Difference between revisions of "АБДУКАИМОВ Узакбай"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБДУКАИМОВ''' Узакбай (1909-жыл, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Багыш айылы – 12. 9. 1963-жыл, Бишкек шаары) – жазуучу, котормочу. Ташкент шаарындагы балдар үйүнө (1923) кабыл алынып, кийин Казак-кыргыз агартуу институтунда (1924–1925) окуган. Кыргыз педагогикалык техникумун бүткөн (1929). Москва шаарындагы СССР элдеринин Борбордук басмасынын кыргыз бөлүмүндө редактор (1930–1931), | '''АБДУКАИМОВ''' Узакбай (1909-жыл, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Багыш айылы – 12. 9. 1963-жыл, Бишкек шаары) – жазуучу, котормочу. Ташкент шаарындагы балдар үйүнө (1923) кабыл алынып, кийин Казак-кыргыз агартуу институтунда (1924–1925) окуган. Кыргыз педагогикалык техникумун бүткөн (1929). Москва шаарындагы СССР элдеринин Борбордук басмасынын кыргыз бөлүмүндө редактор (1930–1931), тил, адабият жанa тарых институтунун илимий кызматкери (1933–1937), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942–1945), Кыргыз мамлекеттик басмасында редактор (1946), Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант (1947–1949) болуп иштеген. 1927-жылы «Жаңы маданият жолунда» журналында «Таң» аттуу алгачкы новелласы жарык көргөн. 1933-жылы 3-класс, 7-класс үчүн адабият боюнча хрестоматия түзгөн. «Студент менен студенткага» поэмасын (1934), «Кыздын таалайы» (1939–1940) повестин жазган. Абдукаимов Узакбай – чебер котормочу катары кыргыз көркөм[[File:АБДУКАИМОВ29.png | thumb|none]] | ||
котормосуна негиз салгандардын бири. А. С. Пушкиндин «Борис Годунов», «Полтава» поэмаларын жaна жомокторун, лирикалык ырларын, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү», Л. Леоновдун «Чабуул», Н. А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр», Мольердин «Жорж Данден, же акмак болгон күйөө» пьесаларын, М. Горькийдин «Көрүнгөндүн колунда» повестин, К. Чуковскийдин «Бибигон» жомогун, А. А. Фадеевдин «Жаш гвардия» романын которгон. «Айдар жана Айша» операсынын либреттосун (1948), «Ашык жар», «Эмгек маршы», «Пионерлер ыры» сыяктуу элге кеңири тараган ырларды жазган. 1950-жылдын аягы 1960-жылдын башында У. Абдукаимовдун чыгармачылык өнөрүндө кескин бурулуш жасалган. «Майдан» романынын жарыкка чыгышы (1-китеп, 1961), көп жылдык көркөм котормочулук тажрыйбасы, дүйнөлүк классикадан алган сабактары, ички даярдыгына кошумча сырткы шарттардын түзүлө калышы (И. Сталиндин сындалышы), чыныгы согуш майданын кан кечип жүрүп, өз көзү менен көрүшү – табиятынан таланттуу калемгерге Европа тибиндеги анык реалисттик кесипкөй романдын жаңы үлгүсүн жаратууга өбөлгө түздү. «Майдан» романы орус тилине которулган (1972). Ал бир нече адабий макала менен очерктерди жазган. «Кызыл Жылдыз» ордени жанa медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Майдан. Ф., 1966; Битва (перевод с кыргызского ''В. Рослякова,'' с предисловием ''Ч. Айтматова).'' М., 1972.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2003. | котормосуна негиз салгандардын бири. А. С. Пушкиндин «Борис Годунов», «Полтава» поэмаларын жaна жомокторун, лирикалык ырларын, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү», Л. Леоновдун «Чабуул», Н. А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр», Мольердин «Жорж Данден, же акмак болгон күйөө» пьесаларын, М. Горькийдин «Көрүнгөндүн колунда» повестин, К. Чуковскийдин «Бибигон» жомогун, А. А. Фадеевдин «Жаш гвардия» романын которгон. «Айдар жана Айша» операсынын либреттосун (1948), «Ашык жар», «Эмгек маршы», «Пионерлер ыры» сыяктуу элге кеңири тараган ырларды жазган. 