Difference between revisions of "АББАСИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:

'''АББАСИДДЕР'''  – Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-ль-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббас активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөнү менен 751-жылы алардын аскери Таластын жанында Кытайлар менен болгон салгылашта кытайлардын батышка карата  экспансиясын токтотууга жетишкен. Аббасиддер  халифаты Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), анын борбору ал-Момун тарабынан негизделген Багдад шаары болуп калган. Аббасиддер халифаты Түндүк  Африкадан Амур дарыясына чейинки аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары менен сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы менен маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, Аббасиддер халифаты менен Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр  күч менен басылып, византиялыктар менен хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган.  Аббасиддердин тушунда халифаттын түздөн-түз колдоосу менен курандын тарыхына жана андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган.  Аббасиддер халифаты айрыкча ал-Махдинин (775–785), Муса аль-Хади (785–786), Харун ар-Рашид (786–809), Мухаммад аль-Амин (809–813) жана ал-Мамун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий жана маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 8-кылымдын аягында Аббасиддер  халифатынан айрым аймактар (Марокко, 788) бөлүнөт. 9-кылымдын башында Аббасиддер халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, Орто Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жергиликтүү  династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 10-кылымдын орто ченинде халифатта айыл чарба  өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши Аббасиддер  бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку жана Төмөнкү Месопотамия (азыркы  Ирак менен Сириянын аймагы) гана калган. 1055-жылы  Багдаддын сельжуктар бийлигине  өтүшү Аббасиддердин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-кылымдын орто ченинде сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүп, монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-жылы  Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, Аббасиддер  династиясы жоюлган. Аббасиддердин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган Аббасиддин өкүлү ал-Мустансирди 1261-жылы  Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-жылы  Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил IIIнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. Аббасиддердин тушунда чыгыштагы ири мамлекет - Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. Аббасиддер  доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон.
– Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-л-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббас активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөнү м-н 751-ж.алардын аскери Таластын жанында Кытайлар м-н болгон салгылашта кытайлардын батышка карата  экспансиясын токтотууга жетишкен. А. халифаты Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), анын борбору ал-Момун тарабынан негизделген Багдад ш. болуп калган. А. халифаты Түн. Африкадан Амур дарыясына чейинки аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамл. бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары м-н сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы м-н мад-тында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, А. халифаты м-н Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр  күч м-н басылып, византиялыктар м-н хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган.  Аббасиддердин тушунда халифтин түздөн-түз колдоосу м-н курандын тарыхына ж-а андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган.  А. халифаты айрыкча Харун ар-Рашид (786–809) ж-а ал-Мажун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий ж-а маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 8-к-дын аягында А. халифатынан айрым аймактар (Марокко, 788) бөлүнөт. 9-к-дын башында А. халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, О. Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жерг. династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 10-к-дын орто ченинде халифатта а. ч. өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши А. бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку ж-а Төмөнкү Месопотамия (азыркы  Ирак м-н Сириянын аймагы) гана калган. 1055-ж. Багдаддын сельжуктар бийлигине  өтүшү А-дин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан.12-к-дын орто ченинде сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүп, монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-ж. Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, А. династиясы жоюлган. А-дин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган А-дин өкүлү ал-Мустансирди 1261-ж. Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-ж. Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил Шнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. А-дин тушунда чыгыштагы ири мамлекет - Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. А. доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн ж-а мад-тынын гүлдөгөн мезгили болгон.
[[Категория:1-Том]]

16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АББАСИДДЕР – Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-ль-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббас активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөнү менен 751-жылы алардын аскери Таластын жанында Кытайлар менен болгон салгылашта кытайлардын батышка карата экспансиясын токтотууга жетишкен. Аббасиддер халифаты Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), анын борбору ал-Момун тарабынан негизделген Багдад шаары болуп калган. Аббасиддер халифаты Түндүк Африкадан Амур дарыясына чейинки аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары менен сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы менен маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, Аббасиддер халифаты менен Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр күч менен басылып, византиялыктар менен хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган. Аббасиддердин тушунда халифаттын түздөн-түз колдоосу менен курандын тарыхына жана андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган. Аббасиддер халифаты айрыкча ал-Махдинин (775–785), Муса аль-Хади (785–786), Харун ар-Рашид (786–809), Мухаммад аль-Амин (809–813) жана ал-Мамун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий жана маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 8-кылымдын аягында Аббасиддер халифатынан айрым аймактар (Марокко, 788) бөлүнөт. 9-кылымдын башында Аббасиддер халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, Орто Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жергиликтүү династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 10-кылымдын орто ченинде халифатта айыл чарба өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши Аббасиддер бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку жана Төмөнкү Месопотамия (азыркы Ирак менен Сириянын аймагы) гана калган. 1055-жылы Багдаддын сельжуктар бийлигине өтүшү Аббасиддердин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-кылымдын орто ченинде сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүп, монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-жылы Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, Аббасиддер династиясы жоюлган. Аббасиддердин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган Аббасиддин өкүлү ал-Мустансирди 1261-жылы Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-жылы Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил IIIнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. Аббасиддердин тушунда чыгыштагы ири мамлекет - Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. Аббасиддер доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон.