Difference between revisions of "АБДЫРАХМАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:


 
.<br>
'''АБДЫРАХМАН''' Кучак уулу (болжолу 1739–20. 6.1789) – элчи; сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус император айымы Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-ж. сапарга аттанып, Омск - Петропавловск - Челябинск - Екатеринбург - Москва - Петербург маршруту б-ча жол кезишкен.1785-ж. 15-мартта Петербург ш-нда Екатерина II элчилерди салтанаттуу кабыл алган. А. Кучак уулу ж-а Шергазы Екатерина IIге  Атаке бийдин атынан жазылган катты, үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин ж-а бир кул тартуулашкан. Катта кыргыз бийинин орус император айымын урматтаары, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин ээн-эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болоору тууралуу айтылган. Екатерина II жооп катары Атаке баатырга 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген, А-га 100 рубль берген. Элчилер кайрадан Москва - Казань - Уфа - Челябинск - Пешан - Петропавловск аркылуу кайтып, 1789-ж. 2-январда Омскиге жетишкен. Бул жерден ал Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым'''»''' деп кат жөнөткөн.  Ал 1789-ж. 20-июнда Петропавловск ш-ндагы мечитте дүйнөдөн кайткан.<br>
[[Категория:1-Том]]

16:33, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

.