Difference between revisions of "АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА ЖОРТУУЛДАРЫ''' – 18-кылымдын экинчи жарымынан кыргыздарды өзүнө каратып алуу максатында казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган баскынчыл согуштук аракеттери. Жунгар хандыгы кулагандан кийин кыргыз-казак элдери чек аралаш аймактардагы жайыттарга жана конуштарга талапкер боло башташкан. Жайыт, жер жана конуш талашуудан чыккан  өз ара дооматтар акыры чоң жаңжалга айланган. Көчмөндөр өз муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн бири-бирин талап-тоноочулукка өткөн, жылкы тийип, ''барымтага'' алуу сыяктуу кейиштүү жосундар туруктуу мүнөзгө айланган. Башкаруучу төбөлдөр да мындай ыкманы колдоп, барымтанын эсебинен үйүрдүн башын көбөйтүүнү максат кылышкан. Өзгөчө Иле дарыясынын алабы, Чүй жана Талас сууларынын төмөнкү агымындагы конуш жерлер талашка түшкөн. Кыргыздар менен казактардын ортосундагы мамилелердин курчушу 1759-, 1764-, 1765-, 1766-, 1768-жылдардагы кандуу кагышууларга алып келген. 1765-жылы ''Абылай ''султан Түркстандын чет жакасында көчүп жүргөн Каработо бийге кол салып, мал-жаны менен барымтага алган. 1771-жылы Абылай Орто жүздүн ханы болуп шайлангандан кийин кыргыздарды өзүнө баш ийдирүүгө аракет кылган. Абылайга таянган казак уруулары чек аралаш аймактардагы кыргыз конуштарына көчүп келип, жайыттарды ээлей баштаган. Чанычкулудан Бердикожо; Чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке жана Дөөлөт; Ботбайдан Түлөкабыл, Жайсаң; Кашкородон Малдыбай, Конушбай сыяктуу баатырлар баштап келип, кыргыздын жерлерине ээлик кылышкан. Ушундай кырдаалга байланыштуу Таластын оозундагы Капкада оң канаттан Эсенгул баатырдын, сол канаттан Туума бийдин жетекчилигинде бийлердин кеңеши өткөрүлгөн. Кеңештин жыйынтыгы боюнча кыргыз конуштарын казактардан коргоп калуу максатында Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүп келүү керек деген бүтүмгө келишкен. Өз ара кагылышуулардын айынан кыргыздардын колунан казак баатырлары Качыке, Кооман, Жабек жана көкжарлы Барак каза болот. Натыйжада кыргыздардан жеңилген казактар Сары-Аркадагы Абылай ханга даттанып барышкан. Кытай даректеринин ырастаганы боюнча Абылай хан 1774-жылы кыргыздардын аймагына кол салган. Ошол учурдагы Кара-Балтадагы салгылашууда ''Атаке'' баатыр жеңилип, Таласка чегинген. Буга жооп кылып, ''Садыр'' жана ''Жайыл'' баатырлар Чолок-Коргон, Созок аймактарындагы казактарга жортуул жасап, жылкы тийип турушкан. Улуу жүздүн бийлери Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен. 1779-жылы  Абылай хан чоң күч менен кыргыздарга каршы аттанып, колунун бир бөлүгүн Олуя-Атага, экинчисин Таластын Капкасындагы Садыр баатырга жана үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн. Чүйдүн аягы Түйүшкенттеги салгылашууда солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу менен туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куубилек, колпоч өлдү» деген сөз ошондон калган. Жоо капысынан кол салгандыктан, башка уруулар өз учурунда жардамга келалбай калган. Акырында кыргыздар Абылай хандан жеңилген. Кыргыздын башчысы чоң бий Эсенгул баатыр 21 жаштагы Түлөберди Жамансарт уулун элчиликке жиберген. Түлөберди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Абылай хан жер маселеси боюнча кыргыздарга катуу талап койгон. Түлөберди келгенден кийин Эсенгул баатыр кыргыздын аттуу-баштуулары менен кеңешип жер боюнча Абылай менен макулдашуу керектиги айтылган. 1780-жылы  сол канаттан Туума бий жана Мама бийдин, солтодон Кебек бий менен Түлөбердинин, сарыбагыштан Эсенгул баатыр менен Атаке баатырдын, бугудан Бирназар бийдин, чекир саяктан Жамболот баатыр менен Качыке баатырдын, саяктан Сейит бий менен Келдибектин катышуусунда Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги ажыратылган. Кыргыздын жер чеги батыш жагы Күйүктүн бели, Үчбуурул, Түймөкент, Абылкайыр, Курагаттынын Чүйгө куйган жери Түйүшкөн, Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусун жээктеп келип, Үчалматыдан токтогон. Башы Үчалматы, түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бели, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы кичи Буурул - чоң Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Кой-Ташка чейинки жерлер Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги катары аныкталган. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга ''ак үйлүүгө'' көчүрүшкөн. Бердикожо баатырдын 1785-жылы  баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынч болгон.
