Difference between revisions of "АБАЛ ДИАГРАММАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
3 -сап: 3 -сап:
''Ад.'': ''Зисман Г. И.'' Курс общей физики. Т.1., М., 1972.                                                                                                      ''А. Марипов.''<br>
''Ад.'': ''Зисман Г. И.'' Курс общей физики. Т.1., М., 1972.                                                                                                      ''А. Марипов.''<br>
[[File:АБАЛ ДИАГРАММАСЫ14.png | thumb|none]]
[[File:АБАЛ ДИАГРАММАСЫ14.png | thumb|none]]
[[Категория:1-Том]]

16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБАЛ ДИАГРАММАСЫ, ф а з а л ы к д и а г р а м м а – заттардын турактуу фазалык абалынын термодинамикалык параметрлер (Т- температуpa, Р - басым, V - көлөм, Q - жылуулук, Н — магнит талаасынын чыңалышы ж. б.) көз карандылыгын аныктоочу графикалык сүрөттөлүш. Термодинамикалык параметрлердин санына жараша ал эки, үч жанa көп өлчөмдүү болуп бөлүнөт. Абал диаграммасынын ар бир чекити берилген термодинамикалык параметрлер менен аныкталуучу заттын фазалык курамын аныктайт. Мисалы, реалдуу газдардын изотермалык диаграммасы менен көрсөтүлгөн (сүрөт). Бул сүрөттө көмүр кычкыл газды турактуу температурада (изотермалык) кысуу, кеңейтүү процессиндеги Р —V фазалык диаграмма көрсөтүлгөн. Температура жогорулаганда (Т , Т) изотермалар жылып турма гипербола сызыктары. Мындан төмөнкү температурада (Tv Т2, Т3) изотерма сызыктарынын көрүнүшү кескин өзгөрөт. Мисалы, Т2 изотермасынын ЕС бөлүгү туруксуз келип, С чекитинен В чекитине газ кысылганда (көлөм Ус дан Ув га азайганда) басым өзгөрбөйт горизонталдуу сызыгы), андан ары кысканда, басым Р кескин өсөт (изотерманын ВА бөлүгү). Ушундай эле сүрөттөлүш Т1 ж-a Т3 изотермалары үчүн да мүнөздүү. Алар бири биринен изотермалардын горизонталдуу бөлүктөрү менен айырмаланышат, температура төмөндөгөн сайын, изотерманын горизонталдуу бөлүгү узарат. Тг изотермасынын ЕС бөлүгү заттын газ фазасына (абалына), СВ бөлүгү анын буу фазасына (суюктук менен газдын аралашмасы), ал эми ВА бөлүгү суюк абалга туура келет. Изотермадан жогору жайгашкан температурадагы жана оң жактагы бөлүктөрү (I аймак) заттын газ абалын (фазасын), II аймак буу абалын (эки фазалуу газ ж-a суюктуктун аралашмасы), ал эми III аймак заттын суюк абалын мүнөздөйт. К чекитиндеги абалды мүнөздөөчү параметрлери Зт4= TR, Р= Рк, V = VK, үчилтик чекити деп аталат. Бул чекит ар бир зат үчүн өзүнчө мааниге ээ. Абал диаграммасы химия өнөр жайында, металлургияда кеңири колдонулат. Аны түзүү үчүн термдик жанa рентген анализдери, микроскоптук изилдөөлөр, электр өткөрүүчүлүктү жанa катуулукту өлчөө ж. б. ыкмалар колдонулат.

Ад.: Зисман Г. И. Курс общей физики. Т.1., М., 1972. А. Марипов.

АБАЛ ДИАГРАММАСЫ14.png