Difference between revisions of "АБД АР-РАШИД ХАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана)
м (→‎top: clean up)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБД АР-РАШИД ХАН''', А б д у р а ш и д хан (1509/10, Моголстан – 1559, Хотан) Моголстанды бийлеген хан (1533–59). Чагатай династиясынан чыккан. Султан Саид хандын уулу. Атасынын көзү барында Борб. Теңир-Тоону бийлеген. Ал аймактагы жерг. урууларды башкарууда А-га ''Мухаммед Кыргыз,'' Мырза Али Тагай сыяктуу төбөлдөр жардам беришкен. Алар Моголстан биримдигин калыбына келтирүү максатында, Моголстандын эң алыскы жерлерине чейин барып, чачыранды кыргыз ордолорун чогултушкан. А. а.-Р.х. калмактарга каршы жеңиштүү жүрүш жасап, «Гази» (б. а. капырларга каршы) атка конгон. Атасынын өлүмүнөн кийин (1533) тактыга отуруп, кыска убакытка Жети-Сууда моголдордун бийлигин орноткон. Кыргыздарга жана казактарга каршы күрөшүү үчүн өзбек шейбаниддери менен союз түзгөн. Өзбек шейбаниддерин казактардын кол салуулары тынчсыздандырып турган. Моголдордун жортуулдарынын биринде кыргыз-казактар А-дын уулу Абд-ал-Латиф султанды өлтүрүп салышкан. Өч алуу үчүн ал кыргыз, казак жерлерине баскынчыл жортуулдарды жасап, кан төгүүлөр көп болгон. Ага каршы кыргыздар казак ханы Хакк-Назардын колу менен биригип согушкан. Могол ханы канча ирет жортуулдарды уюштурбасын, кыргыздардын үстүнөн бийлигин орното алган эмес. 1537-ж. казак-кыргыз биргелешкен күчүн кыйроого учураткан. Бирок буга карабастан казактар Ташкентке, кыргыздар Кашкарга коркунуч туудурган.
'''АБД АР-РАШИД ХАН''' '''I Абу-л-Музаффар''', А б д у р а ш и д хан (1509/10, ''Моголстан'' – 1559, Хотан) Моголстандын ханы (1533–1559). Чагатайлар тукумунан, ''Султан Саид'' хандын (1514–1533) уулу, ''Султан-Ахмад'' (Алача) хандын (1485–1504) небереси. Бала чагы Кашкар шаарында өтүп, атасы Султан Саид хан аны тарбиялоону «Тарих-и Рашидинин» автору ''Мухаммед Хайдар'' дуулатка тапшырган. 1521–1522-ж. Султан Саид хан эмирлеринин кеңеши менен ''Мырза Али Тагайды'' башкы эмирликке, ''Мухаммед Кыргызды'' кыргыздардын башчысы кылып дайындап, Моголстанга аттандырган. Натыйжада Мухаммед Кыргыз ал жердеги бардык кыргызды жыйнап, Моголстандын түндүгү баш ийдирилген. Көп узабай, шейбанид жана маңгыт урууларынын тынымсыз кол салышына байланыштуу, Кашкарга кайтууга мажбур болгон. 1523-ж. Аксу аймагынын (азыркы Кытай Эл Республикасында) акими болуп дайындалып, 1532-жылдары атасынын бир тууганы Эмин Кожо султандын көтөрүлүшүн баскан. Тибетке каршы жүрүштөн кайтып келе жаткан жолдо Султан Саид хан көз жуумп (9. 07. 1533), ошол эле жылы 23-июлда Жаркент шаарында Абд Ар-Рашид хандыкка көтөрүлгөн. Ал ички саясатында Мухаммед Кыргыз жана Мырза Али Тагай сыяктуу ж.б. эмирлерге таянып, атасына кызмат кылган дуулаттын айрым эмирлерин куугунтуктоого киришкен. Биринчилерден атасынын башкы кеңешчиси Саййид Мухаммед мырзанын (Мухаммед Хайдардын аталаш агасы) башы кесилип, кыргыздарга тиешелүү бардык маселе Мухаммед кыргызга, ал эми ордодогу бийлик толук бойдон Мырза Али Тагайдын колуна өткөн. Тышкы саясатында өзбек-казактарга каршы мурунку каршылашы өзбек-шейбаниддер (өзгөчө Бухара ханы Убайдуллах жана Ташкентти бийлеп турган Нооруз-Ахмед) менен союз түзгөн. Алар менен бирдикте 1537-ж. Келес суусунун жээгинде казактардын колун жеңип, Борбордук Моголстанды толук караткан. Бирок, кыргыз жана казактардын чабуулу токтогон эмес, хан жүрүшкө чыккан учурларда алар Иле дарыясынын чыгышы – Иртыш дарыясына чейин чегинип кетип, ылайыгы келгенде кайрадан кол салып турушкан. 1553-ж. борбору Аксу болгон Борбордук Моголстанды улуу баласы Абд ал-Латиф-султанга тапшырган. 1555/6-ж. ал ''Акназар хан'' башында турган кыргыз-казактар менен согуштун биринде курман болуп, анын өчүн алуу үчүн Абд ар-Рашид-хан өзбектердин ханы Нооруз-Ахмеддин жардамы менен Ысык-Көлдүн айланасындагы кыргыздарды катуу чапкан. Кыргыздар ага карабай моголдорго каршы күрөшүн уланта берген. Мырза Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» аттуу белгилүү эмгеги дал ушул Абд ар-Рашид-хан I-ге арналган. Абд ар-Рашид-хан I өлгөндө (1559), анын ордун экинчи уулу Абд ал-Керим алып, бир туугандары Курайш-султанга Котонду, Мухаммед-султанга Аксуну, Кашкар менен Жаңы-Гиссарды Сопу-султанга берген. Натыйжада Моголстан ыдырай баштаган.

