Difference between revisions of "«АК РЕВОЛЮЦИЯ»"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен, ж‑а → жана (6)) |
м (→top: clean up) |

(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АК РЕВОЛЮЦИЯ'''» – өлкөнү модернизациялоо максатында Иран шахы ''Мохаммед Реза Пехлеви'' тарабынан жүргүзүлгөн реформалар. Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, айыл чарбасын, билим берүү тармагын жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого катышуу укугу берилген. Реформалар Ирандын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, мамлекеттин эсебинен көптөгөн жаңы шаарлар, өнөр жай ишканалары курулган, билим берүү жана саламаттык сактоонун жаңы системалары киргизилген. Бирок реформалар бардык тармактарда эле оң жыйынтык берген эмес. Агрардык өлкө болуп келген Ирандагы негизги товар өндүрүүчүлөр жер ээлеринин чарбаларын жоюунун натыйжасында мамлекет азык‑түлүк продукциясын импорттоого муктаж болгон. Жаңыдан өсүп келаткан өнөр жай тармагы тез темпте өсүп жаткан калктын таламдарын канааттандырууга жетишкен эмес. Өлкөдөгү коррупциянын жана авторитардык башкаруунун күчөшү, нефтини сатуудан түшкөн зор каражаттардын уурдалышы, жумушсуздук жана шах сарайындагы эбегейсиз байгер жашоо элдин нааразылыгын күчөткөн. 70‑жылдардын аягында өлкөнү батыш жолу менен модернизациялоого каршы болуп келген мусулман диний башчылары жана либералдык‑демократиялык топтор шахтык режимге каршы оппозицияга биригишкен. Натыйжада 1979‑жылы ''Иран револ''ю''циясы'' жеңип чыгып, шах Мохаммед Реза Пехлеви бийликтен баш тартууга жана өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Ад.: ''Васильев Л. С.'' История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001.

Ад.: ''Васильев Л. С.'' История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век | |||
А. Орозов.

[[Категория:1-Том]] |
16:18, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
«АК РЕВОЛЮЦИЯ» – өлкөнү модернизациялоо максатында Иран шахы Мохаммед Реза Пехлеви тарабынан жүргүзүлгөн реформалар. Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, айыл чарбасын, билим берүү тармагын жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого катышуу укугу берилген. Реформалар Ирандын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, мамлекеттин эсебинен көптөгөн жаңы шаарлар, өнөр жай ишканалары курулган, билим берүү жана саламаттык сактоонун жаңы системалары киргизилген. Бирок реформалар бардык тармактарда эле оң жыйынтык берген эмес. Агрардык өлкө болуп келген Ирандагы негизги товар өндүрүүчүлөр жер ээлеринин чарбаларын жоюунун натыйжасында мамлекет азык‑түлүк продукциясын импорттоого муктаж болгон. Жаңыдан өсүп келаткан өнөр жай тармагы тез темпте өсүп жаткан калктын таламдарын канааттандырууга жетишкен эмес. Өлкөдөгү коррупциянын жана авторитардык башкаруунун күчөшү, нефтини сатуудан түшкөн зор каражаттардын уурдалышы, жумушсуздук жана шах сарайындагы эбегейсиз байгер жашоо элдин нааразылыгын күчөткөн. 70‑жылдардын аягында өлкөнү батыш жолу менен модернизациялоого каршы болуп келген мусулман диний башчылары жана либералдык‑демократиялык топтор шахтык режимге каршы оппозицияга биригишкен. Натыйжада 1979‑жылы Иран революциясы жеңип чыгып, шах Мохаммед Реза Пехлеви бийликтен баш тартууга жана өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Ад.: Васильев Л. С. История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001.
А. Орозов.