Difference between revisions of "АББАСИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(10 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
башында халифат (суннит) турган арабдар династиясы (750–1258). Алар  өз  уруусун  биз  Мухаммеддин атасынын бир тууганы Аббастан тараганбыз дешип даңазалаган. 747–750-ж. халифатта Омейяддар (шииттер) бийлигине карата нааразычылыктар, ич ара мусулмандар (артыкча укуктарга ээ болгон араб уруулары м-н жаңыдан исламды кабыл алып, мусулман болгон бөлөк элдердин) ортосунда чыр-чатак күчөп, акыры ал көтөрүлүшкө айланган. 748-ж. башталган көтөрүлүшчүлөр кыймылы 749-жылдын аягында Хорасанды ж-а Ирандын көпчүлүк аймагын басып алган. 749-ж. 8-ноябрда  Куфа ш-нда Аббасиддердин биринчи халифи – Абу-ль-Аббас көтөрүлүшчүлөр алдында ант берип, өзүн Кең пейил, Берешен – ас Саффах атаган. 750-ж. А.толугу м-н бийликти ээлеп, Омейяддарды  кырып жок кылган. А. активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөн м-н 751-ж.алардын аскери Таластын жанында Кытайлар м-н болгон салгылашта кытайлардын батышка карата  экспансиясын токтотууга жетишкен. А. династиясынын экинчи халифи – Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), Тигр дарыясынын боюна жаңы борбор – Багдад ш. курулуп, дүйнөлүк цивилизациянын борборуна, халифат болсо Түн. Африкадан Амур дарыясына чейинки эбегейсиз аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары м-н сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы м-н маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, халифат м-н Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр  күч м-н басылып, византиялыктар м-н хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган.  Аббасиддердин тушунда халифтин түздөн-түз колдоосу м-н курандын тарыхына ж-а андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган.  Халифат айрыкча Харун ар-Рашид (786–809) ж-а ал-Мажун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий ж-а маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 10-к-дын орто ченинде халифатта а.ч.өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши А. бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку ж-а Төмөнкү Месопотамия (азыркы  Ирак м-н Сириянын аймагы) гана калган. 1055-ж. Багдаддын Сельжуктар бийлигине  өтүшү А-дин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-к-дын орто ченинде
'''АББАСИДДЕР'''  Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-ль-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббас активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөнү менен 751-жылы алардын аскери Таластын жанында Кытайлар менен болгон салгылашта кытайлардын батышка карата  экспансиясын токтотууга жетишкен. Аббасиддер  халифаты Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), анын борбору ал-Момун тарабынан негизделген Багдад шаары болуп калган. Аббасиддер халифаты Түндүк  Африкадан Амур дарыясына чейинки аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары менен сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы менен маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, Аббасиддер халифаты менен Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр  күч менен басылып, византиялыктар менен хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган.  Аббасиддердин тушунда халифаттын түздөн-түз колдоосу менен курандын тарыхына жана андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган.  Аббасиддер халифаты айрыкча ал-Махдинин (775–785), Муса аль-Хади (785–786), Харун ар-Рашид (786–809), Мухаммад аль-Амин (809–813) жана ал-Мамун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий жана маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 8-кылымдын аягында Аббасиддер  халифатынан айрым аймактар (Марокко, 788) бөлүнөт. 9-кылымдын башында Аббасиддер халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, Орто Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жергиликтүү  династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 10-кылымдын орто ченинде халифатта айыл чарба  өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши Аббасиддер  бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку жана Төмөнкү Месопотамия (азыркы  Ирак менен Сириянын аймагы) гана калган. 1055-жылы  Багдаддын сельжуктар бийлигине  өтүшү Аббасиддердин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-кылымдын орто ченинде сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүп, монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-жылы  Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, Аббасиддер  династиясы жоюлган. Аббасиддердин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган Аббасиддин өкүлү ал-Мустансирди 1261-жылы  Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-жылы Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил IIIнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. Аббасиддердин тушунда чыгыштагы ири мамлекет - Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. Аббасиддер  доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон.
сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишкен. Ал монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-ж. Хулагу хандын аскерлери Багдадды ээлеп, А-дин акыркы халифи дарга асылгандан кийин, иш жүзүндө халифат биротоло жоюлган. А. өзүнүн диний бийлигин Египетте гана сактап калган. Азыркы учурда эл аралык айрым террорчул топтор ислам динине жамынып, А. учурундагы халифатты кайра жаратуу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонууда.
[[Категория:1-Том]]

16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АББАСИДДЕР – Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-ль-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббас активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөнү менен 751-жылы алардын аскери Таластын жанында Кытайлар менен болгон салгылашта кытайлардын батышка карата экспансиясын токтотууга жетишкен. Аббасиддер халифаты Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), анын борбору ал-Момун тарабынан негизделген Багдад шаары болуп калган. Аббасиддер халифаты Түндүк Африкадан Амур дарыясына чейинки аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары менен сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы менен маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, Аббасиддер халифаты менен Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр күч менен басылып, византиялыктар менен хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган. Аббасиддердин тушунда халифаттын түздөн-түз колдоосу менен курандын тарыхына жана андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган. Аббасиддер халифаты айрыкча ал-Махдинин (775–785), Муса аль-Хади (785–786), Харун ар-Рашид (786–809), Мухаммад аль-Амин (809–813) жана ал-Мамун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий жана маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 8-кылымдын аягында Аббасиддер халифатынан айрым аймактар (Марокко, 788) бөлүнөт. 9-кылымдын башында Аббасиддер халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, Орто Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жергиликтүү династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 10-кылымдын орто ченинде халифатта айыл чарба өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши Аббасиддер бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку жана Төмөнкү Месопотамия (азыркы Ирак менен Сириянын аймагы) гана калган. 1055-жылы Багдаддын сельжуктар бийлигине өтүшү Аббасиддердин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-кылымдын орто ченинде сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүп, монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-жылы Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, Аббасиддер династиясы жоюлган. Аббасиддердин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган Аббасиддин өкүлү ал-Мустансирди 1261-жылы Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-жылы Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил IIIнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. Аббасиддердин тушунда чыгыштагы ири мамлекет - Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. Аббасиддер доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон.