Difference between revisions of "АСАНАЛИЕВ Үсөнгазы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

10:15, 20 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АСАНАЛИЕВ Үсөнгазы (15. 10. 1934, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыр Тилекмат) айылы – 1996, Бишкек шаары) – геология-минерология илимдеринин доктору (1971), профессор (1979), Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги (1993), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, ФФПИни бүткөн (1957). 1958–59-жылдарда Кыргыз CCP геология башкармалыгынын геологиялык чалгындоо партиясында геолог, Кыргыз CCP ИАнын геология институтунда аспирант, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы (1962–1974). 1974–93-жылдарда ФПИде илимий иштер боюнча проректор, 1993–96-жылдарда Кыргыз тоо кен металлургия институтунун ректору. Асаналиев – 150 илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография) автору. Анын илимий изилдөөлөрү негизинен эки багытта жүргүзүлгөн: биринчиси – Теңир-Тоодогу коргошун, цинк, жез, вольфрам, күмүш, алтын, пирит, барит, флюорит кендеринин геологиясын изилдөөгө, экинчиси – түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын, ошондой эле колчедан, барит, флюорит жана целестин стратиформ (чөкмө) кендеринин жер

АСАНАЛИЕВ 71.png


кыртышында пайда болуу жанa жайгашуусунун жалпы мыйзам ченемин аныктоого арналган. Ал стратиформ кендеринин издөө критерийлери менен алдын ала айтуу ыкмасын иштеп чыгып, түстүү, сейрек жанa баалуу металлдардын стратиформ кендеринин пайда болушуна негизделген жалпы классификациясын алгач сунуш кылган. СССРдин (1986), КРдин илим жанa техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын (1995) лауреаты. Асаналиев ысмында Кыргыз тоо-кен металлургия институту, Бишкектеги жанa Кызыл-Кыядагы көчөлөр аталган.
Эмг.: Литология и рудоносность девонских и нижнекаменноугольных девонских отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974; Стратиформные месторождения в истории земной коры. Б., 2004.