Difference between revisions of "АТЛАНТРОП"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
(Атлас ‒ Африкадагы тоолуу өлкө ж-а гр. anthropos ‒ адам) ‒ Африканын түндүгүнөн табылган адам сөөгүнүн аталышы. 1954‒55-ж. Алжирден француз археологдору тарабынан ачылган. А-тун жаак сөөгү өтө чоӊ, ээк сөөгү жок, тиштери чоӊ, төбө сөөгү калыӊ болгон. Сөөктөр м-н кошо шелль-ашель дооруна таандык таш куралдар да табылган. Анатомиялык түзүлүшү жагынан А. эӊ байыркы адамдарга ‒ архантропторго окшош, питекантроптордун Түн. Африкадагы түрүнүн өкүлү катарында эсептелет. А-тор болжол м-н мындан 360 миӊ жыл мурда жашаган.