Difference between revisions of "АБУ-Л-ГАЗИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБУ-Л-ГАЗИ''' Бахадур хан (24. 8. 1603, Ургенч – 1664, Хива) – Хива ханы жана тарыхчы. 1643-жылы  көчмөн өзбек урууларынын жардамы менен такка отуруп, өз бийлигин чыңдоо үчүн түркмөндөргө, калмактарга, Бухара хандыгына каршы күрөшкөн. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген. Анын «Шажарай-и-түрк» жана «Шажарай-йи-таракима» («Түрк элдеринин санжырасы», «Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борбордук Азиянын элдеринин тарыхы боюнча баалуу тарыхый, этнографиялык   маалыматтар кездешет. Абу-Л-Гази бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу менен Белек Солтоноев кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан.

'''АБУ-Л-ГАЗИ''' Баатыр (Бахадур) хан (24. 8. 1603, Үргөнч–1664, Хива) – Хива ханы (1643–1663), тарыхчы. Бухара хандыгынын ханы (1500–1510) ''Мухаммед Шейбанинин'' (Шайбак, Шайбек, Шахибек) тукуму, Хива ханы (1602–1621) Араб Мухаммеддин уулу. 1620-ж. атасы ага Кыят аймагын энчилеген, көп өтпөй бир туугандары менен араздашып, адегенде Самаркандка, андан 1626-ж. казак ханы (1598–1628) Эшимдин алдына качып, үч айдан кийин анын атааңдашы Ташкент шаарын бийлеген (1613–1627) Турсун Мухаммедке келген. Эки жылдан кийин Хиваны алууга жасаган аракетинен майнап чыкпай, Сефевиддердин шахы (1628–1641) Сефи Iнин алдына барып баш калкалаган. Ал жактан Балкан жарым аралына качып, кийинчерээк калмактардын ханы Хо-Өрүлүккө (1644-ж. өлгөн), андан Арал деңизинин айланасындагы көчмөн казак, өзбек, каракалпак  урууларынын ичинде туруп, алардын колдоосу менен 1643-ж. Хиванын тагын алган. 1663-ж. Хива хандыгынын тагын уулу Ануш-ханга өткөрүп берип, 1664-ж. дүйнөдөн кайткан. Абул-л-Гази ошол мезгилдердеги билимдүү адамдан болуп, түрк элдеринин тарыхын жакшы билиши менен айырмаланган. Анын 1661-ж. жазылган «Шажарай-йи-таракима» («Түрк элдеринин санжырасы» жана 1665-ж. бүткөн «Шажарай-и-түрк» («Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. «Шажарай-и-түрк» алгач француз (1726), орус (1770, 1780), немец (1780) тилдерине которулуп, басылып чыккан. Анда ''Чыңгыз-хандан'' мурунку, ошондой эле өзүнүн тушундагы Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыштагы орчундуу окуялар камтылган. Айрымдары кыргыз санжыраларына үндөшкөнү байкалып, ал эмгектен Борбордук Азияда жашаган урууларга тиешелүү тарыхый, этнографиялык баалуу маалыматтарды алууга болот''.'' Абул-л-Газинин эмгектерин ''Осмоналы Сыдык уулу'', ''Белек Солтоноев'' ж. б. сыяктуу кыргыздын белгилүү тарыхчылары, ошондой эле Орто Азия элдеринин байыркы тарыхын изилдеген чет элдик окумуштуулар да кеңири пайдаланышкан.

14:35, 31 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

АБУ-Л-ГАЗИ Баатыр (Бахадур) хан (24. 8. 1603, Үргөнч–1664, Хива) – Хива ханы (1643–1663), тарыхчы. Бухара хандыгынын ханы (1500–1510) Мухаммед Шейбанинин (Шайбак, Шайбек, Шахибек) тукуму, Хива ханы (1602–1621) Араб Мухаммеддин уулу. 1620-ж. атасы ага Кыят аймагын энчилеген, көп өтпөй бир туугандары менен араздашып, адегенде Самаркандка, андан 1626-ж. казак ханы (1598–1628) Эшимдин алдына качып, үч айдан кийин анын атааңдашы Ташкент шаарын бийлеген (1613–1627) Турсун Мухаммедке келген. Эки жылдан кийин Хиваны алууга жасаган аракетинен майнап чыкпай, Сефевиддердин шахы (1628–1641) Сефи Iнин алдына барып баш калкалаган. Ал жактан Балкан жарым аралына качып, кийинчерээк калмактардын ханы Хо-Өрүлүккө (1644-ж. өлгөн), андан Арал деңизинин айланасындагы көчмөн казак, өзбек, каракалпак  урууларынын ичинде туруп, алардын колдоосу менен 1643-ж. Хиванын тагын алган. 1663-ж. Хива хандыгынын тагын уулу Ануш-ханга өткөрүп берип, 1664-ж. дүйнөдөн кайткан. Абул-л-Гази ошол мезгилдердеги билимдүү адамдан болуп, түрк элдеринин тарыхын жакшы билиши менен айырмаланган. Анын 1661-ж. жазылган «Шажарай-йи-таракима» («Түрк элдеринин санжырасы» жана 1665-ж. бүткөн «Шажарай-и-түрк» («Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. «Шажарай-и-түрк» алгач француз (1726), орус (1770, 1780), немец (1780) тилдерине которулуп, басылып чыккан. Анда Чыңгыз-хандан мурунку, ошондой эле өзүнүн тушундагы Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыштагы орчундуу окуялар камтылган. Айрымдары кыргыз санжыраларына үндөшкөнү байкалып, ал эмгектен Борбордук Азияда жашаган урууларга тиешелүү тарыхый, этнографиялык баалуу маалыматтарды алууга болот. Абул-л-Газинин эмгектерин Осмоналы Сыдык уулу, Белек Солтоноев ж. б. сыяктуу кыргыздын белгилүү тарыхчылары, ошондой эле Орто Азия элдеринин байыркы тарыхын изилдеген чет элдик окумуштуулар да кеңири пайдаланышкан.