Difference between revisions of "АТ ЖАБУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстү

нөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы ж-а пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) абайы ‒ жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат м-н көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндер дин минген атына жабылат; 2) дикек ‒ өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы м-н согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эӊиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын үртүк ‒ «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз м-н ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы ж-а соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган А. ж. салттуу майрамдарда пайдаланылат.

Ө. Осмонов.