардын универсалдуулугу менен түшүндүрүлөт: абстракттуу сүрөт курулуштары космостук аалам түзүлүш структураларынын проекциялары жана дүйнөнүн кынтыксыз жөнгө салынган долбоорлору катары берилген, ал эми тар мааниде адамды курчап турган предметтик жана мейкиндик чөйрөнү уюштуруудагы принциптүү схемалары катары көрсөтүлгөн. Экинчи жагынан, сүрөт тилинин биринчи бирдиктери менен иштөө композициялык принциптер менен форма жасоочу мыйзамдарды издөөгө дем берген жана алар кийин архитектуралык, предметтик формаларда чагылдырылган. Абстракционизм  пайда болгондон баштап, анда 2 сызык аныктала баштаган: биринчиси - көбүнчө так жана туура чийилген конфигурацияларга негизделген геометриялык  абстракция, экинчиси - эркин формадан түзүлгөн композициядагы лирикалык абстракция. Бул формалдуу айырмачылык сүрөтчүлөрдүн дүйнө таанымы менен идеялык көркөм программаларында чагылдырылган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин абстракционизм Түндүк Америка
ни-маңыздарды ачып берүүгө умтулушкан. Ал гачкы А. сүрөтчүлөрү арх-ра, дизайн, жасалгаколдонмо көркөм иск-восунун заманбап стилинин калыптанышына маанилүү салымдарын кошушкан. Биринчиден, алардын функционалдык формата кайрылуусу эстетикалык программалардын универсалдуулугу м-н түшүндүрүлөт: аб стракттуу сүрөт курулуштары космостук аалам түзүлүш структураларынын проекциялары ж-а дүйнөнүн кынтыксыз жөнгө салынган долбоорлору катары берилген, ал эми тар мааниде адамды курчап турган предметтик ж-а мейкиндик чөйрөнү уюштуруудагы принциптүү схемалары катары көрсөтүлгөн. Экинчи жагынан, сүрөт тилинин биринчи бирдиктери м-н иштөө композициялык принциптер м-н форма жасоочу мыйзамдарды издөөгө дем берген ж-а алар кийин арх-ралык, предметтик формаларда чагылдырылган. А. пайда болгондон баштап, анда 2 сызык аныктала баштаган: биринчиси - кө бүнчө так ж-а туура чийилген конфигурацияларга негизделген геом. абстракция, экинчиси - эркин формадан түзүлгөн композициядагы лирикалык абстракция. Бул формалдуу айырмачылык сүрөтчүлөрдүн дүйнө таанымы м-н идеялык көркөм программаларында чагылдырылган.

[[File:АБСТРАКЦИОНЙЗМ (58.png | thumb|Аугуст Мак (Мешаде) Завернинд (1887–1914). Сары күрмөчөн Жак. 1913.]]
дүйнөлүк согуштан кийин А. Түн. Америка
менен Батыш Европа өлкөлөрүнүн көркөм турмушунда үстөмдүк кылуучу агымдардан болгон. Ичинде абстракттуу экспрессионизм, ташизм, иероглифтик абстракционизм агымдары пайда болгон лирикалык абстракциянын формалары көбүрөөк кездешет. Булардын эстетикалык концепциялары өздөрүнүн универсалдык-метафизикалык мүнөзүн жоготкон: абстракттуу форма жаратылыштын тигил же бул көрүнүштөрү менен болгон өз ара катышын гана көрсөтүп калган жана сүрөтчүнүн психикалык абалдарынын тике фиксациясы деп түшүндүрүлгөн. Абстракционизм чыгармачылыкты депрофессионализациялоо коркунучун өз ичине катып турат. Предметсиз композиция көп учурда сырткы дүйнө же таанып билүүнүн мазмуну менен байланышкан бардык ассоциацияларды жокко чыгарган нерсе катары жарыяланат.
''М. Карыбекова.''

