Difference between revisions of "АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ,''' Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганистан, Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканддан болгон, ал Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кади | '''АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ,''' Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганистан, Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканддан болгон, ал Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кади жанa имам кызматында турган. A. а.-Р. С. атасынын жолун улап, тимуриддердин кызматына өткөн, 1442-ж. Шахрухтун Гераттан чыккан элчилери менен бирге Түштүк Индияга жөнөтүлгөн. 1446–47-ж. Ирандын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма менен барган. 1463-ж. Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир ж-a меценат Мир Алишер ''Навоинин'' колдоосуна ээ болгон. Самарканди «М а т л а ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген фарси тилиндеги тарыхый эмгекти жазган. Чыгармада Абу Саид Хулагуинун ж-a Абу Саид Тимуриддин мезгилдериндеги окуяларды, б. а. 170 жылдык тарыхты камтыган. Анын биринчи ж-a экинчи бөлүгүндөгү 1426–27-ж. чейинки окуяларды баяндоодо Хафиз-и Абрунун эмгегиндеги кабарларды кыскартып берген. «Матла ас-са дайнда» акыркы 45 жылдагы окуя, тактап айтканда Хафиз-и Абру жазган 1426–27-жылдардан кийинки окуяларга автордун өзү күбө болгондугу ж-a катышкандыгы менен баалуу. Орто Азиянын, Ирандын ж-a Афганистандын Тимур ж-a анын урпактарынын учурундагы тарыхын окуп үйрөнүүдө ж-a изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан. Тимур ж-a тимуриддердин Моголстанга жасаган жортуулдарын баяндоодо А. а-Р. С. чыгармаларында Теңир-Тоодогу кыргыздар тууралуу эскерет. Анда 14–15-к-дын аралыгында Тимурдун небереси Моголстанга жасаган чабуулунда «алмалыктык, хотандык бир канча сулууларын, кыргыздын жана бешбалыктык чүрөктөрдү» чоң атасына тартууга жөнөткөнү айтылат. Искендердин чыгышка жасаган жортуулдары Теңир-Тоодон жана Чыгыш Түркстандан ашкан эмес. Анын кошуундары Беш-Балык шаарына кол салганда шаардын айланасындагы «кыргыз чүрөктөрүн» туткундаган. Эмгектеги мындай маалыматтар кыргыздардын 14-к-дын аягы 15-к-дын баш чендеринде Теңир-Тоо этектери жана анын түндүк тарабындагы аймактарда байырлаганын ырастайт. | ||
''Т. Асанов.'' | ''Т. Асанов.'' | ||

13:10, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
АБД АР-РАЗЗАК САМАРКАНДИ, Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганистан, Герат шаары – 1482, ошол эле жерде) – орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканддан болгон, ал Шахрухтун (1405–1447) ордосунда кади жанa имам кызматында турган. A. а.-Р. С. атасынын жолун улап, тимуриддердин кызматына өткөн, 1442-ж. Шахрухтун Гераттан чыккан элчилери менен бирге Түштүк Индияга жөнөтүлгөн. 1446–47-ж. Ирандын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма менен барган. 1463-ж. Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир ж-a меценат Мир Алишер Навоинин колдоосуна ээ болгон. Самарканди «М а т л а ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген фарси тилиндеги тарыхый эмгекти жазган. Чыгармада Абу Саид Хулагуинун ж-a Абу Саид Тимуриддин мезгилдериндеги окуяларды, б. а. 170 жылдык тарыхты камтыган. Анын биринчи ж-a экинчи бөлүгүндөгү 1426–27-ж. чейинки окуяларды баяндоодо Хафиз-и Абрунун эмгегиндеги кабарларды кыскартып берген. «Матла ас-са дайнда» акыркы 45 жылдагы окуя, тактап айтканда Хафиз-и Абру жазган 1426–27-жылдардан кийинки окуяларга автордун өзү күбө болгондугу ж-a катышкандыгы менен баалуу. Орто Азиянын, Ирандын ж-a Афганистандын Тимур ж-a анын урпактарынын учурундагы тарыхын окуп үйрөнүүдө ж-a изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан. Тимур ж-a тимуриддердин Моголстанга жасаган жортуулдарын баяндоодо А. а-Р. С. чыгармаларында Теңир-Тоодогу кыргыздар тууралуу эскерет. Анда 14–15-к-дын аралыгында Тимурдун небереси Моголстанга жасаган чабуулунда «алмалыктык, хотандык бир канча сулууларын, кыргыздын жана бешбалыктык чүрөктөрдү» чоң атасына тартууга жөнөткөнү айтылат. Искендердин чыгышка жасаган жортуулдары Теңир-Тоодон жана Чыгыш Түркстандан ашкан эмес. Анын кошуундары Беш-Балык шаарына кол салганда шаардын айланасындагы «кыргыз чүрөктөрүн» туткундаган. Эмгектеги мындай маалыматтар кыргыздардын 14-к-дын аягы 15-к-дын баш чендеринде Теңир-Тоо этектери жана анын түндүк тарабындагы аймактарда байырлаганын ырастайт.
Т. Асанов.