Difference between revisions of "АХМЕТСАФИН"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АХМЕТСАФИН Уфа Меӊдибай уулу''' (15. 7. 1912, Россия империясы, (учурда | '''АХМЕТСАФИН Уфа Меӊдибай уулу''' (15. 7. 1912, Россия империясы, (учурда Түндүк Казакстан облусу, Ак-Кайың району, 2-айыл - 21. 10,1984, Алма-Ата шаары) ‒ Алгач жетим балдар үйүндө, андан соң Оренбург жатак мектебинде окуган. Сүрөтчү болууну каалап, сүрөт тартуу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> да алектенген. <u>Г</u>идрогеолог, географ, геология-минералогия илимдеринин доктору (1947). Казакстан ИАнын академиги (1954), Казакстандын илимине эмгек сиӊирген ишмери (1961), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Орто Азия индустриялык институтун бүтүргөн (1935). Казакстан ИАнын Геология институтунун гидрогеологиялык бөлүмүнүн башчысы (1940‒64), Казакстан ИАнын Гидрогеология <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> гидрофизика институтунун директору (1965). Казакстан гидрогеология мектебине негиз салган. 200дөн ашуун илимий эмгектин автору. Эмгектери Казакстан <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Орто Азиянын чөлдүү аймактарындагы жер астындагы сууну изилдөөгө, гидрогеологиялык прогноздоонун принциптерин негиздөөгө, суу ресурстарын картага түшүрүүгө арналган. Ахметсафин ачкан теориялык негиздер мурда суусуз деп эсептелген аймактарда запасы мол артезиан суу бассейиндерин табууга чоӊ көмөк көрсөткөн.<br> |
11:50, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
АХМЕТСАФИН Уфа Меӊдибай уулу (15. 7. 1912, Россия империясы, (учурда Түндүк Казакстан облусу, Ак-Кайың району, 2-айыл - 21. 10,1984, Алма-Ата шаары) ‒ Алгач жетим балдар үйүндө, андан соң Оренбург жатак мектебинде окуган. Сүрөтчү болууну каалап, сүрөт тартуу менен да алектенген. Гидрогеолог, географ, геология-минералогия илимдеринин доктору (1947). Казакстан ИАнын академиги (1954), Казакстандын илимине эмгек сиӊирген ишмери (1961), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Орто Азия индустриялык институтун бүтүргөн (1935). Казакстан ИАнын Геология институтунун гидрогеологиялык бөлүмүнүн башчысы (1940‒64), Казакстан ИАнын Гидрогеология жана гидрофизика институтунун директору (1965). Казакстан гидрогеология мектебине негиз салган. 200дөн ашуун илимий эмгектин автору. Эмгектери Казакстан менен Орто Азиянын чөлдүү аймактарындагы жер астындагы сууну изилдөөгө, гидрогеологиялык прогноздоонун принциптерин негиздөөгө, суу ресурстарын картага түшүрүүгө арналган. Ахметсафин ачкан теориялык негиздер мурда суусуз деп эсептелген аймактарда запасы мол артезиан суу бассейиндерин табууга чоӊ көмөк көрсөткөн.