Difference between revisions of "АЛАМАНОВ Баян"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

10:20, 20 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АЛАМАНОВ Баян (1915, Чүй облусу, Кант району, Бирлик айылы ‒ 1985, Фрунзе) ‒ экономист, экономика илимдеринин доктору (1978). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1932), КПCC Борбордук Комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1951). Жалал-Абад, Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары, Кыргызстандын профсоюздар советинин председатели, Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун директору, Кыргыз ССР ИАнын экономика институтунун сектор башчысы. Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикасы боюнча адис болгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Экономика овцеводства Прииссыкуля. Ф., 1960; Воспроизводства основных фондах в колхозах Киргизской ССР. Ф., 1979.