Difference between revisions of "«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ''' ‒ 1917-20-жылдардагы Казакстан менен Түн. Кыргызстандагы саясий партия. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-жылы пайда болгон. 1917-жылы 21-26-июнда Оренбургда «Жалпы кыргыз» («Жалпы казак») курултайы өтүп, Алаш ''Бөкейханов''дун жетекчилиги менен улуттук-саясий партия катары уюшулган. Ошол эле жылы жайында Пишпекте «Алаш» уюму түзүлгөн. Партияга Казакстандагы «улуттук автономия» ураанын көтөрүп чыккан интеллигенция өкүлдөрү: А. Байтурсынов, М. Дулатов, Ж. Досмухамедов, Х. Досмухамедов, Х. Габбасов, М. Тынышбаев, А. Ермеков, Кыргызстандан А. ''Сыдыков'' , И. ''Арабаев'', Д. Сооромбаев, С. Чукин, Н. Тулин, К. ''Тыныстанов'', И. ''Айдарбеков ''жана башкалар кирген. Партиянын программасында аймактык-улуттук автономия, жер мамилелери, билим берүү сыяктуу маселелер каралган. 1917-жылы  5‒13-декабрда Оренбургда өткөн экинчи жалпы казак курултайында улуттук автономия түзүү жана бийликке көзөмөл жүргүзүү «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн ''«Алаш Ордо»'' өкмөтүнө тапшырылган. Орол, Торгой, Семей, Жети-Суу областтарында «Алаш» партиясынын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-жылы Жети-Суу ревкому «Алаш» партиясынын областтык, уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз революциячыл совети» деп атап, 1920-жылга  чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, улуттук маданиятты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиӊиришкен.
''                                                                                                                                                                            А. Жуманалиев.''

'''«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ''' ‒ 1917-20-жылдардагы Казакстан менен Түндүк Кыргызстандагы саясий партия. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-жылы пайда болгон. 1917-жылы 21-26-июнда Оренбургда «Жалпы кыргыз» («Жалпы казак») курултайы өтүп, Алаш ''Бөкейханов''дун жетекчилиги менен улуттук-саясий партия катары уюшулган. Ошол эле жылы жайында Пишпекте «Алаш» уюму түзүлгөн. Партияга Казакстандагы «улуттук автономия» ураанын көтөрүп чыккан интеллигенция өкүлдөрү: А. Байтурсынов, М. Дулатов, Ж. Досмухамедов, Х. Досмухамедов, Х. Габбасов, М. Тынышбаев, А. Ермеков, Кыргызстандан А. ''Сыдыков'' , И. ''Арабаев'', Д. Сооромбаев, С. Чукин, Н. Тулин, К. ''Тыныстанов'', И. ''Айдарбеков ''жана башкалар кирген. Партиянын программасында аймактык-улуттук автономия, жер мамилелери, билим берүү сыяктуу маселелер каралган. 1917-жылы  5‒13-декабрда Оренбургда өткөн экинчи жалпы казак курултайында улуттук автономия түзүү жана бийликке көзөмөл жүргүзүү «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн ''«Алаш Ордо»'' өкмөтүнө тапшырылган. Орол, Торгой, Семей, Жети-Суу областтарында «Алаш» партиясынын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-жылы Жети-Суу ревкому «Алаш» партиясынын областтык, уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз революциячыл совети» деп атап, 1920-жылга  чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, улуттук маданиятты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиӊиришкен.
''                                                                                                                                                                            А. Жуманалиев.''

13:51, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ ‒ 1917-20-жылдардагы Казакстан менен Түндүк Кыргызстандагы саясий партия. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-жылы пайда болгон. 1917-жылы 21-26-июнда Оренбургда «Жалпы кыргыз» («Жалпы казак») курултайы өтүп, Алаш Бөкейхановдун жетекчилиги менен улуттук-саясий партия катары уюшулган. Ошол эле жылы жайында Пишпекте «Алаш» уюму түзүлгөн. Партияга Казакстандагы «улуттук автономия» ураанын көтөрүп чыккан интеллигенция өкүлдөрү: А. Байтурсынов, М. Дулатов, Ж. Досмухамедов, Х. Досмухамедов, Х. Габбасов, М. Тынышбаев, А. Ермеков, Кыргызстандан А. Сыдыков , И. Арабаев, Д. Сооромбаев, С. Чукин, Н. Тулин, К. Тыныстанов, И. Айдарбеков жана башкалар кирген. Партиянын программасында аймактык-улуттук автономия, жер мамилелери, билим берүү сыяктуу маселелер каралган. 1917-жылы 5‒13-декабрда Оренбургда өткөн экинчи жалпы казак курултайында улуттук автономия түзүү жана бийликке көзөмөл жүргүзүү «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн «Алаш Ордо» өкмөтүнө тапшырылган. Орол, Торгой, Семей, Жети-Суу областтарында «Алаш» партиясынын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-жылы Жети-Суу ревкому «Алаш» партиясынын областтык, уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз революциячыл совети» деп атап, 1920-жылга чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, улуттук маданиятты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиӊиришкен.
А. Жуманалиев.