Difference between revisions of "АБАЙ КУНАНБАЕВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБАЙ''' (Ибрагим) Кунанбаев [29. 7 (10. 8). 1845, азыркы Чыгыш Казакстан облусу, Абай району, Караул айылы - 23. 6 (6.7). 1904, ошол эле жерде] -- казактын жазма адабиятына  негиз салган улуу акын, ойчул, композитор. Атасы Кунанбай түпкүлүктүү бий тукумунан чыгып, өзү да дубанга аким болуп шайланган. Айылдык молдого окуткан балдарынын ичинен Абайдын сергек чыкканын көрүп, аны Семей шаарындагы медресеге жиберет, анда 4 жылдай таалим алып, иран, араб, түрк классиктери жараткан чыгармалар менен таанышып, аларга таасирленип ыр жаза баштаган. Анын алгачкы ырларында казак оозеки поэзиясынын жана чыгыш акындарынын салттары айкын байкалат. Абай Кунанбаев медреседен орус тилинде окуп, бир аз сүйлөп, китеп окуганга жарап калган эле. Бирок окуусун андан ары улай алган эмес, анткени аны атасы [[File:АБАЙ9.png | thumb|none]]
'''АБАЙ''' (Ибрагим) Кунанбаев [29. 7 (10. 8). 1845, азыркы Чыгыш Казакстан облусу, Абай району, Караул айылы - 23. 6 (6.7). 1904, ошол эле жерде] -- казактын жазма адабиятына  негиз салган улуу акын, ойчул, композитор. Атасы Кунанбай түпкүлүктүү бий тукумунан чыгып, өзү да дубанга аким болуп шайланган. Айылдык молдого окуткан балдарынын ичинен Абайдын сергек чыкканын көрүп, аны Семей шаарындагы медресеге жиберет, анда 4 жылдай таалим алып, иран, араб, түрк классиктери жараткан чыгармалар менен таанышып, аларга таасирленип ыр жаза баштаган. Анын алгачкы ырларында казак оозеки поэзиясынын жана чыгыш акындарынын салттары айкын байкалат. Абай Кунанбаев медреседен орус тилинде окуп, бир аз сүйлөп, китеп окуганга жарап калган эле. Бирок окуусун андан ары улай алган эмес, анткени аны атасы [[File:АБАЙ9.png | thumb|none]]
Кунанбай айылга чакырып алып, эл башкаруу иштерине аралаштырат. Коомдук-саясий иштерге аралашуусу Абайдын социалдык уюштуруучулук тажрыйбасын арттырган. Абай орус тилин дагы терең үйрөнүп, өз алдынча окуп, билимин уланткан. Анын эстетикалык табитинин, коомдук-саясий жанa философиялык көз караштарынын кальптанышына орус адабиятынын классиктери А. С. Пушкин, И. А. Крылов, М. Ю. Лермонтов, Л. Н. Толстой, М. Е. Салтыков-Щедрин, В. Г. Белинскийдин чыгармалары, байыркы грек философтору Аристотель менен Сократтын, чыгыш окумуштуулары Ибн-Сина, Беруни ж. б. эмгектери зор таасир тийгизген. Абай Семей аймагында алдынкы саясий көз караштары үчүн сүргүнгө келген орус окумуштуулары Н. И. Долгополов жанa Е. П. Михаэлис менен таанышып, алардан аздыр-көптүр саясий таалим алган. Абайдын адабий мурасы бай жанa ал негизинен үч бөлүктөн турат: өзүнүн поэтикалык чыгармалары; башка тилдерден, көбүнчө орусчадан которгондору; кара сөз менен жазылган санаттары. Ал өз ырларында ошол кездеги актуалдуу коомдук-саясий маселелерди, өмүр, заман, махабат тууралуу түбөлүктүү темаларды козгогон; казак коомундагы курч социалдык карама-каршылыктарды көрсөтүп, уруучулук араздашууларга, адилетсиздикке каршы чыгат; мекендештерин илим-билимге, орус маданиятын үйрөнүүгө чакырган. Абай  ырларын кагаз бетине 80-жылдардын ортосунан түшүрө баштаган. Акындын «Сап, сап көңүлүм», «Шарипке», «Абыралыга», «Жакшылыкка», «Кең жайлоо» аттуу ырлары 1870-80-жылдардын аралыгында жазылган. Абай дын «Кансонарда» аттуу