Difference between revisions of "АБДУЛЛА ХАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)

м (→‎top: clean up)

(9 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
II ибн Искандер (болжол м-н 1533–98) – Шейбаниддер династиясынан чык кан өзбек ханы. 1557-ж. Бухараны басып алып, аны Шейбаниддер мамлекети – Бухара хандыгынын борборуна айлантат. 1561-жылдан ата сы Искандер хандын атынан башкарса, атасы көз жумган соң 1583-ж. «Бүткүл өзбек ханы» деген титул кабыл алып, бийлигин жүргүзгөн. А. х. II Бухара хандыгына Фергана, Хорезм, Балх, Ташкент, Бадахшан чөлкөмдөрүн кошуп алат. 1587–88-ж. Ирандын Мерв, Герат, Меш хед, Нишапур ш. (1597-ж. Аббас I кайрадан жеңип алган) ш. м-н бирге Хорасан аймагын тартып алат. Соода, кол өнөрчүлүк м-н алектенгендерге колдоо көрсөткөн. Анын тушунда Бухарадагы Кукелташ медресеси сыяктуу көркөм кооздолгон имараттар арбын курулган. Индия, Түркия ж-а орус өлкөлөрү м-н соода байланыштары күчөгөн. А. х. II дүйнөдөн кайткандан кийин Шейбаниддердин ордуна Аштарханиддер династиясы бийликке келген.

'''АБДУЛЛА''' '''ХАН'''  '''ибн Искандер''' (болжол менен 1534, Бухара хандыгы, Мианкаль, Афаринкент шаары–8. 2. 1598, Бухара хандыгы, Самарканд шаары, сөөгү Бухарага коюлган) – Шейбаниддер династиясынан чыккан өзбек ханы. 1557-жылы  Бухараны басып алып, аны Шейбаниддер мамлекети – Бухара хандыгынын борборуна айлантат. 1561-жылдан атасы Искандер хандын атынан башкарса, атасы көз жумган соң 1583-жылы  «Бүткүл өзбек ханы» деген титул кабыл алып, бийлигин жүргүзгөн. Абдулла хан II Бухара хандыгына Фергана, Хорезм, Балх, Ташкент, Бадахшан чөлкөмдөрүн кошуп алат. 1587–88-жылдары  Ирандын Мерв, Герат, Мешхед, Нишапур шаарларын  (1597-жылы  Аббас I кайрадан жеңип алган) Хорасан аймагын тартып алат. Соода, кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге колдоо көрсөткөн. Анын тушунда Бухарадагы Кукелташ медресеси сыяктуу көркөм кооздолгон имараттар арбын курулган. Индия, Түркия жана орус өлкөлөрү менен соода байланыштары күчөгөн. Абдулла хан II дүйнөдөн кайткандан кийин Шейбаниддердин ордуна Аштарханиддер династиясы бийликке келген.
Ад.: ''Ахмедов Б. А.'' Историко-географическая литература Средней Азии XVI–XVIII вв. Письменные памятники, Таш., 1985.

Ад.: ''Ахмедов Б. А,'' Историко-географическая ли тература Средней Азии XVI–XVIQ вв. Письменные памятники, Таш., 1985.

[[Категория:1-Том]]

16:30, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДУЛЛА ХАН ибн Искандер (болжол менен 1534, Бухара хандыгы, Мианкаль, Афаринкент шаары–8. 2. 1598, Бухара хандыгы, Самарканд шаары, сөөгү Бухарага коюлган) – Шейбаниддер династиясынан чыккан өзбек ханы. 1557-жылы Бухараны басып алып, аны Шейбаниддер мамлекети – Бухара хандыгынын борборуна айлантат. 1561-жылдан атасы Искандер хандын атынан башкарса, атасы көз жумган соң 1583-жылы «Бүткүл өзбек ханы» деген титул кабыл алып, бийлигин жүргүзгөн. Абдулла хан II Бухара хандыгына Фергана, Хорезм, Балх, Ташкент, Бадахшан чөлкөмдөрүн кошуп алат. 1587–88-жылдары Ирандын Мерв, Герат, Мешхед, Нишапур шаарларын (1597-жылы Аббас I кайрадан жеңип алган) Хорасан аймагын тартып алат. Соода, кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге колдоо көрсөткөн. Анын тушунда Бухарадагы Кукелташ медресеси сыяктуу көркөм кооздолгон имараттар арбын курулган. Индия, Түркия жана орус өлкөлөрү менен соода байланыштары күчөгөн. Абдулла хан II дүйнөдөн кайткандан кийин Шейбаниддердин ордуна Аштарханиддер династиясы бийликке келген.
Ад.: Ахмедов Б. А. Историко-географическая литература Средней Азии XVI–XVIII вв. Письменные памятники, Таш., 1985.