Difference between revisions of "«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»''' – Германия м-н Япониянын ортосунда 1936-ж. 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн ''Коминтернге'' каршы күрөшүү шылтоосу м-н жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө ж-а чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-ж. «Антикоминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания ж. б. мамлекеттер кирген. 1939–40-ж. «Антикоминтерндик пакт» Герма-ния, Италия ж-а Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-ж. анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния ж. б. мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «А. п-нын» жоюлушуна алып келген.
'''«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»''' – Германия <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Япониянын ортосунда 1936-жылы  25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн ''Коминтернге'' каршы күрөшүү шылтоосу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-жылы «Антикоминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания жана башка мамлекеттер кирген. 1939–40-жылдары «Антикоминтерндик пакт» Германия, Италия <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-жылы анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния жана башка мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «Антикоминтерндик пактынын» жоюлушуна алып келген.
[[Категория:1-Том]]

16:22, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ» – Германия менен Япониянын ортосунда 1936-жылы 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү шылтоосу менен жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө жана чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-жылы «Антикоминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания жана башка мамлекеттер кирген. 1939–40-жылдары «Антикоминтерндик пакт» Германия, Италия жана Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-жылы анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния жана башка мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «Антикоминтерндик пактынын» жоюлушуна алып келген.