Difference between revisions of "АБДАЛЛАХ ИБН АБД-АР РАШЍД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДАЛЛАХ ИБН АБД-АР РАШЍД''', Хафиз-и-А б р у (т. ж. белгисиз – 1430, айрым маалыматтар боюнча 1451) – орто азиялык тарыхчы. Гератта төрөлүп, Хамаданда билим алган. Шахрух <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Улугбектин доорунда хан сарайда кызмат өтөп, ошол мезгилде Мавераннахр, Иран ж-a ага коңшулаш элдердин тарыхы, табияты тууралуу бир катар эмгектерди жараткан. Анын 4 томдон турган «Тарыхтар каймагы» («Зубдет ат-тауарих»), ошондой эле Абу Жафар Мухаммед ат-Табари, Рашид ад-Дин, Низам ад-Дин Шаминин эмгектерин пайдаланып жазган «Жыйнак» («Меджмуйе») аттуу эмгектеринде эмир Темирдин тушундагы аймактагы бийлөөчүлөр, кыпчактардын саясий тарыхы ж. б. тарыхый окуялар жөнүндө баалуу маалыматтар берилген.<br>
'''АБДАЛЛАХ ИБН ЛУТФУЛЛАХ ИБН АБД-АР РАШИД''' '''АЛ-БИХДАДИНИ,''' көбүнчө ''Хафиз-и-Абру'' деген ысымы менен белгилүү (т. ж. белгисиз – 25. 06. 1430, айрым маалыматтарда 1451) – орто азиялык тарыхчы. Гератта төрөлүп, Хамаданда билим алган. Тарыхчы катары ''Шахрух'' менен ''Улугбектин'' кол алдында кызмат кылып, ''Тимурдун'' басып алуучулук айрым жортуулдарына катышкан. Алгач Шахрухтун тапшырмасы менен 1414/15-ж. ''Мавераннахр'', ''Персия'' жанa ага коңшулаш элдердин тарыхы, табияты тууралуу бир катар кыска эмгектерди жазууга киришкен. 1423-ж. Шахрухтун уулу Байсункар (Гияс ад-Дин Байсонкур) үчүн 4 томдон (руб) турган дүйнөлүк тарыхты жазууну баштаган. Ал эмгек кийин «Мажма ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») деген ат менен белгилүү болгон. Биринчи 2 томдугу мусулмандар, пайгамбар жана алгачкы халифтерге, акыркы же 4-тому 1427-ж. чейинки Шахрухтун тарыхына арналып, автор аны атайын «Зубдат ат-таварих-и Байсункари» деп атаган. Хафиз-и-Абру булардан тышкары ''ат-Табари'', ''Рашид ад-Дин'', ''Низам ад-Дин Шами'' ж.б. сыяктуу чыгыш авторлорунун айрым дайынсыз жоголгон эмгектерин пайдаланып, «Мажмуйа» («Жыйнак») аттуу чоң эмгекти жазган. Бул эмгек толук бойдон ''Стамбулда'' сакталып турат. Анда эмир Тимурдун тушундагы бийлөөчүлөр, аймактын саясий абалы, кыпчактар ж. б. тарыхый окуялар тууралуу баалуу маалыматтарды жолуктурууга болот.
 
Ад.: Бартольд В. В.  Хафиз-и Абру и его сочинения. //Соч., Т. VIII. М., 1973.<br>
[[Категория:1-Том]]

16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДАЛЛАХ ИБН ЛУТФУЛЛАХ ИБН АБД-АР РАШИД АЛ-БИХДАДИНИ, көбүнчө Хафиз-и-Абру деген ысымы менен белгилүү (т. ж. белгисиз – 25. 06. 1430, айрым маалыматтарда 1451) – орто азиялык тарыхчы. Гератта төрөлүп, Хамаданда билим алган. Тарыхчы катары Шахрух менен Улугбектин кол алдында кызмат кылып, Тимурдун басып алуучулук айрым жортуулдарына катышкан. Алгач Шахрухтун тапшырмасы менен 1414/15-ж. Мавераннахр, Персия жанa ага коңшулаш элдердин тарыхы, табияты тууралуу бир катар кыска эмгектерди жазууга киришкен. 1423-ж. Шахрухтун уулу Байсункар (Гияс ад-Дин Байсонкур) үчүн 4 томдон (руб) турган дүйнөлүк тарыхты жазууну баштаган. Ал эмгек кийин «Мажма ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») деген ат менен белгилүү болгон. Биринчи 2 томдугу мусулмандар, пайгамбар жана алгачкы халифтерге, акыркы же 4-тому 1427-ж. чейинки Шахрухтун тарыхына арналып, автор аны атайын «Зубдат ат-таварих-и Байсункари» деп атаган. Хафиз-и-Абру булардан тышкары ат-Табари, Рашид ад-Дин, Низам ад-Дин Шами ж.б. сыяктуу чыгыш авторлорунун айрым дайынсыз жоголгон эмгектерин пайдаланып, «Мажмуйа» («Жыйнак») аттуу чоң эмгекти жазган. Бул эмгек толук бойдон Стамбулда сакталып турат. Анда эмир Тимурдун тушундагы бийлөөчүлөр, аймактын саясий абалы, кыпчактар ж. б. тарыхый окуялар тууралуу баалуу маалыматтарды жолуктурууга болот.

Ад.: Бартольд В. В.  Хафиз-и Абру и его сочинения. //Соч., Т. VIII. М., 1973.