''Т. Жуманалиев.''
Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. /Пер. с перс. Таш., 1996; Караев О. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Образование кыргызского народа. Б., 1995; Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья, Соч., т. II, ч. 1, М., 1963; Акимушкин О.Ф. К вопросу о внешнеполитических связях Могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI в. – 60-х годах XVIII в. /"Палестинский сборник", 1970, вып. 21, (84).
[[Категория:1-Том]]

16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБД АР-РАШИД ХАН I Абу-л-Музаффар, А б д у р а ш и д хан (1509/10, Моголстан – 1559, Хотан) Моголстандын ханы (1533–1559). Чагатайлар тукумунан, Султан Саид хандын (1514–1533) уулу, Султан-Ахмад (Алача) хандын (1485–1504) небереси. Бала чагы Кашкар шаарында өтүп, атасы Султан Саид хан аны тарбиялоону «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар дуулатка тапшырган. 1521–1522-ж. Султан Саид хан эмирлеринин кеңеши менен Мырза Али Тагайды башкы эмирликке, Мухаммед Кыргызды кыргыздардын башчысы кылып дайындап, Моголстанга аттандырган. Натыйжада Мухаммед Кыргыз ал жердеги бардык кыргызды жыйнап, Моголстандын түндүгү баш ийдирилген. Көп узабай, шейбанид жана маңгыт урууларынын тынымсыз кол салышына байланыштуу, Кашкарга кайтууга мажбур болгон. 1523-ж. Аксу аймагынын (азыркы Кытай Эл Республикасында) акими болуп дайындалып, 1532-жылдары атасынын бир тууганы Эмин Кожо султандын көтөрүлүшүн баскан. Тибетке каршы жүрүштөн кайтып келе жаткан жолдо Султан Саид хан көз жуумп (9. 07. 1533), ошол эле жылы 23-июлда Жаркент шаарында Абд Ар-Рашид хандыкка көтөрүлгөн. Ал ички саясатында Мухаммед Кыргыз жана Мырза Али Тагай сыяктуу ж.б. эмирлерге таянып, атасына кызмат кылган дуулаттын айрым эмирлерин куугунтуктоого киришкен. Биринчилерден атасынын башкы кеңешчиси Саййид Мухаммед мырзанын (Мухаммед Хайдардын аталаш агасы) башы кесилип, кыргыздарга тиешелүү бардык маселе Мухаммед кыргызга, ал эми ордодогу бийлик толук бойдон Мырза Али Тагайдын колуна өткөн. Тышкы саясатында өзбек-казактарга каршы мурунку каршылашы өзбек-шейбаниддер (өзгөчө Бухара ханы Убайдуллах жана Ташкентти бийлеп турган Нооруз-Ахмед) менен союз түзгөн. Алар менен бирдикте 1537-ж. Келес суусунун жээгинде казактардын колун жеңип, Борбордук Моголстанды толук караткан. Бирок, кыргыз жана казактардын чабуулу токтогон эмес, хан жүрүшкө чыккан учурларда алар Иле дарыясынын чыгышы – Иртыш дарыясына чейин чегинип кетип, ылайыгы келгенде кайрадан кол салып турушкан. 1553-ж. борбору Аксу болгон Борбордук Моголстанды улуу баласы Абд ал-Латиф-султанга тапшырган. 1555/6-ж. ал Акназар хан башында турган кыргыз-казактар менен согуштун биринде курман болуп, анын өчүн алуу үчүн Абд ар-Рашид-хан өзбектердин ханы Нооруз-Ахмеддин жардамы менен Ысык-Көлдүн айланасындагы кыргыздарды катуу чапкан. Кыргыздар ага карабай моголдорго каршы күрөшүн уланта берген. Мырза Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» аттуу белгилүү эмгеги дал ушул Абд ар-Рашид-хан I-ге арналган. Абд ар-Рашид-хан I өлгөндө (1559), анын ордун экинчи уулу Абд ал-Керим алып, бир туугандары Курайш-султанга Котонду, Мухаммед-султанга Аксуну, Кашкар менен Жаңы-Гиссарды Сопу-султанга берген. Натыйжада Моголстан ыдырай баштаган.

Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. /Пер. с перс. Таш., 1996; Караев О. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Образование кыргызского народа. Б., 1995; Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья, Соч., т. II, ч. 1, М., 1963; Акимушкин О.Ф. К вопросу о внешнеполитических связях Могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI в. – 60-х годах XVIII в. /"Палестинский сборник", 1970, вып. 21, (84).