Difference between revisions of "БЕКБОЕВ Аскарбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7))
(Айырма жок)

15:29, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

Илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1989), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2009). 1978–79-ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиосунда кабарчы, 1980–93-ж. КР УИАнын Философия жана укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, аспирант, улук ил. кызматкер, окумуштуу катчы, докторант, 1994–2002-ж. К. Карасаев атн. БГУда окутуучу, доцент, профессор, окуу иштери б-ча 1-проректор, 2002–05-ж. И. Арабаев атн. КМПУда кафедра башчысы, 2005–10-ж. И. Арабаев атн. КМПУда ректор, ошол эле мезгилде ЮНЕСКО иштери б-ча КР Улуттук комиссиясынын курамында илим б-ча комиссиянын төрагасынын орун басары (2006–2010), 2010–12-ж. КР Өкмөтүнүн Аппаратында билим берүү жана мад-т бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылдан бөлүм башчынын орун басары – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүндө билим берүү жана илим секторунун башчысы, КР Профсоюздар федерациясынын төрагасынын кеңешчиси, КР Профсоюздар федерациясына караштуу Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын ректору, "Академиялык альманах" журналынын башкы редактору. 150дөн ашык ил. жана ил. популярдык статьянын, 15 монографиянын, 12 окуу-методикалык эмгектин автору. Эмгектери негизинен диалектикалык логиканын негизг формаларын, зарылдык жана кокустук категорияларынын тарыхый философиялык эволюциясын изилдөөгө багытталган. «Данк» ж. б. медалдар менен сыйланган.