'''АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ''' – 18-кылымдын экинчи жарымынан кыргыздарды өзүнө каратып алуу максатында казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган баскынчыл согуштук аракеттери. Жунгар хандыгы кулагандан кийин кыргыз-казак элдери чек аралаш аймактардагы жайыттарга жана конуштарга талапкер боло башташкан. Жайыт, жер жана конуш талашуудан чыккан  өз ара дооматтар акыры чоң жаңжалга айланган. Көчмөндөр өз муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн бири-бирин талап-тоноочулукка өткөн, жылкы тийип, ''барымтага'' алуу сыяктуу кейиштүү жосундар туруктуу мүнөзгө айланган. Башкаруучу төбөлдөр да мындай ыкманы колдоп, барымтанын эсебинен үйүрдүн башын көбөйтүүнү максат кылышкан. Өзгөчө Иле дарыясынын алабы, Чүй жана Талас сууларынын төмөнкү агымындагы конуш жерлер талашка түшкөн. Кыргыздар менен казактардын ортосундагы мамилелердин курчушу 1759-, 1764-, 1765-, 1766-, 1768-жылдардагы кандуу кагышууларга алып келген. 1765-жылы ''Абылай ''султан Түркстандын чет жакасында көчүп жүргөн Каработо бийге кол салып, мал-жаны менен барымтага алган. 1771-жылы Абылай Орто жүздүн ханы болуп шайлангандан кийин кыргыздарды өзүнө баш ийдирүүгө аракет кылган. Абылайга таянган казак уруулары чек аралаш аймактардагы кыргыз конуштарына көчүп келип, жайыттарды ээлей баштаган. Чанычкулудан Бердикожо; Чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке жана Дөөлөт; Ботбайдан Түлөкабыл, Жайсаң; Кашкородон Малдыбай, Конушбай сыяктуу баатырлар баштап келип, кыргыздын жерлерине ээлик кылышкан. Ушундай кырдаалга байланыштуу Таластын оозундагы Капкада оң канаттан Эсенгул баатырдын, сол канаттан Туума бийдин жетекчилигинде бийлердин кеңеши өткөрүлгөн. Кеңештин жыйынтыгы боюнча кыргыз конуштарын казактардан коргоп калуу максатында Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүп келүү керек деген бүтүмгө келишкен. Өз ара кагылышуулардын айынан кыргыздардын колунан казак баатырлары Качыке, Кооман, Жабек жана көкжарлы Барак каза болот. Натыйжада кыргыздардан жеңилген казактар Сары-Аркадагы Абылай ханга даттанып барышкан. Кытай даректеринин ырастаганы боюнча Абылай хан 1774-жылы кыргыздардын аймагына кол салган. Ошол учурдагы Кара-Балтадагы салгылашууда ''Атаке'' баатыр жеңилип, Таласка чегинген. Буга жооп кылып, ''Садыр'' жана ''Жайыл'' баатырлар Чолок-Коргон, Созок аймактарындагы казактарга жортуул жасап, жылкы тийип турушкан. Улуу жүздүн бийлери Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен. 1779-жылы  Абылай хан чоң күч менен кыргыздарга каршы аттанып, колунун бир бөлүгүн Олуя-Атага, экинчисин Таластын Капкасындагы Садыр баатырга жана үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн. Чүйдүн аягы Түйүшкенттеги салгылашууда солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу менен туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куубилек, колпоч өлдү» деген сөз ошондон калган. Жоо капысынан кол салгандыктан, башка уруулар өз учурунда жардамга келалбай калган. Акырында кыргыздар Абылай хандан жеңилген. Кыргыздын башчысы чоң бий Эсенгул баатыр 21 жаштагы Түлөберди Жамансарт уулун элчиликке жиберген. Түлөберди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Абылай хан жер маселеси боюнча кыргыздарга катуу талап койгон. Түлөберди келгенден кийин Эсенгул баатыр кыргыздын аттуу-баштуулары менен кеңешип жер боюнча Абылай менен макулдашуу керектиги айтылган. 1780-жылы  сол канаттан Туума бий жана Мама бийдин, солтодон Кебек бий менен Түлөбердинин, сарыбагыштан Эсенгул баатыр менен Атаке баатырдын, бугудан Бирназар бийдин, чекир саяктан Жамболот баатыр менен Качыке баатырдын, саяктан Сейит бий менен Келдибектин катышуусунда Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги ажыратылган. Кыргыздын жер чеги батыш жагы Күйүктүн бели, Үчбуурул, Түймөкент, Абылкайыр, Курагаттынын Чүйгө куйган жери Түйүшкөн, Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусун жээктеп келип, Үчалматыдан токтогон. Башы Үчалматы, түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бели, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы кичи Буурул - чоң Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Кой-Ташка чейинки жерлер Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги катары аныкталган. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга ''ак үйлүүгө'' көчүрүшкөн. Бердикожо баатырдын 1785-жылы  баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынч болгон.

