Difference between revisions of "АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)

(10 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
, Камал ад-

'''АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ,''' Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганистан, Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканддан болуп, ал Тимурдун тукуму Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кызмат кылган. Aбд ар-Раззак Самарканди атасынын жолун улап, Шахрух жана Абу-Саид султандын (1451–1469) кол алдында иштеген. 1442-жылы Шахрухтун элчилери менен Түштүк Индияга жөнөтүлгөн. 1446–47-жылдары Ирандын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма менен барган. 1463-жылы Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир жанa меценат Мир Алишер ''Навоинин'' колдоосуна ээ болгон. Самарканди 1467–1471-жылдары фарси (перс) тилинде «Матла ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген тарыхый эмгегин жазган. Чыгарма моңгол-татарлардын басып алышынан башталып, 1304-жылы Тимур жана анын тукумдарынын 1471-жылга чейинки тарыхын камтыйт. Ушул мезгилдерге тиешелүү Орто Азия, Иран жанa Афганистандын тарыхын окуп үйрөнүп, изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан болуп эсептелет. Чыгармада Моголстанга жасаган Тимур жанa тимуриддердин жортуулдарына байланыштуу кыргыздар тууралуу эскерүүлөр кезигет. 1969-жылы бул эмгекти А. Урунбаев өзбек тилине которгон.
Дин абд-ар-Раззак ибн Жал ал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганстан, Герат ш. – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Ата сы Маулана Жал ал ад-Дин Исхак Самарканддан болгон, ал Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кади ж-a имам кызматында турган. A. а.-Р. С. атасынын жолун улап, тимуриддердин кызматына өткөн, 1442-ж. Шахрухтун Гераттан чыккан элчилери м-н бирге Түш. Индияга жөнөтүлгөн. 1446–47-ж. Ирандын түн. провинциясы Гиланга элчилик тапшырма м-н барган. 1463-ж. Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир ж-a меценат Мир Алишер ''Навоинин'' колдоосуна ээ болгон. Самарканди «Мат л а ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген фарси тилиндеги тарыхый эмгекти жазган. Чыгармада Абу Саид Хулагуинун ж-a Абу Саид Тимуриддин мезгилдериндеги окуяларды, б. а. 170 жылдык тарыхты камтыган. Анын биринчи ж-a экинчи бөлүгүндөгү 1426–27-ж. чейинки окуяларды баяндоодо Хафиз-и Абрунун эмгегиндеги кабарларды кыскартып берген. «Матла ас-са дайнда» акыркы 45 жылдагы окуя, тактап айтканда Хафиз-и Абру жазган 1426–27-жылдардан кийинки окуяларга автордун өзү күбө болгондугу ж-a катышкандыгы м-н баалуу. О. Азиянын, Ирандын ж-a Афганистандын Тимур ж-a анын урпактарынын учурундагы тарыхын окуп үйрөнүүдө ж-a изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан. Тимур ж-a тимуриддердин Моголстанга жасаган жортуулдарын баяндоодо А. а-Р. С. чыгармаларында Теңир-Тоодогу кыргыздар туура луу эскерет. Анда 14–15-к-дын аралыгында Тимурдун небереси Моголстанга жасаган чабуулун-
да «алмалыктык, хотандык бир канча сулууларын, кыргыздын ж-а бешбалыктык чүрөктөрдү» чоң атасына тартууга жөнөткөнү айтылат. Искендердин чыгышка жасаган жортуулдары Теңир-Тоодон ж-а Чыгыш Түркстандан ашкан эмес. Анын кошуундары Беш-Балык ш-на кол салганда шаардын айланасындагы «кыргыз чүрөктөрүн» туткундаган. Эмгектеги мындай маалыматтар кыргыздардын 14-к-дын аягы 15к-дын баш чендеринде Теңир-Тоо этектери ж-а анын түн. тарабындагы аймактарда байырлаганын ырастайт. ''Т. Асанов.''

Ад.: Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды, Т. II. /Извлечения из персидских сочинений, собранные В. Г. Тизенгаузеном. М.-Л., 1941; Бартольд В. В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии //Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. М., 2002.
''Т. Асанов.''

[[Категория:1-Том]]

16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ, Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганистан, Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканддан болуп, ал Тимурдун тукуму Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кызмат кылган. Aбд ар-Раззак Самарканди атасынын жолун улап, Шахрух жана Абу-Саид султандын (1451–1469) кол алдында иштеген. 1442-жылы Шахрухтун элчилери менен Түштүк Индияга жөнөтүлгөн. 1446–47-жылдары Ирандын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма менен барган. 1463-жылы Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир жанa меценат Мир Алишер Навоинин колдоосуна ээ болгон. Самарканди 1467–1471-жылдары фарси (перс) тилинде «Матла ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген тарыхый эмгегин жазган. Чыгарма моңгол-татарлардын басып алышынан башталып, 1304-жылы Тимур жана анын тукумдарынын 1471-жылга чейинки тарыхын камтыйт. Ушул мезгилдерге тиешелүү Орто Азия, Иран жанa Афганистандын тарыхын окуп үйрөнүп, изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан болуп эсептелет. Чыгармада Моголстанга жасаган Тимур жанa тимуриддердин жортуулдарына байланыштуу кыргыздар тууралуу эскерүүлөр кезигет. 1969-жылы бул эмгекти А. Урунбаев өзбек тилине которгон.

Ад.: Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды, Т. II. /Извлечения из персидских сочинений, собранные В. Г. Тизенгаузеном. М.-Л., 1941; Бартольд В. В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии //Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. М., 2002.

Т. Асанов.