Difference between revisions of "АЛП СОЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛП СОЛ''' Табу Хэцзу, Тапу–9-кылымдагы кыргыз кол башчысы (кытайча цзян-цзюнь) жанa элчиси. 840-жылы кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жанa Енисейдеги Улуу кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон. 842-жылы  ноябрь айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Ал<br>
'''АЛП СОЛ''' Табу (Та-бу) Хэцзу (Хэсу) – 842-жылы 10-айда (6-ноябрь – 5-декабрь), Тан династиясынын (618–907) императору (840–846) У-цзунга барган кыргыз элчиси.<br>
[[File:АЛП СОЛ_1.png | thumb | none]]
[[File:АЛП СОЛ_1.png | thumb | none]]
кыргыз-уйгур мамилелери жанa уйгурлардын туткунунда калган кытай императорунун кызы Тхай-Хэ тууралуу маалыматтарды жеткирген. Мындан кийин 843-жылы март айында кыргыз каганынын атынан Кытайдын Тан династиясына Чшу-у Хэсу (Чугу Алп Сол), 843-жылы июлда Вэнь-у Хэ
840-жылы кыргыздар уйгурларды талкалап, ордо шаары Кара-Балгасты алышкан. Уйгурлардын жаш ханы Хеси тегиндин башы алынып, 839-жылы өлгөн уйгурлардын каганы Күлүк-бектин аялы, Тан императорунун кызы Тай-хэни колго түшүрүшкөн. Кыргыз каганы канышаны Тан императоруна кайрып берүүнү чечкен. 841-жылы Тай-хэни коштоп барууга Төлөс алп (Дулюйши Хэ) башындагы элчилерин аттандырган. Беш күндүк жерден аларга аман калган уйгурлар кол салып, баарын кырып, Тай-хэ канышаны туткунга алышкан жана уйгурлардын жаңы каганы (841–843) Угеге алып беришкен. Кыргыз каганы ал элчилерин бир жылдан ашык күтүп, кабар ала албагандан кийин 842-жылы Тапу Алп Сол  башындагы жаңы элчилик аттандырган. Байыркы кытай тилинде «Хэ» деген сөз «алп»  (арстан, баатыр), ал эми «со» «сол» (сологой) деген маани берген. Бул элчилик 842-жылы 10-айда (6-ноябрь – 5-декабрь) Тянь-дэ чебинде жүрүшкөн. Бирок алардын артка кайтканы тууралуу маалымат жок. Мындан кийин 843-жылы март айында кыргыз каганынын атынан Кытайдын Тан династиясына Чшу-у Хэсу (Чугу Алп Сол), 843-жылы июлда Вэнь-у Хэ (Ургу Алп), 843-жылы август-сентябрь айларында Дидиэсы Нань-Чжу (Тукук Иначы) сыяктуу элчилер келген. Кыргыз каганынын аскер башчысы, элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өз элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн (к. ''Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери'').
(Ургу Алп), 843-жылы август-сентябрь айларында Дидиэсы Нань-Чжу (Тукук Иначы) сыяктуу элчилер келген. Кыргыз каганынын аскер башчысы, элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн (к. ''Кыргыз-кытпай дипломатпиялык мамилелери).<br>                                                                    Ө.'' Ж. ''Осмонов,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.
 
Ад.: Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н.В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002.
 
''Ө.'' Ж. ''Осмонов,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

11:44, 20 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы

АЛП СОЛ Табу (Та-бу) Хэцзу (Хэсу) – 842-жылы 10-айда (6-ноябрь – 5-декабрь), Тан династиясынын (618–907) императору (840–846) У-цзунга барган кыргыз элчиси.

АЛП СОЛ 1.png

840-жылы кыргыздар уйгурларды талкалап, ордо шаары Кара-Балгасты алышкан. Уйгурлардын жаш ханы Хеси тегиндин башы алынып, 839-жылы өлгөн уйгурлардын каганы Күлүк-бектин аялы, Тан императорунун кызы Тай-хэни колго түшүрүшкөн. Кыргыз каганы канышаны Тан императоруна кайрып берүүнү чечкен. 841-жылы Тай-хэни коштоп барууга Төлөс алп (Дулюйши Хэ) башындагы элчилерин аттандырган. Беш күндүк жерден аларга аман калган уйгурлар кол салып, баарын кырып, Тай-хэ канышаны туткунга алышкан жана уйгурлардын жаңы каганы (841–843) Угеге алып беришкен. Кыргыз каганы ал элчилерин бир жылдан ашык күтүп, кабар ала албагандан кийин 842-жылы Тапу Алп Сол  башындагы жаңы элчилик аттандырган. Байыркы кытай тилинде «Хэ» деген сөз «алп»  (арстан, баатыр), ал эми «со» «сол» (сологой) деген маани берген. Бул элчилик 842-жылы 10-айда (6-ноябрь – 5-декабрь) Тянь-дэ чебинде жүрүшкөн. Бирок алардын артка кайтканы тууралуу маалымат жок. Мындан кийин 843-жылы март айында кыргыз каганынын атынан Кытайдын Тан династиясына Чшу-у Хэсу (Чугу Алп Сол), 843-жылы июлда Вэнь-у Хэ (Ургу Алп), 843-жылы август-сентябрь айларында Дидиэсы Нань-Чжу (Тукук Иначы) сыяктуу элчилер келген. Кыргыз каганынын аскер башчысы, элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өз элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн (к. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери).

Ад.: Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н.В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002.

Ө. Ж. Осмонов, сүрөтчүсү Р. Исаков.