Difference between revisions of "АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  Сүйөркул (1898, Талас обл., Талас р-ну, Чоң-Токой айылы – 1959, Талас р-ну, Жаңы-Алыш айылы) – жазма акын. Октябрь рев-ясына чейин Олуя-Ата ш-нда (азыркы Тараз) ж-а Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-ж. сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-ж. чейин мугалим, 1943-45-ж. Магнитогорск металлургия з-дунда жумушчу. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.  
'''АБДЫРАХМАНОВ''' '''Сүйөркул''' (1898-жыл, Талас облусу, Талас району, Чоң-Токой айылы – 1959-жыл, Талас району, Жаңы-Алыш айылы) – жазма акын. Октябрь революциясына чейин Олуя-Ата шаарында (азыркы Тараз) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-жылы сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-жылга чейин мугалим, 1943–1945-жылдары Магнитогорск металлургия заводунда жумушчу болуп эмгектенген. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.
[[Категория:1-Том]]

16:33, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул (1898-жыл, Талас облусу, Талас району, Чоң-Токой айылы – 1959-жыл, Талас району, Жаңы-Алыш айылы) – жазма акын. Октябрь революциясына чейин Олуя-Ата шаарында (азыркы Тараз) жана Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-жылы сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-жылга чейин мугалим, 1943–1945-жылдары Магнитогорск металлургия заводунда жумушчу болуп эмгектенген. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.