чыгармасы (1882) анын акындык кубатын тааныткан ири чыгарма болгон. Чыгармада казак адабиятында калыптанган лирикалык жанрдын өзгөчөлүктөрү көп кырдуу келип, метафоралар, үлгү сөздөр мол. Чыгыш ойчулу Абу Наср ал-Фарабинин философиясы Абайдын дүйнө таанымын калыптандырып, аны өнүктүрүүдө зор роль ойногон. Абай адам проблемасын өтө бийиктен карап, анын рухий, коомдук, күндөлүк, этикалык, эстетикалык проблемалары боюнча ой толгогон. Абайдын философиялык, көркөмдүк, гуманисттик жанa диний көз караштары терең сезилген эмгеги, анын - «Кара сөздөрү». Жалпы саны 46 түрдүү чыгармадан турган, мазмуну жагынан ар башка багытта жазылган эмгегиндеги гуманисттик агартуучулук ойлору дин тууралуу пикирлери менен биригип, казак элинин философиялык концепциясын түзөт. Анын «Кара сөздөрүнүн» айрымдары алгач 1918-жылы Семейде чыккан «Абай» журналында жарык көргөн. Алар көптөгөн чет тилдерге которулган. Абай музыка өнөрүндө мол мурас калтырып, казак музыкасын байытты. Ал таланттуу музыкант, обончу да болгон. Кээ бир ырларына өзү обон чыгарган. Биздин заманга анын 40ка жакын обону жетти. Азыркы учурда 27 ыры нотага түшүрүлгөн. Композиторлор А. Жубанов менен Л. Хамиди Абайдын ырларын операга пайдаланса, Е. Брусиловскийдин «Жалгыз кайың», А. Жубановдун «Абай» аттуу симфониялык  поэмалары, аспаптык чыгармалар, ыр-романстар Абайдын ыр-обондорунун негизинде жазылган. Казактын классик жазуучусу М. ''Ауэзов''дун «Абай жолу» романы улуу акынга арналган. Бул эпопея дүйнө элдеринин 116 тилине которулган. «Абай» энциклопедиясы анын 150 жылдык мааракесине карата чыгармачылык жолуна арналып, туулган күнүнө 100 миң нуска менен чыгарылган. 1631 макала камтылып, көлөмү 120 автордук басма табактан турган бул эбегейсиз зор эмгекте улуу акындын алгачкы чыгармалары менен кара сөздөрүнө жанa философиялык, психологиялык, педагогикалык, этикалык, эстетикалык, экономикалык  дүйнө таанымына кеңири орун берилген. Ал И. А. Крыловдун тамсилдерин, А. С. Пушкиндин ырларын жанa «Евгений Онегин» романынын айрым главаларын, М. Ю. Лepмонтовдун бир катар поэтикалык чыгармаларын казак тилине которгон. Абайтаануу - казак адабият таануу илиминин бир тармагы. Абайтаануу кеменгер акындын өнөрүн, философиялык, коомдук, эстетикалык көз карашын, казак поэзиясындагы ыр санаттарын, музыкалык мурастарын, кол жазмаларын, адабий-рухий дөөлөттөрүн улам терең изилдеп келүүдө. «Абай» операсы алгач 1944-жылы анын туулган күнүнүн 100 жылдыгына ж-a Казак акад. опера жанa балет театрынын 10 жылдык юбилейине арналып коюлган. Либреттосун М. Ауэзов, музыкасын А. Жубанов менен Л. Хамиди жазып, режиссёру К. Жандарбеков болгон. «Абай ыры» көркөм фильми 1945-жылы  Алматы көркөм жанa хроникалык фильмдер студиясында чыгарылган. Абайдын ролун К. Куанышбаев ойногон. Кыргыз адабиятынын алгачкы өнүгүү мезгилинде Абай кыргыз акын-жазуучуларына байкаларлык таасир тийгизген. Абайдын кыргыз жазуучусу ''Ч. Айтматовдун'' чыгармачылыгынын калыптануусуна кошкон салымы чоң. Абай атындагы бир шаар (Караганда обл.), 2 район (Чыгыш Казакстан), 6 айыл бар. Семей, Каркаралы шаарларында, Жидебайда Абайдын адабий-мемориалдык музейлери иштейт. Алматы ж. б. шаарларында театрларга, көчөлөргө аты берилген. Абай атындагы чоку, ашуу бар. Бишкек шаарынын бир көчөсү да анын атында.
