Difference between revisions of "АЯТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЯТ,''' (ар. аят ‒ керемет, укмуш) ‒ Курандын касиеттүү саптары; Курандын эӊ кичине, өз алдынча бөлүктөрү. Бир нече А. биригип, сүрөөнү (бапты) түзөт. А-ты мусулмандар кереметтүү ырлар деп аташат. А. Куран 114 сүрөөдөн турат. Ал сүрөөлөр узундугу, көлөмү б-ча белгилүү бир тартип менен жайгашкан жана ар бир сүрөө А-ка бөлүнөт. Эӊ узун сүрөөдө 286 А. бар. А-тарда бир сөздөн 68 сөзгө чейин болушу мүмкүн. Куранда бардыгы 6204‒6236 (ар кыл эсептөөлөр б-ча) А., анда 77934 сөз бар. Араб ири дин уламаларынын ою б-ча, Курандын аят-сүрөөлөрү кереметтүү күчкө, укмуштай купуя сырга ээ болгондуктан, аны башка тилге которуу болбойт деген табу кылымдар бою сакталып келген. Бирок, мусулман калкынын билим-мад-т деӊгээлинин жогорулашы, Куранга болгон кызыгуулардын натыйжасында жогорудагы табу өз күчүн жоготконсуду. Азыр Куран кыйла элдердин тилине которулуп, жарык көрүүдө. Кыргызчасы Эрнис ''Турсунов'' дун которуусунда жарык көргөн.
'''АЯТ,''' (ар. аят ‒ керемет, укмуш) ‒ Курандын касиеттүү саптары; Курандын эӊ кичине, өз алдынча бөлүктөрү. Бир нече Аят биригип, сүрөөнү (бапты) түзөт. Аятты мусулмандар кереметтүү ырлар деп аташат. Аят Куран 114 сүрөөдөн турат. Ал сүрөөлөр узундугу, көлөмү боюнча белгилүү бир тартип менен жайгашкан жана ар бир сүрөө Аятка бөлүнөт. Эӊ узун сүрөөдө 286 Аят бар. Аяттарда бир сөздөн 68 сөзгө чейин болушу мүмкүн. Куранда бардыгы 6204‒6236 (ар кыл эсептөөлөр боюнча) Аят, анда 77934 сөз бар. Араб ири дин уламаларынын ою боюнча, Курандын аят-сүрөөлөрү кереметтүү күчкө, укмуштай купуя сырга ээ болгондуктан, аны башка тилге которуу болбойт деген табу кылымдар бою сакталып келген. Бирок, мусулман калкынын билим-маданият деӊгээлинин жогорулашы, Куранга болгон кызыгуулардын натыйжасында жогорудагы табу өз күчүн жоготконсуду. Азыр Куран кыйла элдердин тилине которулуп, жарык көрүүдө. Кыргызчасы Эрнис ''Турсунов''дун которуусунда жарык көргөн.

''Б.Солтонбеков.''

''Б.Солтонбеков.''

10:23, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

АЯТ, (ар. аят ‒ керемет, укмуш) ‒ Курандын касиеттүү саптары; Курандын эӊ кичине, өз алдынча бөлүктөрү. Бир нече Аят биригип, сүрөөнү (бапты) түзөт. Аятты мусулмандар кереметтүү ырлар деп аташат. Аят Куран 114 сүрөөдөн турат. Ал сүрөөлөр узундугу, көлөмү боюнча белгилүү бир тартип менен жайгашкан жана ар бир сүрөө Аятка бөлүнөт. Эӊ узун сүрөөдө 286 Аят бар. Аяттарда бир сөздөн 68 сөзгө чейин болушу мүмкүн. Куранда бардыгы 6204‒6236 (ар кыл эсептөөлөр боюнча) Аят, анда 77934 сөз бар. Араб ири дин уламаларынын ою боюнча, Курандын аят-сүрөөлөрү кереметтүү күчкө, укмуштай купуя сырга ээ болгондуктан, аны башка тилге которуу болбойт деген табу кылымдар бою сакталып келген. Бирок, мусулман калкынын билим-маданият деӊгээлинин жогорулашы, Куранга болгон кызыгуулардын натыйжасында жогорудагы табу өз күчүн жоготконсуду. Азыр Куран кыйла элдердин тилине которулуп, жарык көрүүдө. Кыргызчасы Эрнис Турсуновдун которуусунда жарык көргөн.

Б.Солтонбеков.