Difference between revisions of "АБРАМЗОН Саул Матвеевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБРАМЗОН''' Саул Матвеевич (22. 6. (5.7). 1905, Орлов губерниясы, Дмитровск шаары – 1. 9. 1977, Ленинград]) – этнолог, түрколог, тарых илимдеринин  доктору (1968); кыргыз этнография илимин негиздегендердин бири. [[File:АБРАМЗОН53.png | thumb|none]]1926-жылы  Ленинград мамлекеттик  университетинин география факультетин бүтүргөн. 1926–31-жылдары Кыргызстанда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору, Мекен таануу илимий-изилдөө  институтунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатьна караштуу Маданий курулуш илимий-изилдөө  институтунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР ИАнын Этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук илимий  кызматкери, сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946–47- жана 1953–55-жылдарда  Кыргызстанда этнографиялык  экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын тарыхын, маданиятын, үрп-адатын, ошондой  эле «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этнографиялык булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашуун илимий эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) ж.б. эмгектеринде чагылдырылган. Кыргызстанда этнография  илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоого зор эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

'''АБРАМЗОН''' Саул Матвеевич (22. 6. (5.7). 1905, Орлов губерниясы, Дмитровск шаары – 1. 9. 1977, Ленинград]) – этнолог, түрколог, тарых илимдеринин  доктору (1968); кыргыз этнография илимин негиздегендердин бири. [[File:АБРАМЗОН53.png | thumb|none]]1926-жылы  Ленинград мамлекеттик  университетинин география факультетин бүтүргөн. 1926–31-жылдары Кыргызстанда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору, Мекен таануу илимий-изилдөө  институтунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатьна караштуу Маданий курулуш илимий-изилдөө  институтунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР ИАнын Этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук илимий  кызматкери, сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946–47- жана 1953–55-жылдарда  Кыргызстанда этнографиялык  экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын урууларга бөлүнүү өзгөчөлүктөрүн, байыркы тарыхына тиешелүү масалалерин, маданиятын, үрп-адатын, ошондой  эле «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этнографиялык булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашуун илимий эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) ж.б. эмгектеринде чагылдырылган. Кыргызстанда этнография  илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоого зор эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Эмг.: ''Абрамзон'' С. ''М.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; ''Абрамзон С. М., Антипина К. И., Васильева Г. П., Махова Е. И., Сулайманов Д.'' «Быт колхозников киргизских селений Дархан и Чичкан*. М., 1958; ''С. М. Абрамзон. ''Киргизы, т. II., М., 1963.

Эмг.: ''Абрамзон'' С. ''М.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; ''Абрамзон С. М., Антипина К. И., Васильева Г. П., Махова Е. И., Сулайманов Д.'' «Быт колхозников киргизских селений Дархан и Чичкан*. М., 1958; ''С. М. Абрамзон. ''Киргизы, т. II., М., 1963.

13:42, 29 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

АБРАМЗОН Саул Матвеевич (22. 6. (5.7). 1905, Орлов губерниясы, Дмитровск шаары – 1. 9. 1977, Ленинград]) – этнолог, түрколог, тарых илимдеринин доктору (1968); кыргыз этнография илимин негиздегендердин бири.

АБРАМЗОН53.png

1926-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн. 1926–31-жылдары Кыргызстанда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору, Мекен таануу илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатьна караштуу Маданий курулуш илимий-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР ИАнын Этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946–47- жана 1953–55-жылдарда Кыргызстанда этнографиялык экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын урууларга бөлүнүү өзгөчөлүктөрүн, байыркы тарыхына тиешелүү масалалерин, маданиятын, үрп-адатын, ошондой эле «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этнографиялык булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашуун илимий эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) ж.б. эмгектеринде чагылдырылган. Кыргызстанда этнография илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоого зор эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Абрамзон С. М., Антипина К. И., Васильева Г. П., Махова Е. И., Сулайманов Д. «Быт колхозников киргизских селений Дархан и Чичкан*. М., 1958; С. М. Абрамзон. Киргизы, т. II., М., 1963.