Ад.: ''Алымбеков Т.'' Кыргыз урууларынын чыгышы/ КЖФ № 364; ''Алымбеков Т.'' Кокон хандыгына чейинки кыргыз турмушу жөнундө / №1454; ''Асанов Т.'' Кыргызско-казахские взаимоотношения и пограничные вопросы XVm-XIX вв. / Вестник КГНУ; ''Сапаралиев Д. Б.'' Взаимоотношения кыргызского народа с Россией и соседними народами в XVIII в. Б., 1995; Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Шинжаң эл басмасы, 2004.

Ад.: ''Алымбеков Т.'' Кыргыз урууларынын чыгышы/ КЖФ № 364; ''Алымбеков Т.'' Кокон хандыгына чейинки кыргыз турмушу жөнундө / №1454; ''Асанов Т.'' Кыргызско-казахские взаимоотношения и пограничные вопросы XVm-XIX вв. / Вестник КГНУ; ''Сапаралиев Д. Б.'' Взаимоотношения кыргызского народа с Россией и соседними народами в XVIII в. Б., 1995; Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Шинжаң эл басмасы, 2004.

''Т.Асанов.''

''Т.Асанов.''

07:17, 5 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы

АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ – 18-кылымдын экинчи жарымынан кыргыздарды өзүнө каратып алуу максатында казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган баскынчыл согуштук аракеттери. Жунгар хандыгы кулагандан кийин кыргыз-казак элдери чек аралаш аймактардагы жайыттарга жана конуштарга талапкер боло башташкан. Жайыт, жер жана конуш талашуудан чыккан өз ара дооматтар акыры чоң жаңжалга айланган. Көчмөндөр өз муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн бири-бирин талап-тоноочулукка өткөн, жылкы тийип, барымтага алуу сыяктуу кейиштүү жосундар туруктуу мүнөзгө айланган. Башкаруучу төбөлдөр да мындай ыкманы колдоп, барымтанын эсебинен үйүрдүн башын көбөйтүүнү максат кылышкан. Өзгөчө Иле дарыясынын алабы, Чүй жана Талас сууларынын төмөнкү агымындагы конуш жерлер талашка түшкөн. Кыргыздар менен казактардын ортосундагы мамилелердин курчушу 1759-, 1764-, 1765-, 1766-, 1768-жылдардагы кандуу кагышууларга алып келген. 1765-жылы Абылай султан Түркстандын чет жакасында көчүп жүргөн Каработо бийге кол салып, мал-жаны менен барымтага алган. 1771-жылы Абылай Орто жүздүн ханы болуп шайлангандан кийин кыргыздарды өзүнө баш ийдирүүгө аракет кылган. Абылайга таянган казак уруулары чек аралаш аймактардагы кыргыз конуштарына көчүп келип, жайыттарды ээлей баштаган. Чанычкулудан Бердикожо; Чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке жана Дөөлөт; Ботбайдан Түлөкабыл, Жайсаң; Кашкородон Малдыбай, Конушбай сыяктуу баатырлар баштап келип, кыргыздын жерлерине ээлик кылышкан. Ушундай кырдаалга байланыштуу Таластын оозундагы Капкада оң канаттан Эсенгул баатырдын, сол канаттан Туума бийдин жетекчилигинде бийлердин кеңеши өткөрүлгөн. Кеңештин жыйынтыгы боюнча кыргыз конуштарын казактардан коргоп калуу максатында Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүп келүү керек деген бүтүмгө келишкен. Өз ара кагылышуулардын айынан кыргыздардын колунан казак баатырлары