Difference between revisions of "АБДЫКАДЫРОВ Жалил"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДЫКАДЫРОВ''' Жалил (1932, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чырак айылы – 1986, Бишкек) – режиссёр, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). 1946-ж. Каракол пед. окуу жайын, 1954-ж. Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн. 195460-ж. Ысык-Көл обл. драма театрында башкы режиссёр,1959-73-ж. Кыргыз мамл.[[File:АБДЫКАДЫРОВ 138.png | thumb | none]]
'''АБДЫКАДЫРОВ''' '''Жалил''' (1932 -жыл, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы – 1986-жыл, Бишкек шаары) – режиссёр, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). 1946-жылы Каракол педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн. 1954–1960-жылы Ысык-Көл облустук драма театрында башкы режиссёр,1959–1973-жылы Кыргыз мамлекеттик[[File:АБДЫКАДЫРОВ 138.png | thumb|none]]
академиялык драма театрында башкы режиссёр, режиссёр-коюучу, 1973–77-ж. Кыргыз телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–80-ж. Нарын музыкалык драма театрында, 1982-84-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссёр-коюучу болуп иштеген. ''А.'' орус, батыш классиктеринин ж-а кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын театрлаштырган: М. Горькийдин («Васса Железнова»), Я. Галандын («Таң алдындагы сүйүү»), Н. Хикметтин («Унутулган адам»), А. Токомбаевдин («Өлбөстүн үрөнү»), Ч. Айтматовдун («Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Жамийла»), Т. Абдумомуновдун («Ашырбай», «Сүйүү жана үмүт»), Ш. Садыбакасовдун («Ак боз ат»), Ж. Абдыкадыровдун («Олжобай менен Кишимжан»), С. Ахмаджан («Келиндер козголоңу») ж. б. 80ден ашык чыгарманы республиканын театрларында койгон. Айрыкча Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» (1965), У. Шекспирдин «Король Лир» (1965), Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмалары Москвада көрсөтүлүп, жогору бааланышы А-дун элдик, эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең чагылдыра билгендигин, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн далилдейт. Ал бир нече пьеса, аңгеме, ырлардын автору ж-а анын көптөгөн адабий котормолору бар. Медалдар м-н сыйланган.
академиялык драма театрында башкы режиссёр, режиссёр-коюучу, 1973–1977-жылы Кыргыз телекөрсөтүү <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> радиоуктуруу комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–1980-жылы Нарын музыкалык драма театрында, 1982–1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссёр-коюучу болуп иштеген. Ж. Абдыкадыров орус, батыш классиктеринин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын театрлаштырган: М. Горькийдин «Васса Железнова», Я. Галандын «Таң алдындагы сүйүү», Н. Хикметтин «Унутулган адам», А. Токомбаевдин «Өлбөстүн үрөнү», Ч. Айтматовдун «Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Жамийла», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Сүйүү жана үмүт», Ш. Садыбакасовдун «Ак боз ат», Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжан», С.Ахмаджандын «Келиндер козголоңу» жана башка 80ден ашык чыгарманы республиканын театрларында койгон. Айрыкча Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» (1965), У.Шекспирдин «Король Лир» (1965), Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмалары Москвада көрсөтүлүп, жогору бааланышы Ж. Абдыкадыровдун элдик, эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең чагылдыра билгендигин, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн далилдейт. Ал бир нече пьеса, аңгеме, ырлардын автору <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> анын көптөгөн адабий котормолору бар. Медалдар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> сыйланган.
[[Категория:1-Том]]

16:31, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДЫКАДЫРОВ Жалил (1932 -жыл, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы – 1986-жыл, Бишкек шаары) – режиссёр, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). 1946-жылы Каракол педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн. 1954–1960-жылы Ысык-Көл облустук драма театрында башкы режиссёр,1959–1973-жылы Кыргыз мамлекеттик

АБДЫКАДЫРОВ 138.png

академиялык драма театрында башкы режиссёр, режиссёр-коюучу, 1973–1977-жылы Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–1980-жылы Нарын музыкалык драма театрында, 1982–1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссёр-коюучу болуп иштеген. Ж. Абдыкадыров орус, батыш классиктеринин жана кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын театрлаштырган: М. Горькийдин «Васса Железнова», Я. Галандын «Таң алдындагы сүйүү», Н. Хикметтин «Унутулган адам», А. Токомбаевдин «Өлбөстүн үрөнү», Ч. Айтматовдун «Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Жамийла», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Сүйүү жана үмүт», Ш. Садыбакасовдун «Ак боз ат», Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжан», С.Ахмаджандын «Келиндер козголоңу» жана башка 80ден ашык чыгарманы республиканын театрларында койгон. Айрыкча Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» (1965), У.Шекспирдин «Король Лир» (1965), Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмалары Москвада көрсөтүлүп, жогору бааланышы Ж. Абдыкадыровдун элдик, эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең чагылдыра билгендигин, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн далилдейт. Ал бир нече пьеса, аңгеме, ырлардын автору жана анын көптөгөн адабий котормолору бар. Медалдар менен сыйланган.