Difference between revisions of "АШИНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АШИНА‒''' байыркы түрк уруусу. Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу Кытайдын «Бей ши» (304‒436), «Чжоу шу» (556‒581), «Бей Ци шу» (550‒577) жана «Суй шу» (589‒619) тарых наамаларында кездешет. Андагы түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын бири б-ча түрк урууларынын ата-бабалары хунн урууларынын түндүгүндө, Со аймагында жашаган. Алар 70 бир тууган болуп, эӊ улуусу Ичжини-Нишоду карышкырдын баласы болуптур. Со аймагын душмандар басып алып, алардын ичинен жалгыз Ичжини Нишоду гана аман калганы айтылат.  Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири ак кууга айланып кеткен. Экинчиси ‒ Цигу (С. Е. Яхонтовдун пикири б-ча цигу «кыргыз» этнониминин алгачкы фонет. варианттарынын бири) Афу (Абакан суусу, Енисейдин ири куймасы) менен Гян (Кем, б. а. Енисей) д-нын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюндагы жерлерди башкарыптыр. Алардын эӊ улуусу Надулу-шадды жерг. калк падыша шайлап алышкан. Надулу-шад эӊ кичүү онунчу аялынан Ашина аттуу уулдуу болот. Надулу дүйнөдөн кайткан соӊ анын балдары А-ны баарынан бийик секиргендиги үчүн Ахян-шад деген ысым беришип, падыша шайлап алышкан. Кийинчерээк ошол уламышта айтылган Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк кагандыгын негиздеген. Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н. А. ''Аристов'' Со аймагын Алтайдын түн. этегиндеги Лебедь суусунун Бий д-на куйган жеринде жашаган Со уругу менен байланыштырат. Ичжини-Ни шодунун ак кууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык куукижи (лебединдер) деп белгилейт. Ал эми анын үчүнчү жана төртүнчү баласынын жергесин Катун д-на куйган Чүй бассейнине окшоштурат. Н. А. Аристов Ичжини-Нишо дунун экинчи уулу Цигу бийлеген аймакты Енисей менен Абакан д-нын ортосуна жайгаштырат. Түрк урууларынын чыгышы ж-дөгү экинчи уламыш б-ча алардын түпкү ата-бабалары бир чоӊ саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишет. Аны ургаачы карышкыр багып чоӊойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турпандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу чоӊ үӊкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоӊойгондон кийин турпандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан. Карышкырдын он баласынын бири ‒ А. жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жол башчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилип калат. Кийинчерээк Асяншад деген жол башчы А. уруусун үӊкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен. Бул эки уламыштагы окшош тарыхый маалыматтар, Асян-шад, А. сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр менен байланыштырышы жалпы эле Азия элдерине мүнөздүү көрүнүш. Экинчи уламыштын мазмуну б-ча А. уруусунун чыгышы Түн. Кытай жана Чыгыш Түркстан менен байланыштуу. «Суй шуда» деген тарыхый булакта: «Тукйүенин (түрктөрдүн) ата-бабалары Пинлянды н ху (урууларынын) аралашмасынан. Алардын уругунун аты ‒ ашина. Түн. вэйлик император Тай У-ди Цзүйцүйдү жок кылганда А. (уруу жол башчысы) 500 үй-бүлө менен жужуларга (жужундарга) качып кеткен. Алар укум-тукумдашып, Цзиньшань (Алтай тоолорунун) тектеринде жашашып, темир иштетүү менен кесиптенишкен» деп эскерилет. А. уруусу алгач Алтайга көчүп баргандан кийин ''жужандарга'' көз каранды болуп, аларга салык төлөп турушкан. А. уруусунун жол башчылары Асяншад, Туу жана Бумын жүз жылга жакын мезгилде коӊшулаш жашаган калктарды баш ийдиришкен. Алардын уруу бирикмесинин саясий жактан жогорулашына байланыштуу «түрк» деген жаӊы термин пайда болуп, ал адегенде А. ак сөөктөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө гана тиешелүү болсо, бара-бара уруулар союзунун, андагы калктын, кийин мамлекеттин атына айланган.
Ад.: ''Бичурин Н. Я''. Собрание сведений народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950 Т. 1; ''Зуев Ю. А''. Древнетюркские генеалоги ческие предания как источник по ранней истории тюрков. А.-А., 1967; ''Өмүркул Кара уулу.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Кляшторный С. Г.'' История Центральной Азии и памятники рунического письма. Спб., 2003.
