Difference between revisions of "БЛЭР Энтони"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Dilde moved page БЛЭР to БЛЭР Энтони)
(Айырма жок)

11:05, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

БЛЭР Энтони (Тони) Чарльз Линтон (6. 5. 1953-ж. т., Эдинбург, Улуу Британия) – мамлекеттик ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997–2007). Юристтин үй-бүлөсүнөн. 1975-ж. Оксфорд ун-тинин юридикалык мектебин бүтүргөн. 1975-ж. Лейбористтик партиясынын катарына өткөн. 1983-жылдан Общиндер палатасынын депутаты, 1984-жылдан финансы, экономика, соода жана ички саясат маселелери боюнча лейбористтер фракциясынын эксперти, 1987-жылдан лейбористтик "көмүскө кабинетте" ар кандай кызматтарды аркалаган, 1994-ж. лейбористтер партиясынын төрагасы болуп шайланып, «Жаңы лейборист, жаңы Британия» деген ураан астында аны реформалоону демилгелеген, бул 1997-жылдагы шайлоодо лейбористтер партиясынын ийгилигине өбөлгө түзгөн. Ал бир катар ички саясий реформаларды жүргүзгөн (Шотландия, Уэльс жана Түн. Ирландияда аймактык парламенттерди түзүү, мамл. мектептерди реформалоо ж. б.). Сербия, Афганистан жана Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттерин активдүү колдогон. 2007-ж. Блэр Лейбористтер партиясынын төрагасы жана премьер-министр кызматын Г. Браунга өткөрүп берген. 2007–15-ж. Жакынкы Чыгышты (Европа Союзу, Россия, АКШ жана БУУ) жөнгө салуу боюнча квартеттин атайын өкүлү. Бир нече банктык топтордун кеңешчиси.