Difference between revisions of "АРКАЛЫК КЫШТАГЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АРКАЛЫК 1 to АРКАЛЫК КЫШТАГЫ) |
|
(Айырма жок)
|
12:58, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АРКАЛЫК – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл аймагына караштуу. Кара-Үңкүр суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. 1937-жылы негизделген. Калкы 930 (2019); негизинен пахта, дан эгиндери, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, мечит, тегирмен, медпункт бар. Ак жуваз иштейт.