'''АШИНА‒''' байыркы түрк уруусу. Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу Кытайдын «Бей ши» (304‒436), «Чжоу шу» (556‒581), «Бей Ци шу» (550‒577) жана «Суй шу» (589‒619) тарых наамаларында кездешет. Андагы түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын бири боюнча түрк урууларынын ата-бабалары хунн урууларынын түндүгүндө, Со аймагында жашаган. Алар 70 бир тууган болуп, эӊ улуусу Ичжини-Нишоду карышкырдын баласы болуптур. Со аймагын душмандар басып алып, алардын ичинен жалгыз Ичжини Нишоду гана аман калганы айтылат.  Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири ак кууга айланып кеткен. Экинчиси ‒ Цигу (С. Е. Яхонтовдун пикири боюнча цигу «кыргыз» этнониминин алгачкы фонетикалык варианттарынын бири) Афу (Абакан суусу, Енисейдин ири куймасы) менен Гян (Кем, башкача айтканда Енисей) дарыясынын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюндагы жерлерди башкарыптыр. Алардын эӊ улуусу Надулу-шадды жергиликтүү калк падыша шайлап алышкан. Надулу-шад эӊ кичүү онунчу аялынан Ашина аттуу уулдуу болот. Надулу дүйнөдөн кайткан соӊ анын балдары Ашинаны баарынан бийик секиргендиги үчүн Ахян-шад деген ысым беришип, падыша шайлап алышкан. Кийинчерээк ошол уламышта айтылган Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк кагандыгын негиздеген. Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н. А. ''Аристов'' Со аймагын Алтайдын түндүк этегиндеги Лебедь суусунун Бий дарыясына куйган жеринде жашаган Со уругу менен байланыштырат. Ичжини-Ни шодунун ак кууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык куукижи (лебединдер) деп белгилейт. Ал эми анын үчүнчү жана төртүнчү баласынын жергесин Катун дарыясына куйган Чүй бассейнине окшоштурат. Н. А. Аристов Ичжини-Нишо дунун экинчи уулу Цигу бийлеген аймакты Енисей менен Абакан дарыяларынын ортосуна жайгаштырат. Түрк урууларынын чыгышы жөнүндөгү экинчи уламыш боюнча алардын түпкү ата-бабалары бир чоӊ саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишет. Аны ургаачы карышкыр багып чоӊойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турпандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу чоӊ үӊкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоӊойгондон кийин турпандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан. Карышкырдын он баласынын бири ‒ Ашина жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жол башчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилип калат. Кийинчерээк Асяншад деген жол башчы Ашина уруусун үӊкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен. Бул эки уламыштагы окшош тарыхый маалыматтар, Асян-шад, Ашина  сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр менен байланыштырышы жалпы эле Азия элдерине мүнөздүү көрүнүш. Экинчи уламыштын мазмуну боюнча Ашина  уруусунун чыгышы Түндүк Кытай жана Чыгыш Түркстан менен байланыштуу. «Суй шуда» деген тарыхый булакта: «Тукйүенин (түрктөрдүн) ата-бабалары Пинлянды н ху (урууларынын) аралашмасынан. Алардын уругунун аты ‒ ашина. Түндүк вэйлик император Тай У-ди Цзүйцүйдү жок кылганда. Ашина  (уруу жол башчысы) 500 үй-бүлө менен жужуларга (жужундарга) качып кеткен. Алар укум-тукумдашып, Цзиньшань (Алтай тоолорунун) тектеринде жашашып, темир иштетүү менен кесиптенишкен» деп эскерилет. Ашина  уруусу алгач Алтайга көчүп баргандан кийин ''жужандарга'' көз каранды болуп, аларга салык төлөп турушкан. Ашина  уруусунун жол башчылары Асяншад, Туу жана Бумын жүз жылга жакын мезгилде коӊшулаш жашаган калктарды баш ийдиришкен. Алардын уруу бирикмесинин саясий жактан жогорулашына байланыштуу «түрк» деген жаӊы термин пайда болуп, ал адегенде Ашина  ак сөөктөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө гана тиешелүү болсо, бара-бара уруулар союзунун, андагы калктын, кийин мамлекеттин атына айланган.
Ад.: ''Бичурин Н. Я''. Собрание сведений народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950 Т. 1; ''Зуев Ю. А''. Древнетюркские генеалоги ческие предания как источник по ранней истории тюрков. А.-А., 1967; ''Өмүркул Кара уулу.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Кляшторный С. Г.'' История Центральной Азии и памятники рунического письма. Спб., 2003.