Чыг.: Менин элим. Ырлар, которгон А. Токомбаев. Ф., 1970; Шыгармаларының бир толык жийнагы. А., 1961. Ад.: ''Ауэзов М. О.'' Абай Кунанбаев. А., 1960.
''А. Садыков.''

Кунанбай айылга чакырып алып, эл башкаруу иштерине аралаштырат. Коомдук-саясий иштерге аралашуусу Абайдын социалдык уюштуруучулук тажрыйбасын арттырган. Абай орус тилин дагы терең үйрөнүп, өз алдынча окуп, билимин уланткан. Анын эстетикалык табитинин, коомдук-саясий жанa философиялык көз караштарынын кальптанышына орус адабиятынын классиктери А. С. Пушкин, И. А. Крылов, М. Ю. Лермонтов, Л. Н. Толстой, М. Е. Салтыков-Щедрин, В. Г. Белинскийдин чыгармалары, байыркы грек философтору Аристотель менен Сократтын, чыгыш окумуштуулары Ибн-Сина, Беруни ж. б. эмгектери зор таасир тийгизген. Абай Семей аймагында алдынкы саясий көз караштары үчүн сүргүнгө келген орус окумуштуулары Н. И. Долгополов жанa Е. П. Михаэлис менен таанышып, алардан аздыр-көптүр саясий таалим алган. Абайдын адабий мурасы бай жанa ал негизинен үч бөлүктөн турат: өзүнүн поэтикалык чыгармалары; башка тилдерден, көбүнчө орусчадан которгондору; кара сөз менен жазылган санаттары. Ал өз ырларында ошол кездеги актуалдуу коомдук-саясий маселелерди, өмүр, заман, махабат тууралуу түбөлүктүү темаларды козгогон; казак коомундагы курч социалдык карама-каршылыктарды көрсөтүп, уруучулук араздашууларга, адилетсиздикке каршы чыгат; мекендештерин илим-билимге, орус маданиятын үйрөнүүгө чакырган. Абай  ырларын кагаз бетине 80-жылдардын ортосунан түшүрө баштаган. Акындын «Сап, сап көңүлүм», «Шарипке», «Абыралыга», «Жакшылыкка», «Кең жайлоо» аттуу ырлары 1870-80-жылдардын аралыгында жазылган. Абайдын «Кансонарда» аттуу чыгармасы (1882) анын акындык кубатын тааныткан ири чыгарма болгон. Чыгармада казак адабиятында калыптанган лирикалык жанрдын өзгөчөлүктөрү көп кырдуу келип, метафоралар, үлгү сөздөр мол. Чыгыш ойчулу Абу Наср ал-Фарабинин философиясы Абайдын дүйнө таанымын калыптандырып, аны өнүктүрүүдө зор роль ойногон. Абай адам проблемасын өтө бийиктен карап, анын рухий, коомдук, күндөлүк, этикалык, эстетикалык проблемалары боюнча ой толгогон. Абайдын философиялык, көркөмдүк, гуманисттик жанa диний көз караштары терең сезилген эмгеги, анын - «Кара сөздөрү». Жалпы саны 46 түрдүү чыгармадан турган, мазмуну жагынан ар башка багытта жазылган эмгегиндеги гуманисттик агартуучулук ойлору дин тууралуу пикирлери менен биригип, казак элинин философиялык концепциясын түзөт. Анын «Кара сөздөрүнүн» айрымдары алгач 1918-жылы Семейде чыккан «Абай» журналында жарык көргөн. Алар көптөгөн