Difference between revisions of "АУТОДАФЕ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АУТОДАФЕ''' (исп. auto de fe ‒ дин актысы) ‒ Испания жана Португалиядагы католиктер чиркөөсүнүн ''инквизиция'' сотунун өкүмүн көпчүлүккө жарыялоо жана ишке ашыруу каадасы. | '''АУТОДАФЕ''' (исп. auto de fe ‒ дин актысы) ‒ Испания жана Португалиядагы католиктер чиркөөсүнүн ''инквизиция'' сотунун өкүмүн көпчүлүккө жарыялоо жана ишке ашыруу каадасы. Аутодафе монахтар жана инквизиция сотунун мүчөлөрү башында турган салтанаттуу процессия менен башталган. Алардын артында жин-шайтандардын, оттун жалынынын сүрөтү түшүрүлгөн кийим кийгизилген соттолгондорду, аягында өкүм ишке ашырылганга чейин эле көз жумгандардын табытын алып өтүшкөн. Процессиянын аягында салтанаттуу табынуу болуп, инквизиция сотунун өкүмү жарыяланган. Андан соӊ «күнөөлүүлөрдү» соттун чыгарган өкүмүнө ылайык, чогулган элдин алдында же балак алышкан же отко өрттөшкөн. Айрым маалыматтар боюнча 1481‒1808-жылдардын аралыгында Испанияда 35658 адам тирүүлөй өрттөлгөн. Акыркы жолу Аутодафе 1826-жылы Валенсия шаарында (Испания) өткөрүлгөн.

15:39, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АУТОДАФЕ (исп. auto de fe ‒ дин актысы) ‒ Испания жана Португалиядагы католиктер чиркөөсүнүн инквизиция сотунун өкүмүн көпчүлүккө жарыялоо жана ишке ашыруу каадасы. Аутодафе монахтар жана инквизиция сотунун мүчөлөрү башында турган салтанаттуу процессия менен башталган. Алардын артында жин-шайтандардын, оттун жалынынын сүрөтү түшүрүлгөн кийим кийгизилген соттолгондорду, аягында өкүм ишке ашырылганга чейин эле көз жумгандардын табытын алып өтүшкөн. Процессиянын аягында салтанаттуу табынуу болуп, инквизиция сотунун өкүмү жарыяланган. Андан соӊ «күнөөлүүлөрдү» соттун чыгарган өкүмүнө ылайык, чогулган элдин алдында же балак алышкан же отко өрттөшкөн. Айрым маалыматтар боюнча 1481‒1808-жылдардын аралыгында Испанияда 35658 адам тирүүлөй өрттөлгөн. Акыркы жолу Аутодафе 1826-жылы Валенсия шаарында (Испания) өткөрүлгөн.