Difference between revisions of "АТМОСФЕРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 Ж е р д и н (гр. atmos ‒ буу, sphaira ‒ шар) ‒ Жер шарын курчап турган ж-а аны м-н кошо айланган аба кабыгы. Массасы 5,15 .1015 т. Жер планета катары жаралгандан кийин, анын каткан кыртышынан (литосфера дан) бөлүнүп чыккан газдардан А. пайда болушу мүмкүн. Кийин ар түрдүү факторлордун таасиринен өзгөрүүлөргө учураган. А. темп-расы, молекулалардын иондошуусу ж. б. физ., хим. касиеттери б-ча 5 негизги катмарга бөлүнөт

(к. сүрөт). Атм-нын төмөнкү катмарын т р о п о с ф е р а түзөт. Тропосферада жалпы аба массасы нын 4/5, суу буусунун дээрлик бардыгы топтолуп, аба ырайын пайда кылуучу процесстер (булуттар, жаан-чачын ж. б.) жүрөт. Тропосфера 16‒

Атмосфера кабаттары.

18км бийиктикке чейин камтыйт. Бийиктеген сайын темп-расы төмөндөйт (ар бир кмге орт. 6,5°С). Тропосферад ан жогору, 50‒55 км бийиктикке чейин с т р а т о с ф е р а катмары бар. Орт. темп-расы төмөнкү чегинде, тропопаузага жакын ‒40°тан ‒80°ка чейин өзгөрөт; жогорку чегинде 0°Сге жакындайт (±20°Сге чейин өйдө төмөн болушу мүмкүн). Бул катмар суу буусунун өтө аздыгы, булуттун жоктугу, ал эми озондун арбын болушу м-н өзгөчөлөнөт. Стратосфе ранын үстүндө 50дөн 80‒85 кмге чейинки м е з о- с ф е р а жатат. Анда бийиктеген сайын темп-ра төмөндөйт (0°Сден ‒90°Сге чейин), үстүнкү катмар т е р м о с ф е р а деп аталып, 80ден 300‒ 800 км бийиктикке чейин созулат. Мында негизинен кыска толкундуу күн радиациясын сиӊирип алгандыгына байланыштуу темп-ра 1500°Сге чейин көтөрүлөт. Атм-нын эӊ жогорку (300‒500кмден жогору) өтө суйдаӊ катмары ‒ э к з о- с ф е р а деп аталат; андан суутектин тез кыймылдагы жеӊил атомдору космос мейкиндиги не учуп кетиши мүмкүн. Атм-нын 50 кмден 800кмге чейинки иондошкон калыӊ катмары ‒ и о н о с ф е р а деп аталат. Алардын чегиндеги анча калыӊ эмес кабатчалар ‒ тропопауза, стратопауза, мезопауза ж-а термопауза. А-нын абасы газдардын мех. аралашмасынан (негизинен азот 78,1%, кычкылтек 21%, аргон 0,9%, калган %ин башка газдар түзөт) турат; анда о. эле дайыма суу буусу, суу тамчылары, муз кристаллдары, чаӊ ж. б. да болот. А-нын эӊ негизги бөлүгү ‒ суу буусу. Жерге чектеш катмарда гы анын өлчөмү ар түрдүү: тропиктеги абада 3% болсо, Антарктидада 2.10‒5%. Тыгыздыгы улам бийиктеген сайын азайгандыктан, А-нын массасынын таралышы ар түрдүү. Анын 80%ке жакыны тропосферада топтолсо, термосферада 0,05%. Өтө бийиктиктеги аба Жердегиден өзгөчөлөнүп турат. Мында газдардын диссоциацияланышынан А-дагы молекулалар атомго ажырап, бош атомдор ж-а жаӊы татаал молекулалар пайда болгондуктан, иондошуу процесстери күчөйт. А-нын жогорку катмарында бийиктеген сайын оор салмактуу газдар азайып, жеӊили көбөйөт. А-да болуучу физ. процесстер дин энергиясынын негизги булагы ‒ күндүн радиациясы. А. кыска толкундуу күн радиация сын начар сиӊирет, бирок жербетинен чыккан узун толкундуу жылуу агымдарды жогору өткөзбөйт, ошондуктан жылуулуктун космоско өтүшү азайып, Жердин темп-расы жогорулайт. Аба массалары тынымсыз кыймылда болгондуктан, А-нын бардык катмарларында шамал болуп турат. Ал көп факторлорго байланыштуу, эӊ негизгиси ‒ Жершарынын ар түрдүү аймагында А-нын бирдей жылбагындыгы. Буга күн нурунун ар түрдүү кубат м-н таралышы себеп болот. А-нын текши жылыбагандыгы абанын чоӊ масштабдагы агымдарынын күчөшүнө алып келет (к. Атмосфера циркуляциясы ). А-да болуучу оптикалык, акустикалык, электрдик, метеорол. ж. б. кубулуштар ж-дө к. Атмосфера оптикасы, Атмосфералык электр, Метеорологиялык элементтер ж. б. Жер ж-а андагы тиричилик үчүн А-нын мааниси зор. А-да жаан-чачындан пайда болгон суу жер кыртышынын түзүлүшүн өзгөртүүдө негизги ролду ойнойт. Тоотектердин талкаланышына, темп-ранын өзгөрүп турушуна д. у. с-га А-лык факторлор себеп болот. А. Жер кыртышын асмандан түшүүчү метеориттерден сактайт. Метеориттердин көпчүлүгү А-нын тыгыз катмарына жетери м-н эле күйүп кетет. Тирүү орга низмдердин жашоо тиричилиги А-нын өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизүү м-н бирге алар өз иретинде А-лык шарттарга көз каранды. Мис., тирүү организмдерге чоӊ зыян келтирүүчү Күндүн ультра кызгылт көк нурлары жерге жетпестен А. катмарларына сиӊет. А-дагы кычкылтек жан-жаныбарлар м-н өсүмдүктөрдүн дем алуусун камсыз кылат, андагы көмүр кычкыл газы өсүмдүктөрдүн азыктануусуна керек. Климаттык факторлор, айрыкча темп-ралык режим м-н нымдуулук адамдын тиричилигине ж-а ден соолугуна өтө чоӊ таасир тийгизет. Климаттын мааниси өзгөчө айыл чарбасы үчүн чоӊ. А-ны изилдөө байыркы замандан бери жүргүзүлгөнү м-н аны изилдөөчү илим ‒ метеорология 19-к-да гана пайда болгон. Метеорологиянын тармактарына А. физикасы, А. химиясы, климатоло гия, синоптикалык ж-а динамикалык метеорология ж. б. кирет. Табигаттагы биол. процесстерге А-лык факторлордун тийгизүүчү таасирин биометеорология м-н айыл чарба метеорология сы изилдейт. А-да болуучу кубулуштарды байкоо үчүн жер шарынын ар түрдүү аймактарында метеорол. станциялар, посттор коюлган. Жерден метеорол. байкоолорду жүргүзүүдө радиолокация чоӊ роль ойнойт. Метеорол. изилдөөлөрдө радиозонддордун жардамы м-н А-нын басымын, шамалдын ылдамдыгы м-н багытын, темп-раны, абанын нымдуулугун ченөө максатында А-ны тик зонддоонун мааниси чоӊ. А-ны изилдөөдө самолёт, автоматтык аэростат, метеорол. спутник, ракеталар пайдаланылат.
Ад.: Будыко М. И. Климат в прошлом и будущем. Л., 1980; Будыко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л. История атмосферы. Л., 1985; Атмосфера: Справочник Л., 1991; Хромов С. П., Петросянц М. А. Метеорология и климатология. 5-е изд. М., 2001.