Difference between revisions of "БИЯНХУ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
''' | '''БИЯНХУ''' (болжол <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> 25. 5. 1830, Сияньфу, Кытай — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Токмок уезди, Пишпек) – 1862–77-жылдары Цинь бийлигине каршы күрөшкөн дунгандар (хуэйцзу элинин) көтөрүлүшүнүн лидерлеринин бири. Кашкарда Эюб Мухаммед деген ат <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> белгилүү. Шэньси провинциясындагы Сиань шаарына жакын жерде жашаган айылдык округдун аксакалы үй-бүлөсүнөн чыккан. 1862-жылдан Кытайдын Шэньси <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-жылдан дунгандар козголоңдорун жетектеп, эл ичинде "Тигр" деген титулга ээ болгон. 1872-жылдын аягы – 1873-жылдын башында Биянху Синьцзяндагы маньчжур аскерлерине каршы уйгурлардын көтөрүлүшүнө катышкан. 1877-жылы көтөрүлүш Цин армиясынан жеңилип, Биянху 5 миң адамы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> качып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстанга өткөн. Кытай бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары Кыргызстандын Ананьево айылында жашайт. |
11:02, 27 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы
БИЯНХУ (болжол менен 25. 5. 1830, Сияньфу, Кытай — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Токмок уезди, Пишпек) – 1862–77-жылдары Цинь бийлигине каршы күрөшкөн дунгандар (хуэйцзу элинин) көтөрүлүшүнүн лидерлеринин бири. Кашкарда Эюб Мухаммед деген ат менен белгилүү. Шэньси провинциясындагы Сиань шаарына жакын жерде жашаган айылдык округдун аксакалы үй-бүлөсүнөн чыккан. 1862-жылдан Кытайдын Шэньси жана Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-жылдан дунгандар козголоңдорун жетектеп, эл ичинде "Тигр" деген титулга ээ болгон. 1872-жылдын аягы – 1873-жылдын башында Биянху Синьцзяндагы маньчжур аскерлерине каршы уйгурлардын көтөрүлүшүнө катышкан. 1877-жылы көтөрүлүш Цин армиясынан жеңилип, Биянху 5 миң адамы менен качып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстанга өткөн. Кытай бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары Кыргызстандын Ананьево айылында жашайт.