Difference between revisions of "«АЗАТТЫК» радиосу"
м (Mariya moved page «АЗАТТЫК» to «АЗАТТЫК» радиосу) |
м (→top: clean up) |
||
(12 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АЗАТТЫК»''' – эл аралык көз карандысыз радиостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыргыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949-жылы мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «Азаттык» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-жылы бириккен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу ''Азамат Алтай'' (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн алгачкы берүүсүн 1953-жылдын 18-мартында Германиянын Мюнхень шаарында обого чыгарган. 1967-жылы «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975-84), А. Алтай (1984-88), А. Өзгөн (1989-95), М. Газы (1995) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, Т. Чоротегин (1991-95 <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> 1996-98, 2003), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995-96), К. Молдокасымов (1998-2005), К. Оторбаев (2005-2006), Т. Чоротегин (2007-2010), 2010-жылдын 1-октябрынан В. Жуматаева жетектеп келет. Мурда Кыргызстандагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005-жылдын 31-мартында юридикалык жактан катталган. Анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, башкача айтканда эртең мененки эки сааттык <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Кыргызстандагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук-саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. Ошондой эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2005-жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006-жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулап келген. | |||
''Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.'' | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
1967 | |||
16:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
«АЗАТТЫК» – эл аралык көз карандысыз радиостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыргыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949-жылы мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «Азаттык» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-жылы бириккен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн алгачкы берүүсүн 1953-жылдын 18-мартында Германиянын Мюнхень шаарында обого чыгарган. 1967-жылы «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975-84), А. Алтай (1984-88), А. Өзгөн (1989-95), М. Газы (1995) жана америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, Т. Чоротегин (1991-95 жана 1996-98, 2003), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995-96), К. Молдокасымов (1998-2005), К. Оторбаев (2005-2006), Т. Чоротегин (2007-2010), 2010-жылдын 1-октябрынан В. Жуматаева жетектеп келет. Мурда Кыргызстандагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005-жылдын 31-мартында юридикалык жактан катталган. Анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, башкача айтканда эртең мененки эки сааттык жана кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук-саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. Ошондой эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2005-жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006-жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулап келген.
Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.