Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЧАЧЫРАНДЫ ЖЫЛДЫЗ ЧОГУЛМАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:28, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– ондогон ж-а жүздөгөн (кээде миңдеген) жылдыздардан туруп, өлчөмдөрү бир нече парсекти түзгөн жылдыз чогулмаларынын бир түрү. Булар негизинен Галактиканын экватор тегиздигинде топтолуп, Күнгө салыштырмалуу ылдамдыгы чоң эмес (10 – 20 км/сек), себеби алар Күн м-н кошо Галактиканын айлануу кыймылына катышат. Ч. ж. ч-ларынын жылдыздары хим. курамы б-ча Күнгө ж-а галактика дискасынын башка жылдыздарына окшош. Ч. ж. ч-ларынын мисалы болуп Букачар топ жылдызындагы Үркөр ж-а Гиаддар эсептелет. Азыр биздин галактикада Күндөн алыс топтолуулардын абдан жаркырактары гана көрүнгөн 1000ден ашык ч. ж. ч-лары белгилүү, бирок алардын саны мындан 20 эсе көп болушу ыктымал, себеби галактика тегиздигинде чаң жарыкты жутуп алып, алыскы жылдыздарды байкоого болот.