1950-жылдын аягы 1960-жылдын башында У. Абдукаимовдун чыгармачылык өнөрүндө кескин бурулуш жасалган. «Майдан» романынын жарыкка чыгышы (1-китеп, 1961), көп жылдык көркөм котормочулук тажрыйбасы, дүйнөлүк классикадан алган сабактары, ички даярдыгына кошумча сырткы шарттардын түзүлө калышы (И. Сталиндин сындалышы), чыныгы согуш майданын кан кечип жүрүп, өз көзү менен көрүшү – табиятынан таланттуу калемгерге Европа тибиндеги анык реалисттик кесипкөй романдын жаңы үлгүсүн жаратууга өбөлгө түздү. «Майдан» романы орус тилине которулган (1972). Ал бир нече адабий макала менен очерктерди жазган. «Кызыл Жылдыз» ордени жанa медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Майдан. Ф., 1966; Битва (перевод с кыргызского ''В. Рослякова,'' с предисловием ''Ч. Айтматова).'' М., 1972.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2003. |
16:22, 6 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
АБДУКАИМОВ Узакбай (1909-жыл, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Багыш айылы – 12. 9. 1963-жыл, Бишкек шаары) – жазуучу, котормочу. Ташкент шаарындагы балдар үйүнө (1923) кабыл алынып, кийин Казак-кыргыз агартуу институтунда (1924–1925) окуган. Кыргыз педагогикалык техникумун бүткөн (1929). Москва шаарындагы СССР элдеринин Борбордук басмасынын кыргыз бөлүмүндө редактор (1930–1931), тил, адабият жанa тарых институтунун илимий кызматкери (1933–1937), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942–1945), Кыргыз мамлекеттик басмасында редактор (1946), Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант (1947–1949) болуп иштеген. 1927-жылы «Жаңы маданият жолунда» журналында «Таң» аттуу алгачкы новелласы жарык көргөн. 1933-жылы 3-класс, 7-класс үчүн адабият боюнча хрестоматия түзгөн. «Студент менен студенткага» поэмасын (1934), «Кыздын таалайы» (1939–1940) повестин жазган. Абдукаимов Узакбай – чебер котормочу катары кыргыз көркөм
котормосуна негиз салгандардын бири. А. С. Пушкиндин «Борис Годунов», «Полтава» поэмаларын жaна жомокторун, лирикалык ырларын, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү», Л. Леоновдун «Чабуул», Н. А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр», Мольердин «Жорж Данден, же акмак болгон күйөө» пьесаларын, М. Горькийдин «Көрүнгөндүн колунда» повестин, К. Чуковскийдин «Бибигон» жомогун, А. А. Фадеевдин «Жаш гвардия» романын которгон. «Айдар жана Айша» операсынын либреттосун (1948), «Ашык жар», «Эмгек маршы», «Пионерлер ыры» сыяктуу элге кеңири тараган ырларды жазган. 1950-жылдын аягы 1960-жылдын башында У. Абдукаимовдун чыгармачылык өнөрүндө кескин бурулуш жасалган. «Майдан» романынын жарыкка чыгышы (1-китеп, 1961), көп жылдык көркөм котормочулук тажрыйбасы, дүйнөлүк классикадан алган сабактары, ички даярдыгына кошумча сырткы шарттардын түзүлө калышы (И. Сталиндин сындалышы), чыныгы согуш майданын кан кечип жүрүп, өз көзү менен көрүшү – табиятынан таланттуу калемгерге Европа тибиндеги анык реалисттик кесипкөй романдын жаңы үлгүсүн жаратууга өбөлгө түздү. «Майдан» романы орус тилине которулган (1972). Ал бир нече адабий макала менен очерктерди жазган. «Кызыл Жылдыз» ордени жанa медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Майдан. Ф., 1966; Битва (перевод с кыргызского В. Рослякова, с предисловием Ч. Айтматова). М., 1972.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2003.