Difference between revisions of "«АЛПАМЫШ» эпосу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдердин баатырдык эпосу. Ал өзбектерде ‒ «Алпамыш», казак ж-а каракалпактарда ‒ «Алпамыс», алтайлыктарда ‒ «Алып-Манаш», башкырларда ‒ «Алпамыш жана Барсынхылуу», казандык татарларда «Алпамша» деп аталат. Кийинки жылдарда «А-тын» кээ бир эпизоддо ру тажиктерден да жазылып алынган. Эпос жакшылык, адилеттик өӊдүү идеяларды даӊазалайт. Негизги сюжеттик мотивдери кыргыздын «Жаныш-Байыш» дастанында кайталанат.
'''«АЛПАМЫШ»''' ‒ түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдердин баатырдык эпосу. Ал өзбектерде ‒ «Алпамыш», казак жана каракалпактарда ‒ «Алпамыс», алтайлыктарда ‒ «Алып-Манаш», башкырларда ‒ «Алпамыш жана Барсынхылуу», казандык татарларда-«Алпамша» деп аталат. Кийинки жылдарда «Алпамыштын» кээ бир эпизоддору тажиктерден да жазылып алынган. Эпос жакшылык, адилеттик өӊдүү идеяларды даӊазалайт. Негизги сюжеттик мотивдери кыргыздын «Жаныш-Байыш» дастанында кайталанат. Алпамыштын эрдиктери жөнүндөгү эпикалык жомоктун сюжеттери уруучулук доорго таандык, бирок эпостун толук циклдери Орто Азия элдеринин жунгар калмактарына каршы жүргүзгөн күрөшү учурунда (15‒17-кылым) түзүлгөн болуу керек. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында Алпамыш коңурат уруусунан чыккан баатыр деп айтьшат. Белгилүү жомокчу Н. Улагашевден жазылып алынган(1939). Алтайлыктардын «Алып-Манашы» түпкү чыгышы жагынан өзбек, казак, каракалпактардын «Алпамышы» менен бир экендигин жана ал 6‒8-кылымдарда (түрк каганаты доорунда) эле Алтай аймагында пайда болгондугун В. М. Жирмунский ишенимдүү далилдеген. Эпостун бардык версиялары сюжети жагынан окшош, бирок ар бир жомок жергиликтүү колоритте көркөмдөлүп, оригиналдуу мотивдери менен айырмаланат.
Тексттер: Алып-Манаш, в кн: ''Улагашев Н. У.,'' Алтай-Бучай. Ойратский героический эпос, Новосиб.,1941; Алпамыс, Некие, 1957; Алпамыш. Узбекский народный эпос. М., 1958; Алпамыс-батыр. Тексты и переводы, под ред. ''Ауэзова М. О.'' и ''Смирновой Н. С. А;'' 1961.
''Ад.: ''Жирмунский В. М.'' Сказание об Алпамыше и богатырская сказка. М., 1960.

Алпамыштын эрдиктери ж-дөгү эпикалык жомоктун сюжеттери уруучулук доорго таандык,>
[[Категория:1-Том]]
бирок эпостун толук циклдери О. Азия элдеринин жунгар калмактарына каршы жүргүзгөн
күрөшү учурунда (15-17-к.) түзүлгөн болуу керек. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында Алпамыш коңурат уруусунан чыккан
баатыр деп айтьшат. Белгилүү жомокчу Н. Улагашевден жазылып алынган (1939) алтайлыктардын «Алып-Манашы» түпкү чыгышы жагынан өзбек, казак, каракалпактардын «Алпамышы» м-н бир экендигин ж-a ал 6-8-к-да (түрк
каганаты доорунда) эле Алтай аймагында пайда болгондугун В. М. Жирмунский ишенимдүү
далилдеген. Эпостун бардык версиялары сюжети жагынан окшош, бирок ар бир жомок жерг.
колоритте көркөмдөлүп, оригиналдуу мотивдери м-н айырмаланат.

Тексттер: Алып-Манаш, в кн: ''Улагашев Н. У.,'' Алтай-Бучай. Ойратский героический эпос, Новосиб.,
1941; Алпамыс, Некие, 1957; Алпамыш. Узбекский
народный эпос. М., 1958; Алпамыс-батыр. Тексты и
переводы, под ред. ''Ауэзова М. О.'' и ''Смирновой Н. С.
А;'' 1961.

Ад.: ''Жирмунский В. М.'' Сказание об Алпамыше и
богатырская сказка. М., 1960.

16:21, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

«АЛПАМЫШ» ‒ түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдердин баатырдык эпосу. Ал өзбектерде ‒ «Алпамыш», казак жана каракалпактарда ‒ «Алпамыс», алтайлыктарда ‒ «Алып-Манаш», башкырларда ‒ «Алпамыш жана Барсынхылуу», казандык татарларда-«Алпамша» деп аталат. Кийинки жылдарда «Алпамыштын» кээ бир эпизоддору тажиктерден да жазылып алынган. Эпос жакшылык, адилеттик өӊдүү идеяларды даӊазалайт. Негизги сюжеттик мотивдери кыргыздын «Жаныш-Байыш» дастанында кайталанат. Алпамыштын эрдиктери жөнүндөгү эпикалык жомоктун сюжеттери уруучулук доорго таандык, бирок эпостун толук циклдери Орто Азия элдеринин жунгар калмактарына каршы жүргүзгөн күрөшү учурунда (15‒17-кылым) түзүлгөн болуу керек. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында Алпамыш коңурат уруусунан чыккан баатыр деп айтьшат. Белгилүү жомокчу Н. Улагашевден жазылып алынган(1939). Алтайлыктардын «Алып-Манашы» түпкү чыгышы жагынан өзбек, казак, каракалпактардын «Алпамышы» менен бир экендигин жана ал 6‒8-кылымдарда (түрк каганаты доорунда) эле Алтай аймагында пайда болгондугун В. М. Жирмунский ишенимдүү далилдеген. Эпостун бардык версиялары сюжети жагынан окшош, бирок ар бир жомок жергиликтүү колоритте көркөмдөлүп, оригиналдуу мотивдери менен айырмаланат.
Тексттер: Алып-Манаш, в кн: Улагашев Н. У., Алтай-Бучай. Ойратский героический эпос, Новосиб.,1941; Алпамыс, Некие, 1957; Алпамыш. Узбекский народный эпос. М., 1958; Алпамыс-батыр. Тексты и переводы, под ред. Ауэзова М. О. и Смирновой Н. С. А; 1961.
Ад.: Жирмунский В. М. Сказание об Алпамыше и богатырская сказка. М., 1960.