Difference between revisions of "АБДЫКАДЫРОВ Нурлан Джалилович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДЫКАДЫРОВ''' Нурлан Джалилович (6. 4. 1962, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – драматург, режиссёр, продюсер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (2000), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы) (1991), интернет аркылуу «Замандаш» журналынын сурамжылоосуна ылайык «Улут күзгүсү – искусствону жана руханиятты кайра жаратууга кошкон салымы» номинациясында «Жылдын адамы» (2008). Кыргыз Республикасынын «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири (2012), Чет өлкөлөрдөгү орус театр ишмерлер ассоциациясынын мүчөсү (2020).
'''АБДЫКАДЫРОВ'''  '''Нурлан Джалилович'''  (6. 4. 1962, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – драматург, режиссёр, продюсер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (2000), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы) (1991), интернет аркылуу «Замандаш» журналынын сурамжылоосуна ылайык «Улут күзгүсү – искусствону жана руханиятты кайра жаратууга кошкон салымы» номинациясында «Жылдын адамы» (2008). Кыргыз Республикасынын «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири (2012), Чет өлкөлөрдөгү орус театр ишмерлер ассоциациясынын мүчөсү (2020).


[[Файл:Абдыкадыров Н. Д. тасмада.jpg|alt=Сүрөт|thumb|Абдыкадыров Нурлан]]
[[Файл:Абдыкадыров Н. Д. тасмада.jpg|alt=Сүрөт|thumb|Абдыкадыров Нурлан]]

09:17, 11 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

АБДЫКАДЫРОВ Нурлан Джалилович (6. 4. 1962, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – драматург, режиссёр, продюсер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (2000), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы) (1991), интернет аркылуу «Замандаш» журналынын сурамжылоосуна ылайык «Улут күзгүсү – искусствону жана руханиятты кайра жаратууга кошкон салымы» номинациясында «Жылдын адамы» (2008). Кыргыз Республикасынын «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири (2012), Чет өлкөлөрдөгү орус театр ишмерлер ассоциациясынын мүчөсү (2020).

Сүрөт
Абдыкадыров Нурлан

Кыскача өмүр таржымалы

1984-жылы А. Н. Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театр жана көркөм институтунун СССРдин Эл артисти, кинорежиссёр Шухрат Аббасов өнөрканасынан режиссёр-коюучу адистигин бүтүргөн. 1984–1986-жылдары Литвадагы Игналина атомдук электр станциясында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1986-жылдан тартып Кыргызстан, Казакстан, Россия мамлекеттеринин театрларында, «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. 2001–2004-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын директору жана көркөм жетекчиси, 2004–2007-жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, 2007-жылы Улуттук телекөрсөтүүнүн «Кыргызсериалдары» бөлүмүнүн директору, 2009–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Кинематография департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген. 2010-жылдан баштап өз "Solar Nomad production" студиясын өнүктүрүү менен алектенет. 2018-жылдан бери Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын режиссёру.

Койгон спектаклдери

·       Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин мотиви боюнча спектакль, Ош шаары (1984).

·        Л. Устиновдун «Маленький шарманщик» спектакли, Каракол шаары (1986).

·        Ж. Кулманбетовдун «Бумеранг» спектакли, Каракол шаары (1987).

·       Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры», М. Тойбаевдин «Жоронун жоруктары» спектаклдери, Бишкек шаары (1988).

·        Р. Ибрагимбековдун «Момент истины» пьесасы боюнча койгон «Петрарка окуулары» спектакли, Душанбе шаары, Түркмөнстан (1990).

·       С. Раевдин «О, кыздар» спектакли, Бишкек шаары (1991).

·       В. Гоголдун «Үйлөнүү» спектакли, Санкт-Петербург шаары, Россия (1992).

·       Н. Абдыкадыровдун «И течет река лунных снов» спектакли, Бишкек шаары (1994).

·       Ж. Өзүбекованын «Күйөө сатам» спектакли, Бишкек шаары (1995).

·       «Каалоолордун бешиги» спектакли, Бишкек (1998) жана Уфа, (Россия, 2002) шаарлары.

·       С. Раев менен биргелешип койгон «Тайамам» спектакли, Бишкек шаары (1999).

·       «Чыңгызхандын акыркы деңизи» спектакли, Алматы (2000), Уфа (2001) шаарлары (Казакстан, Россия).

·       В. Делмардын «Эртеңки күнгө жол бер» спектакли, Ч. Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры, Бишкек шаары (2003).

·       Э. Ионесконун «Макбет» спектакли, Каракол шаары (2005), Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры, Бишкек шаары (2008).

·       С. Зинчуктун «Бөбөк менен апа» спектакли, Г. Мүсирепов атындагы Жаштар театры, Алматы шаары, Казакстан (2006).

