Difference between revisions of "«БАБУР-НААМА»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ ''Бабур'' Захир ад-диндин автобиогр. жанрдагы жазылган тарыхый чыгармасы. ''Бабурдун'' өмүр баяны ж-а тарыхый окуялар камтылган. Түрк (чагатай) тилинде 1526‒30-ж. жазылган. Ал эмгекте 1493‒1529-ж. О. Азия, Афганстан, Түн. Индиядагы маанилүү тарыхый окуялар, ал аймакта жашаган элдердин үрп-адаттарын, салтын, чарбасын ж. б. чагылдырган маанилүү маалыматтар камтылып, тимуриддер м-н Мухаммед Шейбанинин ортосундагы Моголстандагы так талашуу үчүн болгон согуштар, аймактагы шаарлардын (Аксыкент, Кабул, Шаш, Бухара ж. б.) көрүнүшү, арх-расы сүрөттөлүп, Сыр-Дарыя, Жети-Суу боюн мекендеген элдер, Азия м-н Индостанды жердеген жаныбарлар тууралуу баяндалган. О. эле Кырг-ндын саясий тарыхына ж-а тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалымат тар кездешет. Түш. Кырг-ндын тоолуу аймагын мекендеген ''чогорок'' уруусу тууралуу да айтылган. Бабурдун эмгегинде белгилүү окуяга, адамдын кулк-мүнөзү ж-а сүйүү сезимине арналган, о. эле кээде филос. көз карашта жазылган ырлары да бар. «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу да кабар кездешет. Бабур дүйнөдөн кайткандан кийин чыгарма фарси, кийинчерээк англис тилине которулган. Чыгарманын кол жазмасын Н. И. Ильминский орус тилине которуп, 1857-ж. Казан ш-нда, 1905-ж. А. С. Бевериже тарабынан Лондондон басылып чыккан. «Б.-н.» англис (1826, 1921), француз (1871, 1985), орус (1943, 1958), түрк (1987), япон (1995, 1996), өзбек (1960), казак (1990, 1993) тилдеринде жарык көргөн. 1990-ж. «Б.-н-нын» 460 жылдыгы эл аралык деӊгээлде майрамдалып, Ташкентте «Бабур-нааме жана Чыгыш Ренессансы» деген темада илимий-тео риялык конференция өткөрүлгөн.

'''«БАБУР-НААМА»''' ‒ ''Бабур'' Захир ад-диндин автобиографиялык жанрдагы жазылган тарыхый чыгармасы. ''Бабурдун'' өмүр баяны жана тарыхый окуялар камтылган. Түрк (чагатай) тилинде 1526‒30-жылдары жазылган. Ал эмгекте 1493‒1529-жылдардагы Орто Азия, Афганистан, Түндүк Индиядагы маанилүү тарыхый окуялар, ал аймакта жашаган элдердин үрп-адаттарын, салтын, чарбасын ж. б. чагылдырган маанилүү маалыматтар камтылып, тимуриддер менен Мухаммед Шейбанинин ортосундагы Моголстандагы так талашуу үчүн болгон согуштар, аймактагы шаарлардын (Аксыкент, Кабул, Шаш, Бухара ж. б.) көрүнүшү, архитектурасы сүрөттөлүп, Сыр-Дарыя, Жети-Суу боюн мекендеген элдер, Азия менен Индостанды жердеген жаныбарлар тууралуу баяндалган. Ошондой эле Кыргызстандын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар кездешет. Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген ''чогорок'' уруусу тууралуу да айтылган. Бабурдун эмгегинде белгилүү окуяга, адамдын кулк-мүнөзү жана сүйүү сезимине арналган, ошондой эле кээде философиялык көз карашта жазылган ырлары да бар. «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу да кабар кездешет. Бабур дүйнөдөн кайткандан кийин чыгарма фарси, кийинчерээк англис тилине которулган. Чыгарманын кол жазмасын Н. И. Ильминский орус тилине которуп, 1857-жылы Казань шаарында, 1905-жылы А. С. Бевериже тарабынан Лондондон басылып чыккан. «Бабур-наама» англис (1826, 1921), француз (1871, 1985), орус (1943, 1958), түрк (1987), япон (1995, 1996), өзбек (1960), казак (1990, 1993) тилдеринде жарык көргөн. 1990-жылы «Бабур-Нааманын» 460 жылдыгы эл аралык деӊгээлде майрамдалып, Ташкентте «Бабур-нааме жана Чыгыш Ренессансы» деген темада илимий-теориялык конференция өткөрүлгөн.

[[Категория:1-Том]]

16:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

«БАБУР-НААМА»Бабур Захир ад-диндин автобиографиялык жанрдагы жазылган тарыхый чыгармасы. Бабурдун өмүр баяны жана тарыхый окуялар камтылган. Түрк (чагатай) тилинде 1526‒30-жылдары жазылган. Ал эмгекте 1493‒1529-жылдардагы Орто Азия, Афганистан, Түндүк Индиядагы маанилүү тарыхый окуялар, ал аймакта жашаган элдердин үрп-адаттарын, салтын, чарбасын ж. б. чагылдырган маанилүү маалыматтар камтылып, тимуриддер менен Мухаммед Шейбанинин ортосундагы Моголстандагы так талашуу үчүн болгон согуштар, аймактагы шаарлардын (Аксыкент, Кабул, Шаш, Бухара ж. б.) көрүнүшү, архитектурасы сүрөттөлүп, Сыр-Дарыя, Жети-Суу боюн мекендеген элдер, Азия менен Индостанды жердеген жаныбарлар тууралуу баяндалган. Ошондой эле Кыргызстандын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар кездешет. Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген чогорок уруусу тууралуу да айтылган. Бабурдун эмгегинде белгилүү окуяга, адамдын кулк-мүнөзү жана сүйүү сезимине арналган, ошондой эле кээде философиялык көз карашта жазылган ырлары да бар. «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу да кабар кездешет. Бабур дүйнөдөн кайткандан кийин чыгарма фарси, кийинчерээк англис тилине которулган. Чыгарманын кол жазмасын Н. И. Ильминский орус тилине которуп, 1857-жылы Казань шаарында, 1905-жылы А. С. Бевериже тарабынан Лондондон басылып чыккан. «Бабур-наама» англис (1826, 1921), француз (1871, 1985), орус (1943, 1958), түрк (1987), япон (1995, 1996), өзбек (1960), казак (1990, 1993) тилдеринде жарык көргөн. 1990-жылы «Бабур-Нааманын» 460 жылдыгы эл аралык деӊгээлде майрамдалып, Ташкентте «Бабур-нааме жана Чыгыш Ренессансы» деген темада илимий-теориялык конференция өткөрүлгөн.