чет тилдерге которулган. Абай музыка өнөрүндө мол мурас калтырып, казак музыкасын байытты. Ал таланттуу музыкант, обончу да болгон. Кээ бир ырларына өзү обон чыгарган. Биздин заманга анын 40ка жакын обону жетти. Азыркы учурда 27 ыры нотага түшүрүлгөн. Композиторлор А. Жубанов менен Л. Хамиди Абайдын ырларын операга пайдаланса, Е. Брусиловскийдин «Жалгыз кайың», А. Жубановдун «Абай» аттуу симфониялык  поэмалары, аспаптык чыгармалар, ыр-романстар Абайдын ыр-обондорунун негизинде жазылган. Казактын классик жазуучусу М. ''Ауэзов''дун «Абай жолу» романы улуу акынга арналган. Бул эпопея дүйнө элдеринин 116 тилине которулган. «Абай» энциклопедиясы анын 150 жылдык мааракесине карата чыгармачылык жолуна арналып, туулган күнүнө 100 миң нуска менен чыгарылган. 1631 макала камтылып, көлөмү 120 автордук басма табактан турган бул эбегейсиз зор эмгекте улуу акындын алгачкы чыгармалары менен кара сөздөрүнө жанa философиялык, психологиялык, педагогикалык, этикалык, эстетикалык, экономикалык  дүйнө таанымына кеңири орун берилген. Ал И. А. Крыловдун тамсилдерин, А. С. Пушкиндин ырларын жанa «Евгений Онегин» романынын айрым главаларын, М. Ю. Лepмонтовдун бир катар поэтикалык чыгармаларын казак тилине которгон. Абайтаануу - казак адабият таануу илиминин бир тармагы. Абайтаануу кеменгер акындын өнөрүн, философиялык, коомдук, эстетикалык көз карашын, казак поэзиясындагы ыр санаттарын, музыкалык мурастарын, кол жазмаларын, адабий-рухий дөөлөттөрүн улам терең изилдеп келүүдө. «Абай» операсы алгач 1944-жылы анын туулган күнүнүн 100 жылдыгына жaна Казак академиялык опера жанa балет театрынын 10 жылдык юбилейине арналып коюлган. Либреттосун М. Ауэзов, музыкасын А. Жубанов менен Л. Хамиди жазып, режиссёру К. Жандарбеков болгон. «Абай ыры» көркөм фильми 1945-жылы  Алматы көркөм жанa хроникалык фильмдер студиясында чыгарылган. Абайдын ролун К. Куанышбаев ойногон. Кыргыз адабиятынын алгачкы өнүгүү мезгилинде Абай кыргыз акын-жазуучуларына байкаларлык таасир тийгизген. Абайдын кыргыз жазуучусу ''Ч. Айтматовдун'' чыгармачылыгынын калыптануусуна кошкон салымы чоң. Абай атындагы бир шаар (Караганда облусу), 2 район (Чыгыш Казакстан), 6 айыл бар. Семей, Каркаралы шаарларында, Жидебайда Абайдын адабий-мемориалдык музейлери иштейт. Алматы ж. б. шаарларында театрларга, көчөлөргө аты берилген. Абай атындагы чоку, ашуу бар. Бишкек шаарынын бир көчөсү да анын атында.
Чыг.: Менин элим. Ырлар, которгон А. Токомбаев. Ф., 1970; Шыгармаларының бир толык жийнагы. А., 1961. Ад.: ''Ауэзов М. О.'' Абай Кунанбаев. А., 1960.