·       Н. Коляданын «Назиктик» спектакли, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры, Бишкек шаары (2013).

·       Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде койгон «Найман эне» инсценировкасы, Жамбыл облустук орус драма театры, Тараз шаары, Казакстан (2018).

·        Н. Коляданын «Натаханын назиктиги» спектакли, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры, Бишкек шаары (2019).

·        Г. Мүсиреповдун «Козы Көрпеш жана Баян Сулуу» спектакли, Т. Ахтанов атындагы облустук драма театры, Актобе шаары, Казакстан (2020).

·        Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде коюлган спектакль, И. Омаров атындагы облустук драма театры, Костанай шаары, Казакстан (2020).

Фильмографиясы

·       1988 – «Жапайы» тасмасында роль ойногон, «Өзбекфильм», Ташкент шаары.

·       1991 – «Акын» даректүү тасмасы, «Кыргызфильм», Бишкек шаары.

·       1998 – «Жаңырык» даректүү тасмасы, «Кыргызфильм», Бишкек шаары.

·       2007 – «Обретение» көркөм тасмасында роль ойногон, «Ой – Арт» студиясы.

·       2007 – «ШОС» даректүү тасмасы, «Кыргызфильм», Бишкек шаары.

·       2007 – «Петрарка окуулары» жарым метраждуу көркөм тасма тарткан (сценарийдин автору), «Кыргызфильм», Бишкек шаары.

·       2010 – «Назарбаев ийгилигинин формуласы» даректүү тасмасы (сценарийдин автору).

·       2011 – «Бабье лето» кыска метраждуу көркөм тасмасы (сценарийдин автору), Өзбекстан Республикасынын Ташкент (2012), Германия өлкөсүнүн Коттбус (2012) шаарларында өткөн «Алтын гепард» эл аралык кинофестивалдарынын катышуучусу.

·       2012 – «Полет на Нибиру» кыска метраждуу көркөм тасмасы (сценарийдин автору), Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн «Евразия» (2012), Казань шаарында өткөн «Алтын минбар» (2012) эл аралык кинофестивалдарынын катышуучусу.

·       2013-2016 – «Бомба менен саякат» көркөм тасмасынын продюсери, сценаристи, режиссеру. Бусан шаарындагы (Түштүк Корея, 2016), Уфа шаарындагы «Күмүш Акбузат» (Россия, 2016) эл аралык кинофестивалдарынын, «Киноиздөө – Москва» (Россия, 2016) кинорыногунун, Джакарта шаарында (Индонезия, 2016), Бангладеш өлкөсүндө өткөн эл аралык кинофестивалдардын (2016), Канны шаарындагы (Франция, 2017) кинорыноктун катышуучусу.

·       2016 – «Сагын» жарым метраждуу көркөм тасмада Бейшендин ролун ойногон, режиссеру Д. Абдыкеримов, Donsson Films Production.

·       2017 – «Ишенбай Абдуразаков» даректүү тасмасын тарткан.

·       2018 – «Жалил Абдыкадыров» даректүү тасмасын тарткан.

Байгелери

«Каалоолордун бешиги» спектакли «Сорос-Кыргызстан» фондунун республикалык фестивалынын мыкты спектакли, Бишкек шаары (1999); эл аралык «Айтматов жана театр» фестивалынын Гран-при сыйлыгынын ээси, Бишкек шаары (1999); республикалык «Нооруз-99» фестивалынын «Мыкты режиссердук иши» наамынын жеңүүчүсү, Бишкек шаары (1999); Богота (Колумбия) театр фестивалынын катышуучусу (2000); «Мыкты режиссердук иши» үчүн сыйлыгы; Бишкек шаарында өткөн эл аралык «Арт-Ордо» фестивалында «Эркектин мыкты ролу» сыйлыгы (2003); «Аялдын мыкты ролу» үчүн Гран-при; Башкортостандагы Салават шаарында өткөн (2002) «Театр жазы» фестивалында «Экинчи пландагы эң мыкты актёр» наамы; Москва шаарындагы Гафури атындагы Башкыр мамлекеттик академиялык драма театрынын 85 жылдыгына арналган юбилейде көрсөтүлгөн (2005). «Тайамам» спектакли «Нооруз-99» республикалык фестивалынын мыкты спектакли; эл аралык «Айтматов жана театр» фестивалынын «Эң мыкты режиссёрдук иши» наамы, Бишкек (1999); Уфа шаарында өткөн «Туганлык-2000» эл аралык фестивалынын «Эң мыкты актёрдук ансамбль жана спектаклдин пластикалык чечими» сыйлыгы; Өзбекстандын Карши (1999), Германиянын Мюлхейм (2000) шаарларында өткөн эл аралык фестивалдарынын катышуучусу. «Чыңгызхандын акыркы деңизи» спектакли М. Ауэзов атындагы жыл сайын өтүүчү театралдык фестивалдын «Эң мыкты спектакли» наамынын жеңүүчүсү (2001); Салават шаарында өткөн «Театр жазы – 2001» Башкыр республикалык фестивалынын «Эң мыкты спектакли», «Эң мыкты аял ролу», «Экинчи пландагы эң мыкты эркек ролу» наамдарынын, Казань шаарындагы «Сынчы кесиптештердин атайын сыйлыгынын»; «Наурыз-2002» эл аралык фестивалынын «Эң мыкты актер үчүн» сыйлыгынын ээси; Улан-Удэ (Россия) эл аралык фестивалынын (2005), Конья (Түркия) эл аралык фестивалынын (2008) катышуучусу.

