Difference between revisions of "АБД ЭЛЬ-КЕРИМ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБД ЭЛЬ-КЕРИМ,''' А б д а л ь-К р и м (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–26) жетекчиси. 1915- | '''АБД ЭЛЬ-КЕРИМ,''' А б д а л ь-К р и м (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–26) жетекчиси. 1915-жылы өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-жылы бошоткон. 1921–26-жылдары рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-жылдары Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-жылы француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-жылы май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-жылдары Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген. |
14:54, 6 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
АБД ЭЛЬ-КЕРИМ, А б д а л ь-К р и м (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–26) жетекчиси. 1915-жылы өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-жылы бошоткон. 1921–26-жылдары рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-жылдары Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-жылы француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-жылы май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты менен Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-жылдары Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.