Difference between revisions of "АБДЕРА"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (2)) |
м (→top: clean up) |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБДЕРА''' (латынча Abdera) – Грекиядагы (Фракия) шаар. Гераклдын эрдигин даңазалаган мифте 8- | '''АБДЕРА''' (латынча Abdera) – Грекиядагы (Фракия) шаар. Гераклдын эрдигин даңазалаган мифте 8-кылымдан эскерилет. Башка бир маалыматтарда б. з. ч. 7-кылымдарда Клазомендик Тимесий негиздеген деп айтылат. Ал археологиялык маалыматтарда тастыкталган. Мында 6-кылымдын орто ченинде Теос шаарынын тургундары Фракияны перстерден коргоо максатында келип отурукташкан. 454-жылдан Делосс союзуна мүчө. Трибаллдар тарабынан 376-жылы талкаланган. 4-кылымдын орто ченинде македониялык падыша Филлип IIнин аскерлери басып алган. Б. з. ч. 170-жылы 3-Македония согушунда өтө катуу талкаланган. Кийин Рим империясынын курамында. Б. з. ч. 7–8-кылымдарда славяндар менен гректердин салгылашуусунан начарлаган. 19-кылымдан археологиялык изилдөө жүргүзүлүп, 1950-жылдан системалуу археологиялык казуудан шаар дубалдары, мунара, дарбаза, театр жана мончо калдыктары табылган. Мозаика, айкелдер, жазуулар, кооз коллекциялар, жергиликтүү терракот статуэткаларды чыгаруучу өндүрүш, архаика жана классика мезгилине таандык некрополдор сакталган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АБДЕРА (латынча Abdera) – Грекиядагы (Фракия) шаар. Гераклдын эрдигин даңазалаган мифте 8-кылымдан эскерилет. Башка бир маалыматтарда б. з. ч. 7-кылымдарда Клазомендик Тимесий негиздеген деп айтылат. Ал археологиялык маалыматтарда тастыкталган. Мында 6-кылымдын орто ченинде Теос шаарынын тургундары Фракияны перстерден коргоо максатында келип отурукташкан. 454-жылдан Делосс союзуна мүчө. Трибаллдар тарабынан 376-жылы талкаланган. 4-кылымдын орто ченинде македониялык падыша Филлип IIнин аскерлери басып алган. Б. з. ч. 170-жылы 3-Македония согушунда өтө катуу талкаланган. Кийин Рим империясынын курамында. Б. з. ч. 7–8-кылымдарда славяндар менен гректердин салгылашуусунан начарлаган. 19-кылымдан археологиялык изилдөө жүргүзүлүп, 1950-жылдан системалуу археологиялык казуудан шаар дубалдары, мунара, дарбаза, театр жана мончо калдыктары табылган. Мозаика, айкелдер, жазуулар, кооз коллекциялар, жергиликтүү терракот статуэткаларды чыгаруучу өндүрүш, архаика жана классика мезгилине таандык некрополдор сакталган.