Качыке, Кооман, Жабек жана көкжарлы Барак каза болот. Натыйжада кыргыздардан жеңилген казактар Сары-Аркадагы Абылай ханга даттанып барышкан. Кытай даректеринин ырастаганы боюнча Абылай хан 1774-жылы кыргыздардын аймагына кол салган. Ошол учурдагы Кара-Балтадагы салгылашууда Атаке баатыр жеңилип, Таласка чегинген. Буга жооп кылып, Садыр жана Жайыл баатырлар Чолок-Коргон, Созок аймактарындагы казактарга жортуул жасап, жылкы тийип турушкан. Улуу жүздүн бийлери Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен. 1779-жылы Абылай хан чоң күч менен кыргыздарга каршы аттанып, колунун бир бөлүгүн Олуя-Атага, экинчисин Таластын Капкасындагы Садыр баатырга жана үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн. Чүйдүн аягы Түйүшкенттеги салгылашууда солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу менен туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куубилек, колпоч өлдү» деген сөз ошондон калган. Жоо капысынан кол салгандыктан, башка уруулар өз учурунда жардамга келалбай калган. Акырында кыргыздар Абылай хандан жеңилген. Кыргыздын башчысы чоң бий Эсенгул баатыр 21 жаштагы Түлөберди Жамансарт уулун элчиликке жиберген. Түлөберди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Абылай хан жер маселеси боюнча кыргыздарга катуу талап койгон. Түлөберди келгенден кийин Эсенгул баатыр кыргыздын аттуу-баштуулары менен кеңешип жер боюнча Абылай менен макулдашуу керектиги айтылган. 1780-жылы сол канаттан Туума бий жана Мама бийдин, солтодон Кебек бий менен Түлөбердинин, сарыбагыштан Эсенгул баатыр менен Атаке баатырдын, бугудан Бирназар бийдин, чекир саяктан Жамболот баатыр менен Качыке баатырдын, саяктан Сейит бий менен Келдибектин катышуусунда Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги ажыратылган. Кыргыздын жер чеги батыш жагы Күйүктүн бели, Үчбуурул, Түймөкент, Абылкайыр, Курагаттынын Чүйгө куйган жери Түйүшкөн, Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусун жээктеп келип, Үчалматыдан токтогон. Башы Үчалматы, түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бели, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы кичи Буурул - чоң Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Кой-Ташка чейинки жерлер Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги катары аныкталган. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга ак үйлүүгө көчүрүшкөн. Бердикожо баатырдын 1785-жылы баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынч болгон.

Ад.: Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы/ КЖФ № 364; Алымбеков Т. Кокон хандыгына чейинки кыргыз турмушу жөнундө / №1454; Асанов Т. Кыргызско-казахские взаимоотношения и пограничные вопросы XVm-XIX вв. / Вестник КГНУ; Сапаралиев Д. Б. Взаимоотношения кыргызского народа с Россией и соседними народами в XVIII в. Б., 1995; Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Шинжаң эл басмасы, 2004.

Т.Асанов.