''А. Садыков.''

[[Категория:1-Том]]

16:25, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБАЙ (Ибрагим) Кунанбаев [29. 7 (10. 8). 1845, азыркы Чыгыш Казакстан облусу, Абай району, Караул айылы - 23. 6 (6.7). 1904, ошол эле жерде] -- казактын жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, композитор. Атасы Кунанбай түпкүлүктүү бий тукумунан чыгып, өзү да дубанга аким болуп шайланган. Айылдык молдого окуткан балдарынын ичинен Абайдын сергек чыкканын көрүп, аны Семей шаарындагы медресеге жиберет, анда 4 жылдай таалим алып, иран, араб, түрк классиктери жараткан чыгармалар менен таанышып, аларга таасирленип ыр жаза баштаган. Анын алгачкы ырларында казак оозеки поэзиясынын жана чыгыш акындарынын салттары айкын байкалат. Абай Кунанбаев медреседен орус тилинде окуп, бир аз сүйлөп, китеп окуганга жарап калган эле. Бирок окуусун андан ары улай алган эмес, анткени аны атасы

АБАЙ9.png

Кунанбай айылга чакырып алып, эл башкаруу иштерине аралаштырат. Коомдук-саясий иштерге аралашуусу Абайдын социалдык уюштуруучулук тажрыйбасын арттырган. Абай орус тилин дагы терең үйрөнүп, өз алдынча окуп, билимин уланткан. Анын эстетикалык табитинин, коомдук-саясий жанa философиялык көз караштарынын кальптанышына орус адабиятынын классиктери А. С. Пушкин, И. А. Крылов, М. Ю. Лермонтов, Л. Н. Толстой, М. Е. Салтыков-Щедрин, В. Г. Белинскийдин чыгармалары, байыркы грек философтору Аристотель менен Сократтын, чыгыш окумуштуулары Ибн-Сина, Беруни ж. б. эмгектери зор таасир тийгизген. Абай Семей аймагында алдынкы саясий көз караштары үчүн сүргүнгө келген орус окумуштуулары Н. И. Долгополов жанa Е. П. Михаэлис менен таанышып, алардан аздыр-көптүр саясий таалим алган. Абайдын адабий мурасы бай жанa ал негизинен үч бөлүктөн турат: өзүнүн поэтикалык чыгармалары; башка тилдерден, көбүнчө орусчадан которгондору; кара сөз менен жазылган санаттары. Ал өз ырларында ошол кездеги актуалдуу коомдук-саясий маселелерди, өмүр, заман, махабат тууралуу түбөлүктүү темаларды козгогон; казак коомундагы курч социалдык карама-каршылыктарды көрсөтүп, уруучулук араздашууларга, адилетсиздикке каршы чыгат; мекендештерин илим-билимге, орус маданиятын үйрөнүүгө чакырган. Абай ырларын кагаз бетине 80-жылдардын ортосунан түшүрө баштаган. Акындын «Сап, сап көңүлүм», «Шарипке», «Абыралыга», «Жакшылыкка», «Кең жайлоо» аттуу ырлары 1870-80-жылдардын аралыгында жазылган. Абайдын «Кансонарда» аттуу чыгармасы (1882) анын акындык кубатын тааныткан ири чыгарма болгон. Чыгармада казак адабиятында калыптанган лирикалык жанрдын өзгөчөлүктөрү көп кырдуу келип, метафоралар, үлгү сөздөр мол. Чыгыш ойчулу Абу Наср ал-Фарабинин философиясы Абайдын дүйнө таанымын калыптандырып, аны өнүктүрүүдө зор роль ойногон. Абай адам проблемасын өтө бийиктен карап, анын рухий, коомдук, күндөлүк, этикалык, эстетикалык проблемалары боюнча ой толгогон. Абайдын философиялык, көркөмдүк, гуманисттик жанa диний көз караштары