Difference between revisions of "АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДИРАИМШАМА,''' Абдираим Шаматов (1892, Баткен обл., Лейлек р-ну – 1953, Тажик Республикасынын Хожент обл.) – жазгыч ж-а төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905-10-ж. Хоженттин Нов ш-ндагы мусулман мектебинен алган. 1913-ж. Хожент ш-ндагы Орус-тузем мектебин бүтүргөн. КРдин УИАнын Кол жазмалар фондунда анын 1916–29-жылга чейин жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. А. жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Ал он эки жылдык өмүрү түрмөдө өткөнүнө, андан кийин «боштондуктагы» 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөгөнүнө карабастан, патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон. Б.Кебекова.<br>
'''АБДИРАИМШАМА,''' '''Абдираим Шаматов''' (1892-жыл, Баткен облусу, Лейлек району – 1953-жыл, Тажик Республикасынын Хожент облусу) – жазгыч <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905–1910-жылдары Хоженттин Нов шаарындагы мусулман мектебинен алган. 1913-жылы Хожент шаарындагы орус-тузем мектебин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Ал он эки жылдык өмүрү түрмөдө өткөнүнө, андан кийин «боштондуктагы» 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөгөнүнө карабастан, патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон.
 
Б.Кебекова.<br>
[[Категория:1-Том]]

16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов (1892-жыл, Баткен облусу, Лейлек району – 1953-жыл, Тажик Республикасынын Хожент облусу) – жазгыч жана төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905–1910-жылдары Хоженттин Нов шаарындагы мусулман мектебинен алган. 1913-жылы Хожент шаарындагы орус-тузем мектебин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Ал он эки жылдык өмүрү түрмөдө өткөнүнө, андан кийин «боштондуктагы» 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөгөнүнө карабастан, патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон.

Б.Кебекова.