''Ө. Караев.''

''Ө. Караев.''

09:23, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

АШИНА‒ байыркы түрк уруусу. Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу Кытайдын «Бей ши» (304‒436), «Чжоу шу» (556‒581), «Бей Ци шу» (550‒577) жана «Суй шу» (589‒619) тарых наамаларында кездешет. Андагы түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын бири боюнча түрк урууларынын ата-бабалары хунн урууларынын түндүгүндө, Со аймагында жашаган. Алар 70 бир тууган болуп, эӊ улуусу Ичжини-Нишоду карышкырдын баласы болуптур. Со аймагын душмандар басып алып, алардын ичинен жалгыз Ичжини Нишоду гана аман калганы айтылат. Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири ак кууга айланып кеткен. Экинчиси ‒ Цигу (С. Е. Яхонтовдун пикири боюнча цигу «кыргыз» этнониминин алгачкы фонетикалык варианттарынын бири) Афу (Абакан суусу, Енисейдин ири куймасы) менен Гян (Кем, башкача айтканда Енисей) дарыясынын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюндагы жерлерди башкарыптыр. Алардын эӊ улуусу Надулу-шадды жергиликтүү калк падыша шайлап алышкан. Надулу-шад эӊ кичүү онунчу аялынан Ашина аттуу уулдуу болот. Надулу дүйнөдөн кайткан соӊ анын балдары Ашинаны баарынан бийик секиргендиги үчүн Ахян-шад деген ысым беришип, падыша шайлап алышкан. Кийинчерээк ошол уламышта айтылган Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк кагандыгын негиздеген. Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н. А. Аристов Со аймагын Алтайдын түндүк этегиндеги Лебедь суусунун Бий дарыясына куйган жеринде жашаган Со уругу менен байланыштырат. Ичжини-Ни шодунун ак кууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык куукижи (лебединдер) деп белгилейт. Ал эми анын үчүнчү жана төртүнчү баласынын жергесин Катун дарыясына куйган Чүй бассейнине окшоштурат. Н. А. Аристов Ичжини-Нишо дунун экинчи уулу Цигу бийлеген аймакты Енисей менен Абакан дарыяларынын ортосуна жайгаштырат. Түрк урууларынын чыгышы жөнүндөгү экинчи уламыш боюнча алардын түпкү ата-бабалары бир чоӊ саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишет. Аны ургаачы карышкыр багып чоӊойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турпандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу чоӊ үӊкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоӊойгондон кийин турпандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан. Карышкырдын он баласынын бири ‒ Ашина жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жол башчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилип калат. Кийинчерээк Асяншад деген жол башчы Ашина уруусун үӊкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен. Бул эки уламыштагы окшош тарыхый маалыматтар, Асян-шад, Ашина сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр менен байланыштырышы жалпы эле Азия элдерине мүнөздүү көрүнүш. Экинчи уламыштын мазмуну боюнча Ашина уруусунун чыгышы Түндүк Кытай жана Чыгыш Түркстан менен байланыштуу. «Суй шуда» деген тарыхый булакта: «Тукйүенин (түрктөрдүн) ата-бабалары Пинлянды н ху (урууларынын) аралашмасынан. Алардын уругунун аты ‒ ашина. Түндүк вэйлик император Тай У-ди Цзүйцүйдү жок кылганда. Ашина (уруу жол башчысы) 500 үй-бүлө менен жужуларга (жужундарга) качып кеткен. Алар укум-тукумдашып, Цзиньшань (Алтай тоолорунун) тектеринде жашашып, темир иштетүү менен кесиптенишкен» деп эскерилет. Ашина уруусу алгач Алтайга көчүп баргандан кийин жужандарга көз каранды болуп, аларга салык төлөп турушкан. Ашина уруусунун жол башчылары Асяншад, Туу жана Бумын жүз жылга жакын мезгилде коӊшулаш жашаган калктарды баш ийдиришкен. Алардын уруу бирикмесинин саясий жактан жогорулашына байланыштуу «түрк» деген жаӊы термин пайда болуп, ал адегенде Ашина ак сөөктөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө гана тиешелүү болсо, бара-бара уруулар союзунун, андагы калктын, кийин мамлекеттин атына айланган.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950 Т. 1; Зуев Ю. А. Древнетюркские генеалоги ческие предания как источник по ранней истории тюрков. А.-А., 1967; Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Кляшторный С. Г. История Центральной Азии и памятники рунического письма. Спб., 2003.

Ө. Караев.