Difference between revisions of "АТОМ АРАЛЫК АРАКЕТТЕШҮҮ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ эркин абалдагы, о. эле бир же ар түрдүү молекулалардын, кристаллдардын ж. б. заттардын курамына кирүүчү атомдордун бири-бири м-н өз ара байланыштары. Алар коваленттик, иондук, металлдык, ж-а ван-дер-ваальстык аракеттешүү болуп бөлүнөт. Биринчи үч типтеги аракеттешүү молекулаларда, атомдук ж-а иондук, металлдык кристаллдарда хим. байланыштын пайда болушуна себепкер; ван-дер-ваальстык аракеттешүү молекула аралык өз ара аракетти шарттайт. Коваленттик, иондук, металлдык аракеттешүүнүн энергиясы ~102 кДж/моль, суутектик аракеттешүүнүкү ~10‒50 кДж/моль ж-а ван-дер-ваальстык аракеттешүүнүкү ‒0,1‒1 кДж/моль. Жогоруда аталган күчтөр атомдор же молекулалар аралык тартылууну шарттайт. Мындан тышкары атомдор белгилүү аралыкка жакындаганда алардын ортосунда түртүлүү күчү пайда болуп Паули принциби м-н түшүндүрүлөт. Тартылуу ж-а түртүлүү күчүнүн теӊ салмактуу абалы туруктуу молекулалар же кристаллдардын системасын пайда кылат.