терең сезилген эмгеги, анын - «Кара сөздөрү». Жалпы саны 46 түрдүү чыгармадан турган, мазмуну жагынан ар башка багытта жазылган эмгегиндеги гуманисттик агартуучулук ойлору дин тууралуу пикирлери менен биригип, казак элинин философиялык концепциясын түзөт. Анын «Кара сөздөрүнүн» айрымдары алгач 1918-жылы Семейде чыккан «Абай» журналында жарык көргөн. Алар көптөгөн чет тилдерге которулган. Абай музыка өнөрүндө мол мурас калтырып, казак музыкасын байытты. Ал таланттуу музыкант, обончу да болгон. Кээ бир ырларына өзү обон чыгарган. Биздин заманга анын 40ка жакын обону жетти. Азыркы учурда 27 ыры нотага түшүрүлгөн. Композиторлор А. Жубанов менен Л. Хамиди Абайдын ырларын операга пайдаланса, Е. Брусиловскийдин «Жалгыз кайың», А. Жубановдун «Абай» аттуу симфониялык поэмалары, аспаптык чыгармалар, ыр-романстар Абайдын ыр-обондорунун негизинде жазылган. Казактын классик жазуучусу М. Ауэзовдун «Абай жолу» романы улуу акынга арналган. Бул эпопея дүйнө элдеринин 116 тилине которулган. «Абай» энциклопедиясы анын 150 жылдык мааракесине карата чыгармачылык жолуна арналып, туулган күнүнө 100 миң нуска менен чыгарылган. 1631 макала камтылып, көлөмү 120 автордук басма табактан турган бул эбегейсиз зор эмгекте улуу акындын алгачкы чыгармалары менен кара сөздөрүнө жанa философиялык, психологиялык, педагогикалык, этикалык, эстетикалык, экономикалык дүйнө таанымына кеңири орун берилген. Ал И. А. Крыловдун тамсилдерин, А. С. Пушкиндин ырларын жанa «Евгений Онегин» романынын айрым главаларын, М. Ю. Лepмонтовдун бир катар поэтикалык чыгармаларын казак тилине которгон. Абайтаануу - казак адабият таануу илиминин бир тармагы. Абайтаануу кеменгер акындын өнөрүн, философиялык, коомдук, эстетикалык көз карашын, казак поэзиясындагы ыр санаттарын, музыкалык мурастарын, кол жазмаларын, адабий-рухий дөөлөттөрүн улам терең изилдеп келүүдө. «Абай» операсы алгач 1944-жылы анын туулган күнүнүн 100 жылдыгына жaна Казак академиялык опера жанa балет театрынын 10 жылдык юбилейине арналып коюлган. Либреттосун М. Ауэзов, музыкасын А. Жубанов менен Л. Хамиди жазып, режиссёру К. Жандарбеков болгон. «Абай ыры» көркөм фильми 1945-жылы Алматы көркөм жанa хроникалык фильмдер студиясында чыгарылган. Абайдын ролун К. Куанышбаев ойногон. Кыргыз адабиятынын алгачкы өнүгүү мезгилинде Абай кыргыз акын-жазуучуларына байкаларлык таасир тийгизген. Абайдын кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын калыптануусуна кошкон салымы чоң. Абай атындагы бир шаар (Караганда облусу), 2 район (Чыгыш Казакстан), 6 айыл бар. Семей, Каркаралы шаарларында, Жидебайда Абайдын адабий-мемориалдык музейлери иштейт. Алматы ж. б. шаарларында театрларга, көчөлөргө аты берилген. Абай атындагы чоку, ашуу бар. Бишкек шаарынын бир көчөсү да анын атында.
Чыг.: Менин элим. Ырлар, которгон А. Токомбаев. Ф., 1970; Шыгармаларының бир толык жийнагы. А., 1961. Ад.: Ауэзов М. О. Абай Кунанбаев. А., 1960.
А. Садыков.