Difference between revisions of "АБД ЭЛЬ-КЕРИМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБД ЭЛЬ-КЕРИМ,''' А б д  а л ь-К р и м  (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф респ-нын (1921–26) жетекчиси. 1915-ж. өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-ж. бошоткон. 1921–26-ж. рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-ж. Риф респ-нын президенти (эмири). 1926-ж. француздардын колуна түшүп, Реюньон а-на сүргүнгө айдалат. 1947-ж. май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-ж. Түн. Африканы боштондукка чыгаруу к-тинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.
'''АБД ЭЛЬ-КЕРИМ,''' А б д  а л ь-К р и м  (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–26) жетекчиси. 1915-ж. өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-ж. бошоткон. 1921–26-ж. рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-ж. Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-ж. француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-ж. май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-ж. Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.

16:36, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

АБД ЭЛЬ-КЕРИМ, А б д а л ь-К р и м (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–26) жетекчиси. 1915-ж. өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-ж. бошоткон. 1921–26-ж. рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-ж. Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-ж. француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-ж. май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты менен Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-ж. Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.