Шанхай кызматташтык уюму өлкөлөрүнүн 1-Ысык-Көл эл аралык кинофестивалында «Эң мыкты аял ролу»; Нижний Новгород шаарында (Россия) өткөн «Жаңы кино» эл аралык кинофестивалында «Жарандык эрдиги үчүн» атайын диплом алган (2007). «Петрарка окуулары» тасмасы Душанбе шаарында (Түркмөнстан) өткөн эл аралык «Нооруз-90» театралдык фестивалында «Сынчылардын симпатиясы», «Мыкты режиссердук иш», «Аялдын мыкты ролу», «Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу», «Мыкты композитор» байгелеринин ээси; эл аралык «DetectiveFEST» (детектив тасмаларынын XI кинофестивалынын «Оборотни в погонах» номинациясында) баш байгесинин жеңүүчүсү, Москва шаары (Россия, 2009). «Назиктик» спектакли VII эл аралык «Коляда-пьесалар» театралдык фестивалынын «Эң мыкты ансамбль» сыйлыгына татыган, Екатеринбург шаары (Россия). Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде койгон «Найман эне» инсценировкасы 2018-жылы Бишкек шаарындагы эл аралык «Айтматов жана театр» театралдык фестивалынын «Эң мыкты режиссёрдук иши» сыйлыгын жеңип алган. «Натаханын назиктиги» спектакли Кыргызстан VII Эл аралык Арт-Ордо театралдык фестивалынын «Мыкты режиссёр», «Көрүүчүнүн симпатиясы» сыйлыктарын алган. «И течет река лунных снов» спектакли Астана шаарындагы (Казакстан) Абу Насыр Фараби атындагы эл аралык адабий сыйлыкка ээ болгон.

Биргелешип тартууга даярдаган сценарийлери

·       «Ашык болгон качкындар» (Өзбекстан, Казакстан менен бирге), 90 мүнөт.

·       «Америкалык күйөө бала»(Россия менен), Кавказ казактары жөнүндө музыкалык комедия, 4 серия.

·       «Сны в виноградном городе» (Россия, Казакстан менен бирге), жаштар жөнүндө баллада.

·       «Аталарымдын деңизи», Сахалинде жашаган кичинекей нивх элинин тагдыры жөнүндө сценарий, 120 мүнөт. Сценарий “Кыргызфильм” сынагында жеңишке жетип, орусиялык өнөктөш долбоорду ишке ашырууга даярдалууда (2018).

·       2018 – «Өгөй ата» тасмасынын сценарийи, 90 мүнөт.

·       2019 – «Акыркы көчмөн» тасмасынын сценарийи, 100 мүнөт.

·       2020 – «Жусуп Абдрахманов» көркөм тасмасынын сценарийи.

·       2020 – «Кыргызфильм» кино студиясынын «Бейишке жол» толук метраждуу көркөм тасмасынын авторлорунун бири.

·       Бангладештин Дакка шаарындагы Эл аралык кинофестивалынын Гран-при сыйлыгы.

·       Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдык мааракесине анын «Бетме-бет», «Саманчынын жолу» повесттеринин, ошондой эле «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде «Найман эне», «Тоолор кулаганда» романынын негизинде «Түбөлүк колукту» аттуу кино сценарийлерди жазган.

·       2020 – Лондондогу Евразия адабий сынагына «Рухтар ааламы» повестин жана сценарийин жазган. Повесть фестиваль сынагынын кыска тизмесине кирди.

·       2020 – Казак ССР Илимдер академиясынын академиги М. Ауэзовдун «Туруктуу уруу» аңгемесинин негизинде «Туруктуу кан» пьесасын жана киносценарийин жазган.

·       2022-2023 – Гендердик теңчиликти жактаган социалдык драма –

«Асман балдары» толук көркөм фильми тартылды. Сценарийи, режиссёру, продюсери – Н. Абдыкадыров.

·       2023 – «Көз каранды муун»тасмасында чиновниктин, «Зомбеты» сериалында чоң атанын ролун ойногон.