Difference between revisions of "АТАЛА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

‒ 1) акшак, ун, талкандан жасалган даам. Акшактан (адырадан) жасалса жарма А., ал эми ундан жасалганын жылма А., кант кошулганын кече А. деп аташат. А-ны мурда көбүнчө жардылар негизги тамак-аш катары колдонушкан; 2) арпа, буудай, сулунун адырасына чары, кебегин кошуп кайнатып даярдалган малдын бардык түрү, өзгөчө жаш төл ж-а бордолуп жаткан мал үчүн кубаттуу, жагымдуу тоют. Азыркы күндө да көп жерде кышкы төлгө, бордогу малга А. беришет.