Difference between revisions of "ААЛАМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
–мейкиндик м-н убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери ж-a электрмагниттик толкундар кирет. А-да үзгүлтүксүз өзгөрүү ж-a өнүгүү нроцесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору м-н түшүндүрүлөт. А-ды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. ''Астрономиянын'' А-ды изилдөөчү бөлүгү ''космология'' деп аталат. Б. з. ч. 4-к-да ''Аристо тель'' А. түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бар дык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-к-дарда жашаган механик-математик ''Архимед'' А. шар формада болорун ж-a анын борбору Жер м-н дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер м-н Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. ''Жордано Бруно Н. Коперниктин'' окуусуна таянып, 16-к-дын аягында А. чексиз, жылдыздар м-н планеталар Күндүн тегерегинде айланат де ген ж-a алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-к-да ''күн системасын'' ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - ''Галактика'' ачылган. Өзгөчө 20-к-дын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, ''радиоастрономиянын ''өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы А. ж-дөгү илимдин дүркүрөн өсүшүнө алын келди. А-дын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири –
'''ААЛАМ''' – мейкиндик менен убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери жанa электромагниттик толкундар кирет. Ааламда үзгүлтүксүз өзгөрүү жанa өнүгүү процесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору менен түшүндүрүлөт. Ааламды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. ''Астрономиянын'' Ааламды изилдөөчү бөлүгү ''космология'' деп аталат. Б. з. ч. 4-кылымда ''Аристотель'' Аалам  түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бардык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-кылымдарда жашаган механик-математик ''Архимед'' Аалам шар формада болорун жанa анын борбору Жер менен дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. ''Жордано Бруно Н. Коперниктин'' окуусуна таянып, 16-кылымдын аягында Аалам чексиз, жылдыздар менен планеталар Күндүн тегерегинде айланат деген жанa алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-кылымда ''күн системасын'' ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - ''Галактика'' ачылган. Өзгөчө 20-кылымдын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, ''радиоастрономиянын ''өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы Аалам жөнүндөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да заттар бир кылка таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10 −23- 10 _25г/''см3)'' кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири-биринен белгилүү ылдамдык менен алыстайт, бул кубулуш Ааламдын кеңейиши деп аталып, ''Хаббл законуна'' баш ийет. Ааламдагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт''. ''
Ааламдагы галактикалардын 4 тиби:

[[File:ААЛАМ1.png | thumb | 1. NGC 3031 (М81) Чоң Жетиген тобундагы спираль түрүндөгү галактика.]]
[[File:ААЛАМ2.png | thumb | 2. NGC 4565 - Бийкеч тобундагы спираль түрүндөгү галактика (капталынан көрүнүшү).]]
[[File:ААЛАМ3.png | thumb | 3. NGC 4472 (М49)-Бийкеч тобундагы эн чоң таптолуудагы элипстик галактика.]]
[[File:ААЛАМ4.png | thumb | 4. NGC 175 – Бутактуу спиралдык галактика.]]
андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар А-дын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да зат тар бир кылка таралган эмес. Газ м-н чаңдын тыгыздыктары (10 -23- 10 _25г/''см3)'' кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири биринен белгилүү ылдамдык м-н алыстайт, бул кубулуш А-дын кеңейиши деп аталып, ''Хаббл законуна'' баш ийет. А-дагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт ''(сурөтүн к. 10-беттен). ''Ад.: ''Шкловский И. С.'' Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; ''Агекян Т. А.'' Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.

Ад.: ''Шкловский И. С.'' Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; ''Агекян Т. А.'' Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.

[[Категория:1-Том]]

13:46, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -га соңку версиясы

ААЛАМ – мейкиндик менен убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери жанa электромагниттик толкундар кирет. Ааламда үзгүлтүксүз өзгөрүү жанa өнүгүү процесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору менен түшүндүрүлөт. Ааламды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. Астрономиянын Ааламды изилдөөчү бөлүгү космология деп аталат. Б. з. ч. 4-кылымда Аристотель Аалам түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бардык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-кылымдарда жашаган механик-математик Архимед Аалам шар формада болорун жанa анын борбору Жер менен дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. Жордано Бруно Н. Коперниктин окуусуна таянып, 16-кылымдын аягында Аалам чексиз, жылдыздар менен планеталар Күндүн тегерегинде айланат деген жанa алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-кылымда күн системасын ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - Галактика ачылган. Өзгөчө 20-кылымдын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, радиоастрономиянын өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы Аалам жөнүндөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да заттар бир кылка таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10 −23- 10 _25г/см3) кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири-биринен белгилүү ылдамдык менен алыстайт, бул кубулуш Ааламдын кеңейиши деп аталып, Хаббл законуна баш ийет. Ааламдагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт.

Ад.: Шкловский И. С. Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; Агекян Т. А. Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.