Difference between revisions of "АТ КОНОК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 (Phleum L.) ‒ дан өсүмдүктөр тукумундагы көп ж-а бир жылдык чөп. Европа, Азия, Африкада 15 түрү бар. Кырг-нда 4 түрү (шалбаа, талаа, альп ж-а шыпыргы сымал А.к.) өсөт. Бардыгы тоют өсүмдүк. Айрыкча (көп жылдык) шалбаа А. к-гу маанилүү. Бийикт. 140 смге жетет. Топ гүлү ‒ шыпыргы сымал чачык. Чымдуу, саздак, кара, боз топурактуу, кумдак жерде өсөт. Жакшы шартта 10 жыл бою мыкты түшүм берет. Шалбаа А. к. дан өсүмдүктөр м-н кошо эгилип, аралаш тоютка пайдаланылат. Баш алган учурда эки жолу чабылат. Альп А.к. бийик тоолуу жайытта өсөт. Аны бардык мал жакшы жейт.