Difference between revisions of "АБАШЕВ МАДАНИЯТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)

м (→‎top: clean up)

(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
А б а ш е в м а д а н и й – т а р ы х ы й к о о м у – азыркы Воронеж обл-нун Марий, Чуваш ж-а Башкир АССРинин аймактарындагы кеч коло дооруна (б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы) таандык археол. мад-т. Ал жогорку Десна, Сейм ж-а Түн. Донецтен батышта Урал м-н Тоболдун кесилишине ж-а чыгышта Волга м-н Дондун түштүгүндөгү имерилишине чейин таралган. Абашево (Чувашия) айылындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган. А. м-нын эстеликтерин 1925-ж. В. Ф. Смолин изилдеген. Маданий-тарыхый коомдун алкагында Дон-Волга, Орто Волга ж-а Урал-А. м. болуп бөлүнөт. Көрүстөндөн оймо-чиймеленген карапа идиштери, жез ж-а күмүш жасалгалар, таштан, жезден ж-а сөөктөн жасалган эмгек куралдары табылган. Эмгек куралдары аңчылыкты, мал чарбасын ж-а дыйканчылыкты, жез шаймандары металлургиянын өнүгүшүн айгинелейт.

'''АБАШЕВ МАДАНИЯТЫ''', А б а ш е в   м а д а н и й – т а р ы х ы й   к о о м у – азыркы Воронеж облусунун,  Марий, Чуваш жана Башкир АССРинин аймактарындагы кеч коло дооруна (б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы) таандык археологиялык маданият. Ал жогорку Десна, Сейм жана Түндүк Донецтен батышта Урал менен Тоболдун кесилишине жана чыгышта Волга менен Дондун түштүгүндөгү имерилишине чейин таралган. Абашево (Чувашия) айылындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган. Абашев маданиятынын эстеликтерин 1925-жылы  В. Ф. Смолин изилдеген. Маданий-тарыхый коомдун алкагында Дон-Волга, Орто Волга жана Урал Абашев  маданияты болуп бөлүнөт. Көрүстөндөн оймо-чиймеленген карапа идиштери, жез жана күмүш жасалгалар, таштан, жезден жана сөөктөн жасалган эмгек куралдары табылган. Эмгек куралдары аңчылыкты, мал чарбасын жана дыйканчылыкты, жез шаймандары металлургиянын өнүгүшүн айгинелейт.

[[Категория:1-Том]]

16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБАШЕВ МАДАНИЯТЫ, А б а ш е в м а д а н и й – т а р ы х ы й к о о м у – азыркы Воронеж облусунун, Марий, Чуваш жана Башкир АССРинин аймактарындагы кеч коло дооруна (б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы) таандык археологиялык маданият. Ал жогорку Десна, Сейм жана Түндүк Донецтен батышта Урал менен Тоболдун кесилишине жана чыгышта Волга менен Дондун түштүгүндөгү имерилишине чейин таралган. Абашево (Чувашия) айылындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган. Абашев маданиятынын эстеликтерин 1925-жылы В. Ф. Смолин изилдеген. Маданий-тарыхый коомдун алкагында Дон-Волга, Орто Волга жана Урал Абашев маданияты болуп бөлүнөт. Көрүстөндөн оймо-чиймеленген карапа идиштери, жез жана күмүш жасалгалар, таштан, жезден жана сөөктөн жасалган эмгек куралдары табылган. Эмгек куралдары аңчылыкты, мал чарбасын жана дыйканчылыкты, жез шаймандары металлургиянын өнүгүшүн айгинелейт.