[[File:АБСТРАКЦИОНЙЗМ (58.png | thumb | Аугуст Мак (Мешаде) Завернинд (1887–1914). Сары күрмөчөн Жак. 1913.]]
[[Категория:1-Том]]
м-н Батыш Европа өлкөлөрүнүн көркөм турмушунда үстөмдүк кылуучу агымдардан болгон. Ичинде абстракттуу экспрессионизм, ташизм, иероглифтик А. агымдары пайда болгон лирикалык абстракциянын формалары көбүрөөк кез дешет. Булардын эстетикалык концепциялары өздөрүнүн универсалдык-метафизикалык мүнөзүн жоготкон: абстракттуу форма жаратылыштын тигил же бул көрүнүштөрү м-н болгон өз ара катышын гана көрсөтүп калган ж-а сүрөтчүнүн психикалык абалдарынын тике фиксациясы деп түшүндүрүлгөн. А. чыг-ты депрофессионализациялоо коркунучун өз ичине катып ту рат. Предметсиз композиция көп учурда сырткы дүйнө же таанып билүүнүн мазмуну м-н байланышкан бардык ассоциацияларды жокко чыгарган нерсе катары жарыяланат.

''М. Карыбекова.''

16:38, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБСТРАКЦИОНИ́ЗМ ( лат. abstractus - алагдыланган), п р е д м е т с и з и с к у с с т в о - 20-кылымдын көркөм искусствосундагы багыт. Чыгармаларды реалдуу нерсенин сүрөтүн көрүп туруп тартуунун ордуна, сызык, чийим, түстүү так, айкындыктан алагдыланган конфигурация сыяктуу жалаң формалдык элементтер системасы менен алмаштырган. Абстракционизм программалык багыт катары 1910-жылдын башында Европанын бир катар өлкөлөрүндө бир учурда пайда болгон. Анын негиз салуучуларына орус сүрөтчүлөрү В. В. Кандинский жана К. С. Малевич, голланд Пит Мондриан, француз Робер Делоне, чех Франтишек

Жоан Миро (1893 1983). Шалбаадагы куштардын канат кагышы - музыкадай таасир берет. 1955.

Купка кирет. Абстракционизмди баштоочулар эреже катары мистикалык идеяларга (анын ичинде теомофиялык доктриналарга) таянышкан. Алар абстракттуу түзүлүш ыкмасы көзгө көрүнгөн дүйнөнүн өтмө кубулуштарынан билинбеген ички мыйзам-ченемдүүлүктөрдү, баамчыл сезим аркылуу келген маани-маңыздарды ачып берүүгө умтулушкан. Алгачкы абстракционизм сүрөтчүлөрү архитектура, дизайн, жасалга колдонмо көркөм искусствосунун заманбап стилинин калыптанышына маанилүү салымдарын кошушкан. Биринчиден, алардын функционалдык форматта кайрылуусу эстетикалык программалардын универсалдуулугу менен түшүндүрүлөт: абстракттуу сүрөт курулуштары космостук аалам түзүлүш структураларынын проекциялары жана дүйнөнүн кынтыксыз жөнгө салынган долбоорлору катары берилген, ал эми тар мааниде адамды курчап турган предметтик жана мейкиндик чөйрөнү уюштуруудагы принциптүү схемалары катары көрсөтүлгөн. Экинчи жагынан, сүрөт тилинин биринчи бирдиктери менен иштөө композициялык принциптер менен форма жасоочу мыйзамдарды издөөгө дем берген жана алар кийин архитектуралык, предметтик формаларда чагылдырылган. Абстракционизм пайда болгондон баштап, анда 2 сызык аныктала баштаган: биринчиси - көбүнчө так жана туура чийилген конфигурацияларга негизделген геометриялык абстракция, экинчиси - эркин формадан түзүлгөн композициядагы лирикалык абстракция. Бул формалдуу айырмачылык сүрөтчүлөрдүн дүйнө таанымы менен идеялык көркөм программаларында чагылдырылган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин абстракционизм Түндүк Америка

Аугуст Мак (Мешаде) Завернинд (1887–1914). Сары күрмөчөн Жак. 1913.

М. Карыбекова.